Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:22

Бишкек Тегерандан инвестиция күтөт


Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын премьер-министри Мохаммад Жавад Зариф менен. 19-апрель, 2017-жыл
Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын премьер-министри Мохаммад Жавад Зариф менен. 19-апрель, 2017-жыл

Кыргызстан Иран ислам мамлекетин айыл чарба, энергетика, тоо-кен, туризм жана маалымат технологиясына инвестиция салууга чакырды.

Бишкекте 19-апрелде эки өлкөнүн ишкерлеринин форуму өттү. Иш-чара Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин эки күндүк расмий сапарынын алкагында уюштурулду. Зариф ушул эле күнү президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болду.

Былтыр эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсе өскөн.

Кыргыз-иран бизнес форумуна Жалал-Абаддын Сузак районунан келген ишкер Рашид Бостонов да катышты. Мөмө-жемиш өндүрүп, аны сатуу менен алектенген ишкер башкы максаты бизнес өнөктөш табуу экенин кеп кылды:

Тегерандын базары. Иран.
Тегерандын базары. Иран.

- Биз Ирандан инвесторлорду тартып, ошолордун жардамы менен Кыргызстанда өндүрүлгөн таза продукцияны сыртка чыгарганга умтулуп жатабыз. Кудай буюрса өнөктөштөрдү, компаньондорду таап, алар менен чогуу иштеп, өндүргөн продукцияны Иранга, ЕЭАБге кирген мамлекеттерге, чет өлкөгө экспорттогонго аракет кылып жатабыз. Ирандыктардын айыл чарба продукциясын өндүрүү, аны кайра иштетүү боюнча чоң тажрыйбасы бар. Алардын тажрыйбасын үйрөнүп, аны колдонуп, мөмө-жемиш өндүрүп, базарга сатуу башкы максатыбыз.

Ирандык ишкер Хасан Садати Кыргызстанда 20 жылдан ашуун убакыттан бери курулуш бизнеси менен алектенет. Ал бизнесин мындан ары кеңейтүү жолдорун да издеп жатканын айтып берди:

- Биз курулушка керектүү таштарды, мармарларды, курулуш материалдарын алып келебиз. Кыргызстандын өзүндө да чыгарабыз. Биз азыр бизнесибизди, өндүрүштү кеңейткибиз келет. Мен Кыргызстанда 24 жылдан бери жашайм. Өндүрүштү, бизнести кеңейтүү маалы келди. Келечекте кудай буюрса, Кыргызстанда курулушка керектүү материалдарды жасаган ар кандай заводдор пайда болоруна ишенем.

Бизнеске байланыштуу маселелер Бишкекте 19-апрелде кыргыз-иран ишкерлеринин форумунда сөз болду. Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев иран ишкерлерин айыл чарба, энергетика, тоо-кен, туризм, маалыматтык технология, ветеринария жана медицина тармагына инвестиция салууга чакырды.

Кожошев "Азатыкка" комментарий берип жатып Иранга айыл чарба продукциясын экспорттогонго мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат деп ишендирди:

- Ирандан санкция алынгандан бери буларда акча абдан көп. Айрыкча ЕАЭБге кирген мамлекеттер менен соода-сатык мамилесин кеңейткенге аракет кылып жатышат. Кыргызстан үчүн чоң, кең базар болуп эсептелет. Биздин жер-жемиштерибизди, ошол эле төө буурчакты экспорттогонго чоң мүмкүнчүлүк. Жылына 500 тонна эт экспорттоо боюнча биздин келишимибиз бар. Былтыр 120 тонна жеткирилди. Бирок келишимде көрсөтүлгөн көлөмдү толук аткарып, кой этинен тышкары уй этин дагы экспорттосок болот. Бирок бүгүнкү күндө логистика маселеси чечилбей турат.

Былтыр эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 15 миллион долларга жакындаган. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге көп. Ирандын Соода, өнөр жай, шахта жана айыл чарба палатасынын төрага орун басары Масуд Ансаринин айтымында, товар айлантуунун көлөмүн 100 миллион долларга чейин жеткирсе болот:

- Кыргызстанда Иранга экспорттолчу көптөгөн товарлар бар. Ошол товарларды жөн гана экспорттобой биргелешкен ишканалар ачылса жакшы. Ирандык бизнесмендер, соодагерлер Кыргызтандын экономикасына инвестиция аркылуу салым кошууга аракет кылып жатат. Эки өлкөнүн өкмөтү, Соода палаталары ишкерлерге жардам бериши керек. Эки өлкөнүн бизнесмендери бири-бири менен кызматташып, ошол байланыштарды өнүктүрүүгө жардам бериши зарыл.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф. 19-апрель
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф. 19-апрель

Масуд Ансари Ирандын энергетика тармагында тажрыйбасы, адистери бар экенин, Кыргызстандагы энергетика тармагына инвестиция салууга даяр экенин кошумчалады. Андан сырткары делегациянын курамында Ирандын Борбордук банкынын жетекчиси да бар экенин, ал Кыргызстандагы банктар менен кызматташуу боюнча сунуштарды ала келгенин маалымдады.

Кыргыз-иран ишкерлеринин кийинки жолугушуусу эмки айда Бишкекте өтөт. Анын алкагында мындан бир жыл мурун түзүлгөн биргелешкен инвестициялык кеңеш да отурумга чогулмакчы.

Президент Алмазбек Атамбаев 19-апрелде Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифти кабыл алды. Анда эки өлкөнүн алака-катышын мындан ары да жакшыртуу тууралуу сөз болду.

Ирандын президенти Хасан Роухани былтыр декабрь айында Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Анда расмий Бишкек Тегеранды ГЭС куруу долбоорлоруна катышууга чакырган. Азырынча бул жаатта конкреттүү долбоорлор боюнча сөз боло элек.

"Азаттыктын" архиви: Иран менен кызматташуу кооптуубу? 23-декабрь, 2016-жыл
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG