Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

ИИМ күбөлөрдү коргогон башкармалык түздү


Ички иштер министрлигинин айтымында, кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү делген Камчы Көлбаевдин ишинде көпчүлүк күбөлөр баштапкы көрсөтмөлөрүн сотко келгенде өзгөртүп жиберген. Көлбаевдин сот процесси. 18-апрель, 2013-жыл

Ички иштер министрлигинин айтымында, кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү делген Камчы Көлбаевдин ишинде көпчүлүк күбөлөр баштапкы көрсөтмөлөрүн сотко келгенде өзгөртүп жиберген. Көлбаевдин сот процесси. 18-апрель, 2013-жыл

Кыргызстанда чуулгандуу кылмыш иштери аягына чыкпай калган учурлар арбын. Буга күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка адамдардын сотто мурда берген көсөтмөлөрүнөн кайра баш тарткан учурлары себеп болууда.

Анткени айыпталуучу тараптын түрдүү жолдор менен күбөлөргө кысым жасаган учурлары болуп жатканын укук коргоо органдары белгилешет.

Эми мында ары күбөлөр менен жаңы ачылган ИИМдин алдындагы Күбөлөрдү коргоо башкармалыгы иш алып барат. Аталган башкармалык өкмөт токтомунун негизинде түзүлдү.

Акыркы кезде сот иштеринде күбөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч келген учурлар болуп, алар тергөө маалында берген көрсөтмөлөрүн соттук териштирүүгө келгенде өзгөртүүгө аргасыз болууда.

Камчы Көлбаев

Камчы Көлбаев

Буга мисал катары Ички иштер министрлиги кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү делген Камчы Көлбаевдин ишин келтирүүдө. Анда көпчүлүк күбөлөр баштапкы көрсөтмөлөрүн сотко келгенде өзгөрткөн эле. Анын айынан Көлбаевге коюлган айыптардын айрымдары сотто далилденбей калган.

Жаңы ачылган башкармалыктын жетекчисинин орун басары Нурлан Абдылдаев бөлүмгө дасыккан адистер тандалганын айтып, эми алар чуулгандуу иштерди аягына чыгарууга көмөктөшөт деген ойдо.

- Маселен бирөөнү карактап кетсе, ал милицияга кайрылат. Ал эми милиция ал ишке тиешелүү кылмышкерлерди кармап, иш сотко жеткенде жабырлануучу да, күбө дагы коркобу билбейм, баштапкы арызын кайтарып алат. Анткени аларга карата коркутуулар болоорун угуп жүрөбүз. Биздин башкармалык эми ушул сыяктуу учурларга жол бербейт. Биз бардык күбөнүн, кала берсе тергөөчүнүн дагы коопсуздугун коргой алабыз. Азыр адистер даяр, буюрса иштеп баштадык.

Ички иштер министрлигиндеги жаңы ачылган күбөлөрдү коргоо башкармалыгы тергөө жүрүп жактан учурда күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана иликтөө жүргүзүп жаткан тергөөчүлөрдүн дагы коопсуздугун камсыздайт. Күбөлөрдүн коопсуздугу корголбогондуктан, айрыкча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата иликтөө иши татаалдашып жатканын моюнга алышууда.

Кыргызстанда 2006-жылдан тартып, күбөлөрдүн жана жабырлануучулардын укуктарын коргоо мыйзамы күчүнө кирген. Бирок, адам укугун коргоочулардын айтымында, бул мыйзам иш жүзүндө аткарылбай келет. Укук коргоочулар бул башкармалыктын зарылчылыгы бар, бирок анын чынында канчалык деңгээлде иштеринен күмөн санап турушат. “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова мындай ойдо:

Азиза Абдирасулова.

Азиза Абдирасулова.

- Азыр кылмыштуу топтордун жасаган ишин көргөн эмес, алардан жабыр таркандар дагы корголбойт. Эми күбөлөр кээде өмүр бою коркунучта жүрүшү ыктымал. Бул тармакта биздин тажрыйбабыз жок. Жаңыдан түзүлүп жаткан башкармалык кандай иштейт азыр айтуу кыйын. Себеби, бул системаны иштетүүгө олуттуу мамиле жана аракет керек.

Кыргызстанда жарандардын дээрлик көпчүлүгү күбө болгондон баш тартышат. Анткени алар укугу, коопсуздугу жетиштүү корголоруна ишенишпейт. Айрым өлкөлөрдө тергөөдө көрсөтмө берген адамга кысым жасалган учурда ага өзүнчө жаза каралган. Муну мисал кылган мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун ИИМде жаңы ачылган башкармалыктын иши майнаптуу болушу үчүн күчтүү мыйзам зарыл экендигин белгилейт.

Турсунбек Акун.

Турсунбек Акун.

- Күбөлөрдү коргоо боюнча азыр эч кандай иштер аткарылган жок. Андай түшүнүк дагы жокко эсе. Азыр күбөлөрдү коркутмак турсун өлтүрүп кеткен учурлар бар. Эми башкармалыктын иши натыйжалуу болушу үчүн парламент кошумча күчтүү мыйзам кабыл алып бериши керек. Күбөлөрдү кысымга алгандар өзүнчө кылмыш менен 5-10 жылга кесилгидей мыйзам керек. Антпесе азыр эч ким күбө болгусу келбей калган.

Жаңы башкармалыктын маалыматына ылайык, мындан ары тергөө убагында жабырлануучулардын, күбөлөрдүн ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаралса, алар коопсуз жактарга көчүрүлөт. Эгер бирөө өзгөчө кооптуу кылмыш иши тууралуу көрсөтмө берип жаткан болсо, ага жаңы ысым менен башка паспорт берүү жагы да каралган. Ошондой эле мындай адамдар КМШ өлкөлөрүнө чыгарылып, убактылуу жашырылышы да мүмкүн.

Жаңы түзүлгөн башкармалыкка ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 12 миң еврого техникалык жабдыктарды алып берди.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG