Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

10-июлда Бишкекте Кыргызстандын донорлору менен өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда эки күндүк конференция башталды. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү донорлордун көңүлүн Улуттук өнүктүрүү стратегиясына бурушуп, андагы долбоорлорду каржылоого каражат сурашты.

Эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстан донор мамлекеттердин жардамына муктаж болуп келет. 2010-жылы апрель, июнь окуяларынан кийин да донорлор чогулуп, Кыргызстанга 1 млрд. 100 млн. доллар жардам берүүгө убада кылышкан.

Каржы министри Ольга Лаврованын конференцияда билдирүүсүнө караганда, убада кылынган акчанын 940 млн. доллары берилген. Бул каражат бюджетке, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, июнь окуясынан кийин түштүк регионду калыбына келтирүүгө жумшалган.

10-июлда Бишкекте башталган донорлордун экинчи конференциясында кыргыз өкмөтү беш жылга эсептелген Улуттук өнүктүрүү стратегиясына донорлордун көңүлүн буруп, ага каражат алууга аракеттенди.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин сөзүнө караганда, 76 улуттук долбоорго 10 млрд. 770 млн. доллар керек. Анын 5 млрд. 500 млн. долларынын булагы аныкталган. Калган бөлүгүн донорлор каржыласа, жаман болбойт эле деген ойду өкмөт башчы белгиледи.

Экономика министри Темир Сариев болсо ушул эле 76 долбоорду аткаруу үчүн 7 млрд. 400 млн. доллар керек деди. Сариевдин сөзү боюнча, анын ичинен 4 млрд. доллардын булагы аныкталган. Дагы 3.5 млрд. доллар жетишпейт. Өкмөт башчы менен экономика министринин 76 долбоорду каржылоо боюнча сандарындагы айырмачылык 3 млрд. доллардан ашат.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров бул айырмачылыкка мындай баасын берди:

- Кыргызстан кайсы долбоорго артыкчылык койорун билбейт. Экинчиден, реалдуу донорлордон акча суроону да жөндүү билбейт. Бул эки айырма санды донорлор уккандан кийин өкмөттө биримдик жок экенин, бирдиктүү программа жок экенин, болсо бирдиктүү экономикалык, финансылык эсептери жок экенин билип, күлүп коюшат. Буюрса ойлонобуз деп кетип калышат. Ошондуктан жыйынтыгы жакшы болоруна көзүм жетпейт.

Акылбек Жапаров ошондой эле өкмөттүн улуттук долбоорлор үчүн каражаттын 50% табылды дегени да шек жаратарын кошумчалады.

Донорлордун конференциясына катышкан “Жарандык коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова өкмөт башчы менен министрдин сөздөрүндөгү айырмачылыкка токтолуп, алардын ортосунда атаандашуу жүрүп жатат деген пикирин билдирди.

Ал эми Кыргызстандын Улуттук өнүктүрүү стратегиясы Акаев жана Бакиев учурундагы стратегиялардай эле кабинеттерде калуу коркунучу бар деп эсептейт Төлөкан Исмаилова:

- Бул деген мурункудай эле кабинеттик стратегия болуп калды. Үч стратегия кабыл алынды. Бирөө Акаевдики, бирөө Бакиевдики. Экөө тең дайынсыз. Эми үчүнчүсү болуп аткандан кийин, эки ыңкылаптан кийин, июнь коогалаңынан кийин таза өкмөт болуп, ачык чечимдерди кабыл ала турган мезгил келди деп белгиледим. Эң чоң тоскоолдук, масштабдуу коррупция. Анткени коррупция азайбай эле күчөп баратат. Бюджет монополизацияланган. Ал уурдалып жатат.

Төлөкан Исмаилованын айтымында, мына ушундай абалга карабай донорлор Кыргызстанга жардам берүүгө даярдыгын билдирип жатышат. Анткени алар өлкө жардамга муктаж экенин түшүнүп турушат. Бирок донорлор коррупцияны азайтууну, мамлекет ишинде ачыктыкты көбөйтүүнү талап кылышууда.

Маселен, Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Сарож Кумар Джа Кыргызстан алдында турган он маселени атаган. Алар мамлекеттик чыгашаны азайтуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, финансы системасын өркүндөтүү, энергетикалык кризиске жол бербөө, коррупцияга каршы күрөшүү сыяктуу орчун маселелер.

Эл аралык валюта корунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия региону боюнча өкүлү Крис Бедис Кыргызстан тышкы жардам, алтын өндүрүшү жана трансферттен көз карандылыгын жоюуга тийиштигин билдирген.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен айым, Европа биримдигинин өкүлү Дирк Меган кызматташуулар жана жардамдар уланарын билдирди. Орусиянын экономика министринин орун басары Алексей Лихачев Москва каржылап жаткан ГЭСтердин курулушу, "Манаста" жарандык транзиттик борборду куруу да Улуттук стратегияга кошулуусу керектигин сунуштады. Ал ошондой эле Орусия менен Кыргызстан кызматташуусу Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү менен күчөрүн кошумчалаган.

Донорлор кимдер деген суроого келе турган болсок, алар Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы сыяктуу дүйнөлүк финансылык уюмдар, АКШ, Европа, Жапония жана башка өлкөлөрдүн ЮСАИД, JIKA сыяктуу өнүктүрүү уюмдары.

Донорлордун конференциясы 11-июлда уланып, анын жыйынтыгында биргелешкен декларация кабыл алынат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG