Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Өлүмгө себепкер айдоочунун жазасы жатак абакпы?


Кыргызстанда 10 жыл ичинде 45 миңден ашык жол кырсыгы катталган.
Кыргызстанда 10 жыл ичинде 45 миңден ашык жол кырсыгы катталган.

Аламүдүн райондук сотунун судьясы төрт жигиттин өмүрүн кыйган айдоочуну эркинен ажыратууну карабаган шарттуу жаза менен жатак абагына соттоду.

Жабырлануучулар муну адилетсиз өкүм катары кабыл алып, соттолуучуну өздөрү жазалоого ниеттенишүүдө. Алар айыпкер маңзат колдонгон мас абалында төрт адамдын өмүрүн кыйса да, судья Аида Балагазиеванын жол кырсыгын "этиятсыздыктан келип чыккан кылмыш" деп баалаганына нааразы. Айыпкер тараптын адвокаты сот мыйзамдын алкагында гана жаза чарасын колдонду деп жүйө келтирүүдө.

Маңзат мастыгы

Өткөн жайда болгон жол кырсыгында уулдарынан ажыраган үч эне соттун өкүмүнө нааразы болуп, “соттолуучуну өзүбүз жазалап алабыз” дегенге чейин барышты.

Айыпкер айдоочу Баги Хамид быйыл жайында 17-июнга караган түнү Бишкектин четиндеги айланма жолдо алгач бир адамды уруп кетип, андан ары жол четиндеги “Кызыл-Суу” автожуугучун сүзгөн. Натыйжада, күлгүн курактагы үч улан - Байыш уулу Адилет, Каныбай уулу Орозали жана Пайзилда уулу Мансурбек жеринде каза тапкан.

Окуянын себепкери катары кармалган айдоочу Баги Хамиддин маңзат колдонгону аныкталган. Кийин анын Москва районунун Александровка айылындагы үйүн тинтүү учурунда да 34 грамм маңзат табылган.

Жабырлануучулардын жаны кашайганда...

5-декабрда өткөн сотто маркум Мансурбектин апасы Гүлүшкан Айдарбекова сотто айыпкерге мындайча кайрылды:

- Эмне үчүн бир адамды тебелеп кеткенден кийин токтобойсуң? Эмнеге машинеңдин фарасын өчүрүп туруп, кайра качып баратып автожуугучтагы үч адамды сүзгөнсүң? Үйүңдөн маңзат табылып, экспертиза каныңдан маңзат чыкканын тастыктаса да жаныбызды кашайтып, калп сүйлөп жатасың. Сен кимге ишенесиң?

Айыпталуучу машинеси менен койгон адамдын туугандары сотко арызданган эмес. Сотто каза болгон берки үч уландын жакындары гана жабырлануучу катары өттү.

Айыпкер Баги Хамид сотто төрт адамдын өлүмүнө алып келген өзүнүн күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна аларын белгиледи. Бирок окуя болгонго чейин маңзатын колдонбогонун айтып, үйүнөн марихуана табылганы боюнча маалыматты четке какты. Ошол эле кезде соттолуучу Баги Хамид жол кырсыгынын чыныгы себебин эстей албастыгын айтып, окуя тууралуу кыскача гана баяндады:

- Кошунам Кантка өзүнүн сүйлөшкөн кызына чогуу барып келүүбүздү суранды. Ал жакта бир сааттай болдук. Үйгө кайтып келатканда ушул окуя болду. Эртеси ооруканада гана эсиме келдим. Эмне болуп кеткенин билбейм. Бирок мен маңзат колдонбойм. Ага чейин эки күн айдоо талаасында иштеп чарчадым эле. Ушундай болуп кетти. Кечиргиле.

Багинин багына чыккан өкүм

Соттолуучу Баги Хамидге Кылмыш-жаза кодексинин 281 - 141 - 246-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. 5-декабрдагы сот жыйынында мамлекеттик айыптоочу Тынчтыкбек Сүйүналиев жол кырсыгы этиятсыздыктан келип чыккан кылмыш экенин эске алып, айыпкерге эркинен ажыратпастан, жатак абагында кармоо жазасын берүүнү соттон өтүндү.

Жабырлануучу тараптын адвокаты Жыргал Бабаев, тескерисинче, Баги Хамиддин абалын оорлотуучу жагдайларды эске алуу зарылдыгына токтолду:

- Баги Хамиддин жүрүм-турумун жана ал жасаган кылмышынын оордугун эмдигиче сезбей жатканын жана жабырлануучуларды тоготпогон абалын эске алыңыздар. Ушул күнгө чейин жабырлануучулардан бир дагы жолу кечирим сурап койгон эмес. Окуя болгон учурда маңзатына мас экени экспертизада изилденген каны аркылуу аныкталган. Ага кошумча үйүнөн маңзаты табылган. Анан эми ошонун бардыгын сотто танып кетүү мүмкүн эмес да. Мына ошондуктан анын оорлотуучу жагдайын эске алуу менен жаза чарасы чегерилиши керек.

Жатак абагына "жалганган" өкүм

Айыпкердин адвокаты болсо анын мурда соттолбогонун жана кылмыштын этиятсыздыктан келип чыккан жагдайын эске алуу менен ага жумшак жаза чарасын берүүнү соттон сурады.

Эмне үчүн бир адамды тебелеп кеткенден кийин токтобойсуң? Эмнеге машинеңдин фарасын өчүрүп туруп, кайра качып баратып автожуугучтагы үч адамды сүзгөнсүң?

Аламүдүн райондук сотунун судьясы Аида Балагазиева өзүнүн өкүмүндө айыпкердин адвокатынын өтүнүчүн көбүрөөк эске алуу менен Баги Хамидге жатак абагында жаза өтөө чарасын чыгарды. Бул этиятсыздыктан келип чыккан кылмыштарга колдонулуп, айыпкерге чектөө чарасын гана карап, бирок соттолуучуну эркиндигинен ажыратпайт. Мына ушуга байланыштуу жабырлануучу Байыш Бокобаев соттун өкүмүнө нааразы болду:

- Мына бул кылмыш беренелерин башынан эле жеңил коюп, анан эми кылмыш санкцияларын колдонууда сот биротоло айыпкердин абалын жеңилдетүүгө ык койгону байкалып калды. Болбосо кантип маңзаты анын канынан чыгып жатса, үйүн тинтигенде табылса, ошого карабастан бизди маскаралагансып соттолуучуга мына ушундай жаза чыгарсын? Бул адилетсиздик.

Ошол эле кезде сот жол кырсыгына байланыштуу кылмыштардын бардыгы этиятсыздык катары караларын айтып, андан жогору жаза берүүгө мыйзам жол бербестигин кошумчалады. Бирок адистер Аламүдүн райондук сотунун судьясы Аида Балагазиева соттолуучунун айыбы кыянатчылык менен байланыштуу болгонуна карабастан ага этиятсыздыктан келип чыккан кылмыштын жеңил жаза чарасы чегерилгенин мисал келтиришүүдө.

Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институт жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгына таянсак, Кыргызстанда 10 жыл ичинде 45 миңден ашык жол кырсыгы катталып, андан 10 167 киши каза таап, 61 580 адам жаракат алган.

XS
SM
MD
LG