Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Кыргызстан эл аралык уюмдардын сынында


Дүйнөдө басма сөздүн абалына байкоо салган Freedom House эл аралык уюму жарыялаган жылдык баяндамасында Кыргызстан быйыл басма сөзү эркин эмес делген өлкөлөрдүн катарына кирди.
Дүйнөдө басма сөздүн абалына байкоо салган Freedom House эл аралык уюму жарыялаган жылдык баяндамасында Кыргызстан быйыл басма сөзү эркин эмес делген өлкөлөрдүн катарына кирди.

Анда 2014-жылы Кыргызстандын эл аралык рейтингдердеги алган ордуна сереп салабыз.

Коррупция: күрөш бар, жыйынтык сезилбейт

Эл аралык Transparency International уюму дүйнөдөгү коррупциянын деңгээли боюнча жарыялаган баяндамада Кыргызстан быйыл 136-орунду ээледи. 175 өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоодо Кыргызстан 27 упай менен жемкордуктун деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарынан орун алды. Былтыр 24 упай менен 150-орунду ээлеген эле. Уюм өкүлдөрү бул 14 тепкичтик алга жылууга кубануу али эрте экенин эскертет. Анткени өлкөдө коррупциянын жайылышына ыңгайлуу шарттар дале толтура.

Бийликти жемкорлук менен күрөштө чабал иш жүргүзүүдө деп сындап келишет.
Бийликти жемкорлук менен күрөштө чабал иш жүргүзүүдө деп сындап келишет.

Бийлик болсо коррупциянын түпкү себеби менен эмес, анын кесепети менен күрөшүүгө гана аракет кылып жатканы айтылат изилдөөдө.

Анткен менен президент Алмазбек Атамбаев Transparency International уюмунун рейтингиндеги алга жылууну өлкөнүн узап бара жаткан жылдагы маанилүү жетишкендиги катары баалап, бул багыттагы күрөш улантылат деп убада берди.

Сөз эркиндиги: Борбор Азияда Кыргызстан алдыда

Дүйнөдө басма сөздүн абалына байкоо салган Freedom House эл аралык уюму жарыялаган жылдык баяндамасында Кыргызстан быйыл басма сөзү эркин эмес делген өлкөлөрдүн катарына кирди. 197 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 147- орунду ээледи. Былтыр 158-орунда эле. Уюмдун сөз эркиндиги боюнча долбоорунун жетекчиси Карин Карлекардын билдиришинче, сөз эркиндиги кысымга алынып жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда оң өзгөрүүлөрдү байкоого болот:

- Аймактагы беш өлкөнүн ичинен Түркмөнстан жана Өзбекстандагы басма сөздүн абалын “эң начар” деп сыпаттай алабыз. Казакстан менен Тажикстанда деле абал жакшы эмес. Бул жагынан Кыргызстанды аймактагы өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы деп айтсак болот. Ал эркин эмес өлкөлөрдүн катарында турса да башкаларга салыштырмалуу жакшы деп баалай алабыз. Бул жылы Кыргызстанда бир катар оң өзгөрүүлөрдү байкай алдык.

Ошентсе да бул уюм быйыл Кыргызстанда күчүнө кирген-атайылап жалган маалымат тараткан үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзамга камтамачылыгын билдирди. Анда Freedom House уюмунун өкүлү бул мыйзам Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектөөгө жол ачышы мүмкүн деп тынчсызданып, мамлекеттин акыркы жылдардагы сөз эркиндиги боюнча көрсөткүчүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгилеген.

Ал эми сөз эркиндиги жаатындагы дагы бир рейтингди “Чек арасыз кабарчылар” уюму жарыялады. Анда Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 97-орунду камсыз кылып, былтыркыга салыштырганда тогуз тепкич өйдө көтөрүлдү.

Ишкерликке жагымдуу шарт жарала элек

Ал эми ишкерлик үчүн түзүлгөн шарттарды иликтеген Дүйнөлүк банктын Doing Business рейтинги боюнча Кыргызстан үч кадам артка кетип, быйылкы жылы 102-орунду ээледи. Былтыр 99-орунга жайгаштырылган. Баяндаманы даярдагандар Кыргызстанда ишкерликти жеңилдетүү боюнча батыл реформалар жүрбөй жатканын белгилешет.

Оштогу машина базар
Оштогу машина базар

Рейтингде өлкөдө курулуш баштоого уруксат берүү, ишканаларды электрге кошуу сыяктуу иштерде алга жылуу байкалганы менен эл аралык соода, насыя алуу боюнча абал начарлаганы маалым болду. Бул рейтинг дүйнө жүзүндөгү 189 өлкөдөгү абалды иликтейт. Ошондой эле экономикалык жааттагы дагы бир рейтингди кадыр-барктуу The Wall Street Journal гезити жана Heritage фонду дүйнө өлкөлөрүндөгү экономикалык эркиндик боюнча изилдөөсүн жарыялады. 178 өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоо жыйынтыгында Кыргызстан быйыл 85-орунда жайгашты. Бул - абал былтыркыга караганда төрт позицияга жакшырды дегенди билдирет.

Кыргызстан кооптуу өлкөлөрдүн катарында

АКШдагы Тынчтык фонду жарыялаган рейтингде дүйнөдөгү 178 өлкөдөгү туруктуу жана тынч жашоонун деңгээли изилденген. Анда Кыргызстан 58-орунду ээлеп, туруктуулугу кооптуу абалда турган өлкөлөрдүн арасынан орун алды. Бул - жагдай былтыркыга караганда 10 сапка жакшырганын билдирет.

Эл аралык рейтингдин башында эң туруксуз, мамлекеттик түзүлүшү жок болуп кетчү абалдагы өлкөлөр турса, акыркы орундарды стабилдүү, туруктуу өнүгүү жолундагы мамлекеттер ээлейт.

Кыргыз бийликтери болсо 2010-жылдагы окуялардан бери өлкө быйыл толугу менен стабилдүүлүк орноп, же туруктуу өнүгүү жолуна түштү деп билдирип келет.

Гендердик теңчилик: 147ден 67-орунда

Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум жүргүзгөн гендердик теңчилик боюнча баяндамада Кыргызстанда бул жаатта абал начарлаганы дайын болду. 147 өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоодо Кыргызстан 67-орунду ээлеген. Былтыр 63-орунда болчу. Рейтинг төрт критерий: аялдардын саясий жана коомдук иштерге аралашуусу, билим алуу мүмкүнчүлүгү, экономикадагы орду жана саламаттыгы менен жашоо узактыгынын негизинде аныкталат. Кыргыз аялдарынын коомдогу акыбалы ошентип, мурунку жылга салыштырмалуу бир аз начарлай түшкөн десек болот.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG