Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:13

Кыргыз валютасы доллар жана еврого карата күчүн тынымсыз жоготуп баратат. Бүгүнкү күндө бир доллардын баасы 58 сомго чыкты.

Орус рублинин артынан кыргыз сому да тынымсыз кунун жоготуп баратат. Акча алмаштыруучу жайлар күн сайын жаңы бааларды белгилеп, азыркы мезгилге карай бир доллардын баасы 58 сомго чыкты.

Эң башкысы анын токтоор чеги белгисиз болуп, сомго карата ишенимдин кетишине жана калктын валюта сатып алуусуна алып келүүдө. Бул дүрбөлөң көчкү эффектисин жаратып, сомдун кунун ого бетер кетириши менен опурталдуу.

Улуттук банк доллардын ээ-жаа бербей бараткан толкунун басуу үчүн улам-улам интервенция жасоодо. Бирок анын натыйжасы азырынча көп байкала элек.

Октябрь айынын ичинде эле Улуттук банк сомдун курсун кармоо үчүн 50 млн. долларга жакын интервенция жасаган. Анын ичинде акыркы эки күндө 35 млн. 450 миң доллар интервенциялаган.

Улуттук банк курсту кармап калуу үчүн “учёттук ставканы” же коммерциялык банктарга берген насыясынын үстөк пайызын дагы жети пайыздан тогуз пайызга көтөрдү.

Бул чаранын тескери да таасири болот. Анткени ал коммерциялык банктардын насыяларынын кымбатташына алып келет. Насыялар кымбаттаса, ишкерлик үчүн шарт катаалдайт.

Бүгүнкү күнгө карай айрым коммерциялык банктар сом менен насыя берүүнү чектеп коюшту. Маселен, алар сом менен болгону 100 миң сомдук гана насыя беришет. Бул чектөөлөр канчага чейин созулары белгисиз экенин Бишкектеги коммерциялык банктардын биринен айтышты.

Тышкы карыз көбөйөт

Улуттук валютанын күчүнүн кетиши өкмөткө да түйшүктү көбөйтөт. Өзгөчө тышкы карыздарды төлөөдө. Белгилүү болгондой, бюджет түзүлгөндө тышкы карызды төлөө үчүн улуттук валюта сом менен атайын каражат эсептелип чегерилет, бирок доллар менен төлөнөт.

Быйылкы жылы карызга 15 млрд. сомдон ашуун каражат каралган. Ал эми доллардын курсу 51 сомдун тегерегинде эсептелген. Эми доллардын курсу 51 сом эмес, 58 сом болуп калганда тышкы карыз кымбаттайт. Маселен, 51 сом курс менен 15 млрд. сомго 300 млн. долларга жакын карыз төлөнсө, 58 сомдук курс менен 258 млн. долларлык гана карыз төлөнөт.

Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Улукбек Кочкоров доллардын курсунун өсүшү менен тышкы карыздын баасы кымбатташын тастыктап, ошол эле мезгилде сомдун курсу үчүн жалгыз эле Улуттук банк жооп бербейт деген пикирин билдирди:

Улукбек Кочкоров.

Улукбек Кочкоров.

- Өкмөт да, эл да курстун өсүшүн Улуттук банкка байлап алганбыз. Бирок бул туура эмес. Кыска мөөнөткө Улуттук банк курсту турукташтырып, кескин өсүп кетпеш үчүн чараларды көрөт. Бирок негизинен курстун түшүшү же өсүшү экономика менен тыгыз байланышта. Бүгүнкү экономикалык көрсөткүчтөрдү карасак, биз импорттун эсебинен жашап калган мамлекет болуп калдык. Маселен, төрт долларлык товар алып кирсек, бир долларлык товарды алып чыгып атабыз. Бул эмнени билдирет, бир доллар биздин экономикага кирип атат, ошол эле учурда төрт доллар импорттук товарга кетип атат.

Улукбек Кочкоровдун пикиринде, бул тенденцияны жоюу үчүн өкмөт импорттун ордун жабуу, экспортту көбөйтүү багытында иштерди жүргүзүш керек. Ага инвестиция тартуу, инвестициялык шарттарды жакшыртуу, жумушчу орундарын түзүү аркылуу жетишүү мүмкүн. Бирок бул багытта өкмөттүн алгылыктуу иши байкалбайт.

Сомдун күчү кеткен шартта Каржы министрлиги быйылкы жылдын бюджетинин чыгашасын 12 млрд. 774 млн. сомго көбөйтүүнү чечип, тийиштүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жолдоду. Чыгашалардын мынчалык көбөйүшүнүн бир себеби тышкы карызды төлөө үчүн көбүрөөк каражат талап кылынышында экенин адистер тастыктоодо.

Мигранттардын акчасы азайды

Кыргызстандын тышкы соодасындагы үч-төрт эсе тескери сальдону эмгек мигранттарынын акча которуулары жана көмүскө экономика кайсы бир деңгээлде жаап, сомдун курсун басымдан сактап келген. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын сегиз айында Кыргызстандын экспорту 946 млн. доллар болсо, импорту 3 млрд. 446 млн. доллар болгон. Мына ушул терс сальдо улуттук валютаны алсыраткан негизги фактор экени айтылууда.

Буга кошул-ташыл болуп, рублдин күчүнүн кетиши менен кыргызстандык мигранттардын кирешеси да кыскарууда. Маселен, эгерде алар 30 миң рубль айлыкка иштеп, ал өткөн айларда эле миң доллар болсо, азыр 700 долларга жетпей калууда.

Өлкөнүн мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров улуттук валютанын күчүнүн кетүүсү инфляциянын өсүп кетүүсү менен коркунучтуу дейт:

- Коркунучтуусу - инфляция көбөйүп кетет. Баалардын өсүшү күтүлүүдө. Анткени биз тамак-аштын баарын долларга сатып алабыз. Доллар канчалык бекем болсо, Кыргызстандагы баа ошончолук катуу өсө берет. Ошондуктан өкмөт азыр Улуттук банк менен биргеликте кечиктирилгис чараларды иштеп чыгып, элге жарыялаш керек.

Ал кечиктирилгис чаралардын ичинде Кыргызстандагы 400 миң жарды үй-бүлөгө азык-түлүктөн даректүү жардам берүү болуш керек экенин кошумчалады Акылбек Жапаров.

Каржы министрлиги инфляция быйылкы жылы пландалгандай 8% эмес, 11% жакын болорун моюнга алууда.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG