Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:46

Кыргызстандын тышкы карызы ылдам өсүп, улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган чекке жетип калганы кабарланды.

Каржы министри Ольга Лаврованын маалыматы боюнча тышкы карыздын өлчөмү ички дүң продукциянын 60% жакындап баратат. Кыргызстандын кайсы өлкөлөрдөн жана каржы уюмдарынан карызы көп?

Тышкы карыздын көлөмү ички дүң продукциясынын көлөмүнүн 60% аша баштаганда улуттук коопсуздукка коркунуч келтире баштайт. Ошондуктан тышкы карыз ички дүң продукциянын 60% ашпаш керек деген мыйзам кабыл алынган. Каржы министри Ольга Лаврованын билдирүүсүнө караганда, азыркы кезде Кыргызстандын тышкы карызы 60% жакындап баратат.

Кыргызстанды ички дүң продукциянын көлөмү быйылкы жылдын он айында 308 млрд. сомдон ашты. Жыл аягына чейин ал 376 млрд. сомдун тегерегинде болуш керек. Статистикалык комитеттин жана бюджеттин көрсөтмөлөрүнө ылайык ушундай болот. Ал эми тышкы карыз 3 млрд. 400 млн. доллардан ашып баратат. Доллардын курсунун өсүшү тышкы карызды дагы көбөйтүүдө. Азыркы курс менен эсептегенде 3 млрд. 400 млн. доллар 200 млрд. сомго жакындап барат. Ички карыз кошулганда мамлекеттин карызы 213 млрд. сомго жакындап барат. Демек, каржы министри эскерткендей, мамлекеттин карыздары ички дүң продукциянын 50 пайызынан алда качан ашып, 60% жакындап баратат.

ГЭСтерди калыбына келтирүү үчүн да насыялар алынып жатат

ГЭСтерди калыбына келтирүү үчүн да насыялар алынып жатат

Тышкы карыздын структурасын карап көргөндө, Кыргызстан Кытайдан карызды эң көп алганы байкалат. Маселен, бүгүнкү күнгө карай Бишкектин Бээжинге карызы 1 млрд. 42 млн. долларды түзөт. Ал карыз өсүү жолунда. Анткени Кытайдан алына турган насыялар толук алынып бүтө элек. Кытайдан сырткары Орусиядан 300 млн. доллар, Жапониядан 253 млн. доллар, Германия жана Түркиядан 100 млн. доллардан карыз алынган.

Көп тараптуу насыялардын ичинен биринчи орунда Дүйнөлүк банк турат. Бул банктан 700 млн. долларга жакын, 600 млн. долларга жакын Азия банкынан жана 200 млн. долларга жакын Эл аралык валюта корунан алынган карыз бар.

Бүгүнкү күндө кыргыз өкмөтү Казакстандан 100 млн. доллар, Орусиядан 500 млн. доллар жардам алуунун үстүндө иштеп жатат. Андан сырткары кыштан чыгуу, ГЭСтерди калыбына келтирүү үчүн да насыялар алынып жатканы маалым.

"Карыз алалбай калабыз"

Каржы министрлигинин маалымат катчысы Назарбек Малаевдин айтымында, жылдын аягына карай Кыргызстандын тышкы карызы 3 млрд. 700 млн. долларга жетиши күтүлүүдө:

- Жылдын аягына чейин биздин тышкы карыз 3 млрд. 400 млн. доллардан 3 млрд. 700 млн. долларга жетиши күтүлөт. Ал болсо эсептөөлөр боюнча ички дүң продукцияга карата 54 пайыздан 58% чейин болушу мүмкүн.

Малаев Каржы министрлиги тышкы карыздын көлөмүн 60% жеткирбөө үчүн тийиштүү аракеттерди жасап жатканын белгиледи.

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов тышкы карыздын көбөйүүсүнөн улам пайда болгон тобокелчиликтер тууралуу буларды билдирди:

- Бул иштебеген экономиканы кулатып түшүүсү менен коркунучтуу. Ошондуктан 60% деп бекеринен коюлган эмес. Андан ашса биздин экономика кулайт. Муну дүйнөлүк экономикалык практика көрсөтүп турат. Бизде да ошондой. Эмдиги жылы биз карыз алалбай калабыз. Эгер алсак чоң кризиске туш келебиз. Ошол эле убакта бизге эч кандай инвестиция келбей калды.

Өмүрбек Абдырахмановдун пикиринде, финансы жана экономикада кырдаалды оорлоткон жагдай Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү менен күчөйт. Анткени Орусия өзү кыйынчылыктарга туш болуп, оор кризистин алдында турат. Ошондуктан мындай мезгилде Кыргызстан Монголия сымал өзүнчө өнүгүүнү тандап, реформаларды жүргүзүү менен барыш керек эле.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, тышкы карыздын көбөйүшү аны төлөө проблемасын жаратат. Кыргызстан 2003-2004-жылдагыдай Париж клубу жана ХИПИК сыяктуу программаларга кайрылууга аргасыз болот. Ал эми Кытайдан карыздын көбөйүшү келечекте саясий маселелерди жаратышы менен да опурталдуу. Ошондуктан Кыргызстан карызды инфраструктурага эмес, завод-фабрикаларды курууга, кайтарымы тез боло турган долбоорлорго алганы максатка ылайыктуу.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG