Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:02

Экономика да, салыктар да өсүүдө


Кыргызстанда быйылкы жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча экономика 8.2% өстү. Өсүүгө салымды Кумтөр жана курулуш тармагы кошкону маалымдалууда. Экономикадагы мындай тенденцияга карабай өкмөт күйүүчү майга акциз салыгын көтөрүп, бюджет тартыштыгын жабууга аракеттенүүдө.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, төрт айда экономика 8.2% өстү. Кумтөр менен жалпы өнөр жай тармагы 119% ашуун өсүш берген. Ал эми Кумтөрсүз 106.4% өскөн.

Тармактар ичинен курулуш тармагы 115% жакын, капиталдык салым 107% өскөн. Бирок Кыргызстан көп үмүт артып келаткан текстиль жана тигүү тармагы 21.6% төмөндөп кеткен.

Экономика министрлигинин Макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев тигүү тармагынын төмөндөөсүнүн себебин сезондук фактордон көрөт. Ошол эле мезгилде жалпы экономикалык абал көзөмөлдө болгонун айткан Шамшиев жыл соңуна карай белгиленген 7% ашуун өсүш камсыздалат деп эсептейт.

Төрт ай ичинде инфляция 1% түзгөн. Бирок Кыргызстандын тышкы соодасында тескери сальдо тынымсыз өсүп баратат. Маселен, экспорт үч айдын ичинде 302 млн. доллар, импорт 1 млрд. 175 млн. долларга жеткен. Бул сандар экспорт өткөн жылга салыштырмалуу 10.5% кыскарганын, ал эми импорт 10.4% өскөнүн билдирет. Экспорттун импорттон дээрлик төрт эсеге аздыгына карабай сом туруктуу бойдон калууда. Насирдин Шамшиевдин айтымында, ага эмгек мигранттарынан келип жаткан акчалар жана көмүскө экономика таасир этүүдө:

- Көмүскө экономикадан түшкөн акчалар бар. Мекеме, ишканаларга инвестициялар келип жатат. Мына ошолордун эсебинен төлөм балансы негизинен сакталууда. Ооба азыркы кезде соода балансынын сальдосу төмөн түшүүдө. Кайсы бир деңгээлде кооптонуу бар.

Кыргызстан экономикасындагы дагы бир парадоксалдуу көрүнүш - Кумтөр иштеп, өнөр жайынын көрсөткүчүн 20% жакындаткан менен экспорттун көлөмү өткөн жылдагыдан да азайып кеткен. Кумтөрдүн алтыны болсо негизинен экспортко кетет. Демек экспорт өткөн жылга салыштырмалуу өсүш керек эле.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев өткөн жылдагы төмөндөөлөргө байланыштуу 8.2% өсүш жетишсиз дейт:

- Быйыл Кумтөр иштеп жатат. Ошондуктан былтыркы жылга салыштырмалуу 8% өсүш болуп жатат. Бирок бул аздык кылат. Эсеп боюнча 11-12% өсүш болуш керек эле.

Экономикадагы өсүшкө карабай бюджеттин тартыштыгын жабуу оор бойдон калууда. Өкмөт бул үчүн ар кандай салыктардын өлчөмүн көбөйтүүдө. Маселен, жакында эле бажы төлөмдөрү көтөрүлдү. Андан кийин күйүүчү майга акциз салыгы эки эсеге өстү. Маалыматка караганда, буга чейин 1 тонна күйүүчү майдан 1100 сом акциз алынып келсе, эми ал 2200 сом болот.

Кыргызстан нефтетрейдерлер бирикмесин да жетектеп жаткан Жумакадыр Акенеевдин эсеби боюнча, акциз салыгын көтөрүү менен өкмөт бюджетке 1.5 млрд. сомдой кошумча киреше алат. Ал эми күйүүчү майдын баасы канчага кымбаттары тууралуу Акенеев буларды айтты:

- Биз эсептөө жүргүздүк. Акциздин көтөрүлүшү бир литр бензинге 98 тыйынга баа кошот экен. Бир сомдун тегерегинде көтөрүлөт. Бирок бизде эки айлык запас болгондуктан, эки айга чейин баанын көтөрүлүшүнө жол бербейбиз. Июлдун ортосуна чейин ал майыбыз жетет. Андан ары шарттар өзгөрбөсө, күйүүчү майды көтөрөбүз.

Акенеевдин пикиринде, өкмөт мындай кадамга бюджет тартыштыгын жабуу үчүн баратат. Белгилүү болгондой, быйылкы жылдын бюджети 16 млрд. сом тартыштык менен кабыл алынган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG