Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Сузак: күмөн санаткан кенемте


Иллюстрация
Иллюстрация

Жалал-Абадда үйүн камсыздандырган адам компаниядан акча ала албай жатат. Адистер жер көчкү коркунучунан улам үй-бүлөгө көчүү тапшырмасын берсе, компания турак жайы кырсыктап бузулмайынча кенемте төлөбөсүн билдирген.

Мындан улам жергиликтүү бийлик өкүлдөрү "Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү зарылдыгын айтып жатышат.

Сузактын Сары-Булак айылынын тургуну Алтынбек Абдразаков үй-бүлөсү менен эки айдан бери токой чарбасынын кеңсесинде жашап жатат. Анткени ал отурукташкан тилкеге түшкөн көчкү турак жайына коркунуч жаратып, кошуна эки үйдү басып калган. Аксакал башка жакка көчүүгө каражат издеп, камсыздандыруу компаниясына кайрылганын, бирок сунушу четке кагылганын айтууда:

- Бизди кооптуу деп көчүргөн соң үйүмдү камсыздандырган компанияга кайрылдым. Алар турак жайыңыз бузулбаптыр, биз акча бере албайбыз деп жооп беришти. Алар турак жай урап түшкөндө же бирөөнү басып калганда гана төлөп беришет окшойт. Анда менин документ даярдоого кеткен 14 миң сом акчамды кайратып беришсин. Канча убара болуп, тоодон бери каттап жүрүп бүтүргөм. Компанияга бир нече жолу баш багып, жетекчисин такыр жолуктура албай койдум.

Кыр-Жол айылы, Сузак. (Архивдик сүрөт)
Кыр-Жол айылы, Сузак. (Архивдик сүрөт)

Абдразаковдордун камсыздандыруу компаниясы менен талашы башка тургундар арасында да кайчы пикирлерди жаратты. Алардын бири Кыз-Көл айылынын тургуну Мырза Жээналиев буларга токтолду.

- Бизди турак жайды камсыздандыргыла деп айтып жатышат. Ал эми камсыздандырган адамдын акчасын бул жактан бербей жатса ишенич болобу? Качан бузулганда же урап түшүп калганда беребиз дептир. Анын анда эмне кереги бар? Бул жөн гана элди алдоо жана өзүнчө эле мафия болуп калды окшойт. Бизде акыбал чатак. Же чек бербесе, көчкүлө деп ссуда бербесе кайсыл жакка баралы?

2017-жылдан тарта мамлекет тарабынан жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандарга ссуда берүү жараяны токтотулган. Эми бул өнөктүктү Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы аркылуу гана жүргүзүүгө болот. Ошол себептүү адистер жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, үгүттөп келет.

Абдышарип Бекилов
Абдышарип Бекилов

Кыз-Көл айыл аймагында учурда көчкү баскан үч турак жайга айылдыктар 1,2 млн сом каражат чогултушту. Эми токой чарба имаратында жашаган үй-бүлөлөргө турак жай салып берүү аракети көрүлүүдө. Ал эми камсыздандыруу жагдайындагы маселени ӨКМдин облустук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов минтип түшүндүрдү:

- Камсыздандыруу мыйзамына ылайык алар турак жайын басып калып же шамал алып кеткенге чейин эч нерсе төлөп бере албайт. Мындан сырткары алар көчкү коркунучу бар деп, жашоого мүмкүн эмес деген жерлердеги турак жайларды да каттоого албайт. Камсыздандырууга катталып жаткан адамдарды бизге жөнөтөт, биз алардын жери кызыл линияда турабы же жокпу тактап беребиз. "Бул жерде жашаганга болбойт" деп корутунду чыгарып, жашоочуларды көчкүлө десек, компания "качан гана көчкү басып калганда төлөп беребиз" деп жатат. Бирок камсыздандырууга кирген адам каяктан болбосун жардам алышы керек. Турак жайды же бирөөнү басып калгандан кийин акча берүүнүн кажети канча? Бул жагдай элге антиреклама болуп, ошол себептүү каалоочулар аз болууда. Облуста көпчүлүк ушунун айынан баш тартып жатат. Ошол себептүү камсыздандыруу мыйзамын кайра карап чыгуу зарыл.

Кыргызстанда "Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамы 2015-жылы жай айында кабыл алынган. Ага ылайык мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы менен келишим түзгөн айылда жашаган жаран жылына 600 сом, ал эми шаар тургундары 1,2 миң сом төлөйт.

Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун ишин буга чейин сындап чыккан.
Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун ишин буга чейин сындап чыккан.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 24-апрелде өкмөт жыйынында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун ишин сынга алган. Компаниянын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Мокешов турак жайга коркунуч келген жагдайда комиссиянын чечими болууга тийиш деди:

- Эгерде кандайдыр бир кырсык катталып, турак жай бузулбай, бирок ага коркунуч жаралса аны жарандык коргонуу комиссиясы жеринде текшерип, аныктап чыгышы керек. Алардын "турак жайды көчүрүү керек, бул жерде жашаганга болбойт" деген актысы же чечими болсо бизге алып келиши керек. Компания карап чыгып аталган жаранга кенемте төлөп бере алат. Сары-Булак айылынын жашоочусу Абдразаков бизге ошондой документтерди алып келиши зарыл. Камсыздандыруу мыйзамында мындай норма каралган. Жалаң гана ураган үйлөргө төлөп берет деген сөз туура эмес.

Сары-Булактын тургуну Алтынбек Абдразаков бул жооптон кийин жарандык коргонуу комиссиясынын чечимин алып келерин айтты.

Жалал-Абад облусу боюнча учурда эки миңден ашуун турак жай камсыздандырылган. Жалпы 149 миң үй камсыздандырылууга тийиш. Буга чейин компания облуста турак жайы кырсыктан жабыркаган 11 адамга 3,8 млн сомго жакын каражат төлөп берген.

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 136 табият кырсыгынан алты адамдын өмүрү кыйылды. 500гө жакын жер көчкү активдешти. Азыр 286 кооптуу деп саналган тилкелердеги 2000ге чукул үй-бүлө көчүрүлө элек. Былтыр облуста жыл бою 86 жолу өзгөчө кырдаал катталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG