Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:44

Кыргыз өкмөтү өлкөнүн келерки жылкы бюджетин камдап, сентябрда парламенттин кароосуна жиберүүгө даярданууда.

Мунун алдында бюджет боюнча коомдук угуулар өткөрүлдү. Келерки жылдын бюджетинин параметрлери кандай болду?

Келерки жылга республикалык бюджеттин кирешеси 90 млрд. 831 млн. сом, чыгашасы 109 млрд. 55 млн. сом деп белгиленүүдө. Натыйжада тартыштык 18 млрд. сомдон ашуун болуп чыгууда. Сырттан келе турган трансферттин эсеби 8 млрд. сомго жакын экенин эске алганда, бюджеттин чыныгы тартыштыгы 26 млрд. сомго барары көрүнүп турат.

Бюджеттин кирешеси негизинен салык жана бажы төлөмдөрүнөн толтурулат. Маселен, Салык кызматы келерки жылы 41 млрд. сомго жакын, Бажы кызматы 42 млрд. сомдон ашуун жыйым чогултууга тийиш.

Чогулган каражаттар кайда жумшаларын карай турган болсок, анын көпчүлүк бөлүгү социалдык багытка жумшалат. Маселен, билим берүү тармагына 19 млрд сом, социалдык коргоого 25 млрд. сомго жакын, саламаттык сактоого 11.5 млрд. сомдон ашуун жумшалат.

Мамлекеттик кызматка 11 млрд. сомдон ашуун, коргонууга 4 млрд. сом, тартип жана коопсуздукка 7.5 млрд. сом каралган.

Жогорку бийлик структураларынан президенттин аппаратын кармоого 750 млн. сом, Жогорку Кеңешке 725 млн. сом каралган.

Республикалык бюджетти кыйынчылыкка учураткан жагдай мамлекеттин карыздарын төлөөгө байланыштуу келип чыгат. Жалпысынан мамлекет 2014-жылы карыз төлөөгө 15 млрд. сомдон ашуун каражат жумшайт. Анын ичинен тышкы карызга 5 млрд. сомго жакын жумшалса, ички карызга 10 млрд. сомдон ашуун акча бөлүнөт. Белгилеп кете турган нерсе, Кыргызстан жакынкы үч жылдын ичинде ички жана тышкы карыздарды төлөөгө мына ушундай эле өлчөмдө каражат жумшайт.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев мамлекеттин ички карыздары баалуу кагаздарды чыгаруудан пайда болгонун айтып, буларга токтолду:

- Бул эки учу бар таяк сыяктуу. Бир жагынан убактылуу бюджеттин тартыштыгын жаап турса, экинчи жагынан карыздарды көбөйтүп, соңунда элден түшкөн салыктын эсебинен төлөнөт. Бул эми мамлекет башындагылардын иштей албагандыгы жана компетентсиздиги. Эң эле чоң коррупциялык көрүнүш деп түшүнүш керек.

Мамлекет баалуу кагаздарды чыгаруу менен социалдык тармакка айлык акыларды көбөйтүүгө барганы маалым. Бирок ал каражаттар кумга сиңген суудай болуп, натыйжасы болбой жатат. Аны премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев да моюнга алууда. Сатыбалдиевдин айтымында, социалдык тармакка каражат көп бөлүнүп жатат. Бирок анын натыйжалуулугу төмөн бойдон калууда. Ошондуктан саламаттык сактоо, билим берүү тармагына бөлүнгөн акча көбөйгөнү менен анын кайрымы байкалбайт.

Өкмөттүн экономикадагы максаттарына келе турган болсок, келерки жылы 7 пайызга жакын өсүш болуп, ички дүң продукциянын жалпы көлөмү 400 млрд. сомдон ашаары белгиленүүдө.

Быйылкы жылдын абалына келе турган болсок, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, жети айдын ичинде ички дүң продукция 7.8 пайызга өскөн. Өсүш курулуш, кайра иштетүү жана тейлөө тармагындагы жылыштар менен камсыздалган. Ал эми инфляция төмөн болуп, жети айда 1.2 пайызды түзгөн.

Кыргызстан экономикасындагы терс көрүнүштүн бири катары сырткы соодадагы эбегейсиз өлчөмдө тескери сальдонун сакталып кала беришин атоого болот. Маселен, алты айдын жыйынтыгы боюнча, республиканын экспорту 665 млн. долларды түзсө, импорт 2 млрд. 642 млн. долларды түзгөн. Натыйжада импорт экспорттон төрт эсе ашып кеткен.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG