Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:05

Өкмөт мүчөсүнүн Кытай менен визасыз режим киргизүү тууралуу айтканы коомчулуктун катуу реакциясын пайда кылды. Экономика министри Арзыбек Кожошев Кытайдагы иш сапарында эгер визасыз режим киргизилсе, Кыргызстанга жыл сайын миллионго жакын турист келиши мүмкүн экенин айткан.

Премьер-министр Сариев баштаган өкмөттүк делегациянын курамына кирген экономика министри Арзыбек Кожошев Кытайдагы иш сапар маалында “Азаттыктын” кабарчысына комментарий берип жатып, Кыргызстан Кытай менен визасыз режимди киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айткан.

- Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 60 мамлекеттин жарандары визасыз кирип чыгууда. Кытай мамлекети менен бул маселе боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок, өзүңөр билгендей, бул жерде анча-мынча коопсуздуктар бар. Бирок бул маселе да, кудай буйруса, келечекте чечиле турган маселе деп ойлойм, - деди Кожошев.​

Кожошевдин өкмөттүн атынан айткан мындай билдирүүсү Кыргызстанда кызуу талкууга жем таштады. Бишкекке келген соң министр визасыз режим тууралуу анын сөзүн бурмалап салышкан деп журналисттерге күнөөнү оодарды.

Министрдин сөзүнө улай жарандык активисттер жакынкы өлкөлөрдөн келгендерге ансыз да көзөмөл чабал экенин, ага кошумча коопсуздук маселеси күндөн күнгө курчуп баратканын айтып сындашууда. Кыргызстан жыл сайын чет өлкөлүк жумушчулар үчүн 12 миң квота берет. Расмий маалыматтар боюнча бул квотанын 70% жакынын кытайлык жарандар алат. Миллиарддан ашкан калкы бар коңшу өлкө менен визасыз режимди киргизүүнүн опуртал жактарына токтолгон жарандык активист Мавлян Аскарбеков өкмөт мүчөсүнүн сунушун коопсуздукка коркунуч келтирет деп баалайт:

- Ашып кетсе беш жылдын ичинде миллиондогон кытай жарандары кирип, биздин жарандыкты алышы мүмкүн. Бул коопсуздукка чоң коркунуч келтире турган маселе. Мындай кырдаалга биз караманча каршыбыз. Ал эми Кытай бул маселеге кызыкдар болуп жатат.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев Кытай менен визасыз режим орносо, ири өлкөнүн ички коркунчутары Кыргызстанга түздөн-түз таасир этиши мүмкүн деп чочулайт:

- Визаны алып салабыз деген туура эмес. Ал өлкөнүн ичинде тынч эмес, мисалы, уйгур сепартисттери сыяктуу коркунучтар, ар кандай жардыруулар болуп атат. Мындай коркунуч бар.

Министрдин сөзү социалдык тармактарда өтө кызуу талкууланууда. Авазбек Саитмуратов деген колдонуучу “Улуттук коопсуздук деген түшүнүктү ойлонуп да көрбөгөн, 1,5 миллиард калкы менен Кытайдын чоңураак бир айылындай болгон мамлекетибизди ойлобогон, бул алардын максаттарынын бири экендигин билип туруп жасаган бул министр сөрөйдүн, чабал өкмөттүн кылыгын кара! – деп Фейсбукка ачуулана жазса, Искен Афиджанов “Бул аткаминер өзүнүн мындай сунушу менен миллиарддан ашуун калктуу Кытайдын алдында биздин мамлекетти эгемендигинен айрылууга түртүп жатат” деп жазат.

Өкмөт учурдагы экономикалык кыйын кезеңден чыгуунун ар кыл жолун караштырууда. Коррупциянын чеңгээли тамыр жайган өлкөгө ири инвесторлорду тартуу кыйла оор болуп жатканын эл дагы, өкмөт дагы мойнуна алат. Кандай болгон маалда дагы миң жылдан ашуун тарыхы бар мамлекеттин эгемендигин сактоо, улуттун келечеги стратегиялык маселе экенин мамлекеттик жана коомдук ишмер Кемел Ашыралиев белгилейт:

- Албетте, Кытай бизге жардам берип жатат. Бирок аларга карата мындай мамиле кылбаш керек. Алар каптап кетсе кандай болот? Эл арасында нааразычылык күчөп кетет.

Буга чейин Кыргызстандагы кытай жарандарынын мыйзамсыз иштерине каршы бир канча жолу нааразылыктар, митингдер да болгон. Расмий маалыматтарга таянсак, өлкөдө 20 миңге жакын кытай жараны бар. Көз карандысыз байкоочулар иш жүзүндө алардын саны мындан кыйла көп деп белгилешет.

Бир ай мурун өткөн коррупция боюнча координациялык кеңештин жыйынында чет өлкөдөн Кыргызстанга келген мигранттарды кабыл алуудагы коррупциялык схемалар тууралуу да сөз болгон. Анда айрым чет элдиктер Кыргызстанда жүрүүнүн мыйзамсыз жолун тандашары, ага укук коргоо органдары өздөрү кол кабыш кылары сындалган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча быйылкы жылдын тогуз айында 160 миң чет өлкөлүккө кыргыз виза берилген. Бирок виза алгандар өз убагында Кыргызстандан чыгып кетип жатканы тууралуу кыргыз бийлигинин ушул күндө статистикасы да, жообу да жок.

Макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG