Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:15

Кытайга карыз 2 млрд. долларга жакындады


Кытай төрагасы Си Цзинпин жана Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, Бишкек, 10-сентябрь, 2013-жыл
Кытай төрагасы Си Цзинпин жана Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, Бишкек, 10-сентябрь, 2013-жыл

Кыргызстандын акча-финансы тармагы татаал мезгилди башынан кечирүүдө. Бир жагынан сомдун девальвациясы токтобой жатса, экинчи жагынан тышкы карыздын көлөмү өсүүдө.

Каржы министри Ольга Лаврованын маалымдоосуна караганда, Кыргызстандын Кытайга эле карызы 1 млрд. 800 млн. долларга жетти. Анын ичинен Кыргызстанга Кытайдан келген каражат 1 млрд. 116 млн. долларга жакын сумманы түзөрүн министрликтин маалымат катчысы Назарбек Малаев тастыктады:

- Жалпы келишимдер 1 млрд. 800 млн. долларга түзүлгөн. Иш жүзүндө келип түшкөнү 1 млрд. 115 млн. долларды түзөт. Бул - түшкөн сумма.

Кытай акыркы кезде Кыргызстандын эң ири насыя берүүчүсүнө айланды. Кошуна өлкөнүн насыялары менен Кыргызстан альтернативдүү түндүк-түштүк жолун, Датка көмөкчү чордонун курууда, Датка-Кемин электр зымын тартуу жана Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо иштери жүрүп жатат.

Кытай ишкерлери
Кытай ишкерлери

Кыргызстандын Кытайга карызы боюнча эки түрдүү сан айтып эле жаткандай эле республиканын башка мамлекеттерге карыз боюнча да эки башка сандар айтылып келет. Ошондуктан азыркы кезде мамлекеттин тышкы карызынын өлчөмү канча экенин айтуу кыйын.

Бирок жөнөкөй эле эсептер жана фактылар тышкы карыздын өлчөмү Каржы министрлигинин сайтында көрсөтүлгөн суммадан бир топ көп экенин аныктайт.

Маселен, Каржы министрлигинин расмий билдирүүсү боюнча, 2015-жылдын башына карай тышкы карыздын өлчөмү 3 млрд. 437 млн. долларды түздү. Бул Кыргызстандын 2014-жылкы ички дүң продукциясынын 51% барабар.

Бирок 3 млрд. 437 млн. доллардын ичине Кытайдан Кыргызстанга өткөн жылдары түшкөн 1 млрд. 116 млн. доллар гана киргизилген. Ольга Лаврованын эсеби боюнча келген жана келип жаткан Кытай насыяларынын өлчөмү 1 млрд. 800 млн. долларга жеткен.

Тогуз-Тородо иштеген кытайлар
Тогуз-Тородо иштеген кытайлар

Орусияга Кыргызстандын карызы да 300 млн. доллар деп гана көрсөтүлгөн. Чындыгында өткөн жылы Орусиядан жаңыдан 100 млн. доллар түштү. Андан сырткары Бажы биримдигине кирүү үчүн 200 млн. доллар, Жогорку Нарын ГЭСтери үчүн бөлүнгөн каражаттар да түшүүдө.

Азия өнүктүрүү банкынан Токтогул ГЭСин реабилитациялоо үчүн да жакында эле 110 млн. доллар бөлүндү.

Мына ушул суммалардын баарын кошуп келгенде Кыргызстандын тышкы карызы 4.5 млрд. долларга жакындап барганы анык болот. Буга 200 млн. доллардан ашуун ички карыз кошулат.

Мамлекетти артка тарткан жүк

Каржы министрлигинин байкоочу кеңешинин төрагасы Бакыт Сатыбеков быйылкы жылы Кыргызстандын тышкы карызынын өлчөмү мыйзам чектеген ИДПнын 60% ашат дейт:

- Менин оюмча, босогону алар быйыл ашып түшөт. Ошондуктан мыйзамды өзгөртүшөт. Бул аргасыздык. Бирок карызды көбөйтүү Каржы министрлигинин тышкы карызды башкаруудагы тартипсиздигин көрсөтөт.

Бакыт Сатыбеков тышкы карыздын өлчөмү ички дүң продукциянын 60% ашканы олуттуу коркунуч жаратпайт деп эсептейт. Бирок мамлекет үчүн оорчулук алып келет.

2015-жылдын башына карай тышкы карыздын өлчөмү 3 млрд. 437 млн. долларды түздү.
2015-жылдын башына карай тышкы карыздын өлчөмү 3 млрд. 437 млн. долларды түздү.

Быйылкы жылы эле мамлекет бюджетинен карыздарды төлөө үчүн 15 млрд. 700 млн. сом бөлүнгөнү маалым. Салыштырып көргөндө бул Кумтөр Кыргызстанга төлөп жаткан салыктан эки эсе көп.

Кыргызстандын тышкы карызынын өлчөмүн доллардын курсунун көтөрүлүшү да көбөйтүүдө. Анткени Кыргызстан сырттан карызды доллар менен алып, кийин ички базардан доллар сатып алып төлөйт.

Бүгүнкү күндө доллардын сомго карата курсу көтөрүлүп, бир доллар 62 сом 60 тыйынга сатылып калганы маалым.

Улуттук банк курсту кармоо үчүн эки айдын ичинде үч-төрт жолу ири өлчөмдө интервенция жасады. Өткөн айда 48 млн. доллардын тегерегинде сатса, 16-мартта 25 млн. долларга жакын интервенциялады.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG