Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Абактагы Аскаровдун үйү талашка түштү


Аскаровдун үйү
Аскаровдун үйү

Укук коргоочу, өмүр бою соттолгон Азимжан Аскаровдун үй-бүлөсү жашаган тамды сот аткаруучулар менен Мүлк фонду мамлекетке өткөрүп алганы жатат.

Сыртынан эки кабаттуу, бирок ичине кирсең жупуну көрүнгөн ээнсиреген турак жайда Хадича Аскарова төрт жылдан бери жалгыз жашайт. Жолдошу Азимжан Аскаров июнь окуясына күнөөлөнүп, 2010-жылы камакка алынган. Бирге жашаган кайненеси болсо, 2012-жылдын май айында көз жумган. Өткөн жумада турак жайын текшерүү үчүн келген 20га чукул адамдын аракетин үй ээси басмырлоо катары баалады.

- Ал күнү мен үйдө жок болчум. Сот аткаруучулардан бири үйүңүздү Бишкектен комиссия келип текшерет деп айтып калды. Үйгө келсем алар келип калышыптыр. Бир жалгыз бой аялга милиция, сот аткаруучулар болуп беш автоунаада 20 адам келиптир. Мага эч нерсе түшүндүрбөй эле текшеребиз деп калышты. Мен башында БУУдан келген адамдар окшойт деп ойлогом. Анткени жолдошумдун иши боюнча БУУ да өзүнүн чечимин чыгарбадыбы. Алар мага корс мамиле жасап, катуу бакырып туруп, бул үй жакында мамлекетке өтөт деп жооп беришти. Мен эмне кыларымды билбей киргизүүгө аргасыз болдум. Керек болсо ажатканадан бери сүрөткө тартып кетишти. 2010-жылы жолдошум кармалган убакта дагы милиция формасын кийген жарандар үйүбүздү тоноп кетишкен. Короо алдындагы "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү автоунаа, үй ичиндеги капталган азык-түлүк ж.б. буюмдарды алып чыгып кетишкен. Бул багытта мен облустук укук коргоо органдарына жана Жогорку Кеңешке чейин кайрылганыма карабай жыйынтык болгон жок. Азыр да үйүм чачылган, темир сандыктар талкаланган боюнча жатат.

Азимжан Аскаров Бишкектеги №47 абакта.
Азимжан Аскаров Бишкектеги №47 абакта.

Аскаровдун бул тамы энесинен мурас катары калган. Беш бир туугандын улуусу болгон Азимжанга берилген үйгө 1980-жылдары документ даярдалган. Укук коргоочунун балдары болсо, эс тарткандан бери эле Ташкен шаарында жашайт.

Үйдү мамлекетке алуу чечими

25-май күнү Базар-Коргон айылындагы Хавузбою көчөсүндөгү №3 үйүнө сот аткаруучулар, орган кызматкерлери жана Мүлк фондунун кызматкерлери биригип 20 адам барып, үй мүлктөрүн кароодон өткөрүшкөн.

Мамлекеттик мүлк фондунун Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Гүлнара Кожоева маалымдагандай, сот чечимине ылайык, Азимжан Аскаровдун үй-мүлкү мамлекетке өтөт. Мүлк фонду мыйзам боюнча аны мамлекетке өткөрүү тууралуу буйрук чыгарган дейт.

- Бишкектеги Мамлекеттик мүлк фондунан комиссия катары Айсулуу Орозбекова, Жаннат Алманакунова үйдү көрүү үчүн келишкен. Анткени Базар-Коргон райондук сот аткаруучулар бөлүмү бул үйдү камакка алган документтерин ошол жакка жиберишкен. Ошол себептүү Мүлк фонду турак жайды мамлекетке алуу тууралуу буйрук чыгарды. Мен ал комиссия менен бирге барып өткөрүп берүү жараянына гана катыштым. Алар келип сүрөткө тартып алып, алгачкы кабыл алуу ишин жасашты.

"Үйдү алуу туура эмес"

Мамлекеттик мүлк фондунун жана анын кызматкерлеринин сот жообуна тартылган Азимжан Аскаровдун мүлкүн конфискациялоо процессине кийлигишүүгө укугу жок. Мындай билдирүүнү “Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылы таратты. Алардын айтымында, Аскаровдун ал үйү энесинен калган мурас катары саналып, азыр анда үй-бүлөсү жашайт. Ал эми Жалал-Абаддагы "Акыйкаттык" укук коргоо уюму сот аткаруучулардын үйдү камакка алган аракетин мыйзамсыз деп атады. Мекеменин юристи Өткүр Жапаров бул багытта мындай дейт:

- Биринчиден, сот Аскаровго өкүм угузуп жатканда анын мүлкү конфискациялансын деп чечим чыгарган. Ал үй мамлекеттин пайдасына өтсүн дегендик эмес. Конфискация деген бул жазанын бир түрү. Анда мүлктү убактылуу сактайт же сатып мамлекеттин бюджетин толуктайт. Бирок ал мамлекет өзүнө алат деген сөз эмес. Экинчи жагынан Аскаровдун үйүн сот аткаруучулар тийиштүү тараптардан аныктама алган соң келип текшерип акт жазышкан. Андан соң алар сот аткаруучулар жөнүндөгү мыйзамына ылайык аны аткарууга милдетүү. Бирок ал мыйзамдан Жазык аткаруу кодекси жогору турат. Ал кодексте даана жана так жазылган. Соттолгон адамга тиешелүү үй катталса, ал жерде үй-бүлөсү менен жашап жаткан болсо, анда ал конфискацияга кирбейт. 137-берененин 2- бөлүмүндө жазылган бул аныктаманы эч ким өзгөрткөн эмес жана азыр иштейт.

Аскаровдун үйү
Аскаровдун үйү

"Акыйкаттык" уюму Хадича Аскарованын арызынын негизинде буга чейин териштирүү иштерин жүргүзүп, сот аткаруучуларга бардык документтерди көргөзүшкөн. Анда Аскаровдун жубайы жашаган турак жайды конфискациялоо туура эместигин билдиришкен. "Бирок Базар-Коргон райондук сот аткаруучулар бөлүмү кызмат абалынан пайдаланып мүлктү мыйзамсыз алган", дейт Өткүр Жапаров:

- Бизге Хадича Аскаровага кайрылганда биз сот аткаруучуларга мыйзамсыз иш алып барып жаткандыктары тууралуу билдирүү бергенбиз. Сот аткаруучулар үйгө баргандан соң аялынын никелешүү күбөлүгү барбы, алардын бирге жашагандыгы тууралуу айыл өкмөттөн тактама алып, тескерисинче Жазык аткаруу кодексине ылайык мүлкү конфискациялоого жатпайт деп сот аткаруу барагын жабыш керек болчу. Алар өз ыйгарым укуктарынан аша чаап пайдаланып, мыйзамсыз үйдү кабыл алып, Мамлекеттик мүлк фондуна жөнөтүшкөн. Ал эми Мүлк фонду алар жөнөткөн мүлктүн баарын кабыл ала берет да.

Бирок Базар-Коргон райондук сот аткаруучулар бөлүмү аткаруу барагы мыйзамдуу түрдө жасалганын билдиришти.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылы абактагы Азимжан Аскаровдун үй-бүлөсүн коргоо максатында Башкы прокуратурага кайрылуу жолдошту. Ал эми "Акыйкаттык" уюму болсо мыйзамсыз аракеттерге барган сот аткаруучулардын үстүнөн прокуратурага кайрылганы жатат.

Эске салсак, Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь башаламандыктарын уюштурууга күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал учурда Бишкектеги №47 абакта жазасын өтөөдө.

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитети тергөө адилет жүрбөгөнүн жарыялап, аны бошотууну талап кылган. Жогорку сот эл аралык эрежелерге ылайык, ишти карап чыгууга даяр экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG