Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:01

Урматтуу окурман! “Биздин замандын каармандары” аттуу жаңы баптеманы (рубрика) сиздерге сунуш кылабыз. Анын бетачары Ош-Бишкек канжолунда күнү-түнү каттаган айдоочулар тууралуу баянга арналмакчы.

Кыргызстандын эки аймагынын алака-катышын өксүтпөй, кышкы тайгакта, жазгы күрткүдө, жайкы аптапда ары-бери эл ташыган бул адамдарды нукура каарман деп атасак жарашаар.

“Жол азабы – көр азабы” деп кыргыз тегин жерден айтпаган чыгаар. Канжолдо нелер гана кезикпейт: дөөтү бузулат, каш-кабактын ортосунда кырсык болот, кыялы ар башка адамдар түшөт... Эмесе, эки аймакка данакер болуп келаткан айдоочулар баяны – назарыңызда.

“Айдаганым “мерседес” эмес”

Ош – Бишкек канжолуна жолоочу болуп чыккан киши дарегине жеткенде суй жыгылат. Ошондо бир ойлойсуң, атанын байкушу айдоочу, ал бечара күн куру дебей, узак сапарда чапкылап келет эмеспи. Өлкөнүн эки аймагына күрөө тамырдай кызмат кылган ушулар эмеспи. Кээде он сом үчүн аларды жекирип, алтурсун сөгүп жибергениңе уялып да кетесиң.

Бири башынан машинеге ынак, көбү жумуштун жоктугунан бул улуу жолдо өмүрүн өткөрүүдө. “Ош – Бишкек жолунда, айдаганым мерседес...”. Ооба, “Мерседес” болсо кана? Жашы 20-30 жылга жеткен эске машинелери менен чапкылап, үй-бүлөсүн баккандар ондоп, жүздөп саналат. Алардын арасында эки дипломдун ээси Элмира айым да бар.

Улуу жолдун Таш-Көмүр тушунда турган айдоочуларга бая бара калганымда арманын бир төгүп ийишти. Ушу тапта жүргүнчүлөрдү табуу кыйын болуп, мээнеттери акталбай жаткан тура. Ал аз келгенсип, күйүүчү май кескин кымбаттаганы. Ал эми айдоочу бечаралардын укуктарына ким көңүл бурат дейсиз?

Совет заманында Кыргызстандын эки аймагына поезд тынбай каттап, жүргүнчүлөр эки ортодо Казакстанды, Өзбекстанды жана Тажикстанды аралай көрө кетээр эле. А поезд токтогону качан? Соодагерчилик заманда болсо ары-бери чапкылагандардын саны жүз эселеп көбөйдү. Учакка көпчүлүктүн чөнтөгү чак келбейт. “Атка жеңил, тайга чак” дегендей, ары татаал, ары кооптуу болгону менен жол киреси салыштырмалуу арзан унаага отуруп, Бишкекке, же Ошко зымырамай.

Айдоочулардын бир өзгөчөлүгү - алар жүргүнчүнү айткан жерине, керек болсо үйүнүн түбүнө чейин жеткирип барышат. Караңгы түнгө калган жолоочуларды атүгүл унаасында уктатып, же үйүнө алып барып, жылуу-жумшак оруну менен чай-нанын бергендери канча?

Кышы тайгак, жазы көчкү баскан Ала-Бел, Суусамыр жана Төө-Ашуу менен, жайкысын мээ кайнаткан ысык маңдайдан согуп турганда, жөө туман каптаганда ташбака жүрүшкө салып жол жүргөн айдоочулардын азабын сүрөттөп жеткириш кыйын.

Мамлекет айдоочунун эки бетинен өпсүн

Таш-Көмүр шаарынын бет маңдайындагы жолдо ондогон айдоочу жүргүнчү күтүп турат. “Бишкекке-е, Ошко-о! Эй кел, маган отур”. Бирок кымбатчылык басканы, анын үстүнө кышкы кар күрөөдө сапарга чыккандар кыйла азайат. Таксисттердин бири мурда Таш-Көмүр кенинде инженер болуп иштеген экен. Жумуш жок, жети-сегиз жылдан бери ушул улуу жолдо иштеп келатканын кеп салды:

- Биртике тапканыбыздын жарымы тетиктерге кетет, бензин кымбат. Үй-бүлөдө алты адам жашайт, неберелерим да бар. Аялым дарыгер болуп иштейт, алганы бир жарым миң сом. Ушу “Аудини” Кыргызстанда иштеп тапкан акчага алды дейсизби, Орусияга барып, эки жыл азап менен иштеп тапкан каражатка сатып алгам. Анан жолдо гаиси эле көп, тээтиги Кара-Көлдө үч, Токтогулда төрт жерде, ары жагы Суусамыр менен “Парижде”, кийин Төө-Ашуунун оозунда, Чаекте туруп калышты. Эми аларга салыкчылар да кошулду. Минтип кезекке турмай келгендерди сагаалап, иштеген таксисттер көп. Бизди ойлогон жан жок. Кызматтагыларды, депутаттарды көрүп жатасыз, бийлик талашып, башы бирикпей отурушат.

Анын жанында турган узун бойлуу айдоочу да кепке аралаша кетти:

- Мамлекет бизди эки бетибизден өпсө болот, ушинтип өзүбүздү өзүбүз багып, анан да салык төлөгөнүбүз үчүн.

- Кар көчкүдө калган же ашуу-белде машинаңыз бузулса эмне кыласыз, ким жардам берет? Айдоочуларда унаасы бузулуп калган айдоочуну талаага таштабай, бири-бирин колдомой өңдүү жакшы касиет бар го? – деп сурадым.

- Ооба, бири-бирибизди таштабай калалы. Машинаң бузулса, тетигин беришет, карга тыгылсаң, сүйрөп же түртүп чыгарышат. Жылда эле көчкүдө калып кетебиз, бирок жолду карап атышат, кудайга шүгүр. Калың кар, көк музда калган учурларым, кычыраган кышта эки күндөп жолдо калып кеткен кездерим көп эле болгон. Андайда машинанын алдына жатып алып чукулайсың, болбосо эптеп жылуу жерге сүйрөтүп келесиң. Тааныш таксисттерге чалып, Бишкектен тетик алдырабыз.

- Андайда жүргүнчүлөрдүн тагдыры кандай болот?

- Аларды башка унаага салып жиберебиз. Бүгүн мына адам жок, үшүп турабыз. Жүргүнчү болсо машина эки саатта эле толуп калат. Болбосо куржалак үйгө кайтмай. Айла кеткенде мынабул Кара-Көлгө же башка жакын жерге барып келип, жүз сом болсо да таап алаарбыз деген үмүт. Анан “Жип” же “Мерседес” минген атка минерлер келип, жолдо турган адамдарды арзан салып кетишет, биздин ырыскыбызды талашып...

Дөөтүң колдосун!

Топтолгон айдоочулардын арасында чачын бубак баскан, жашы 60ка таяп калган аксакал да турду. Кезинде айыл өкмөт башчысы болуп иштеген, жогорку окуу жайды бүтүргөн экен. Жумушсуздуктун айынан таксист болгон бул киши кымбатчылыктан таксисттин мээнети акталбай бара жатканын кейий кеп салды.

Эркек айдоочулар менен жарышы Элмира айым да жолоочу күтүп турат. Бул канжолдо каттагынан үч жыл болуптур. Ага чейин Бишкекте троллейбус айдап жүргөн экен.

- Жолдо ар кандай болот, кээси капыстан ооруп калат, дагы жакшы “Парижге” бир медпункт ачып коюп ырас болуп калды. Узак жолдо ашкана, кафелер болгону менен чарчаганда эс алууга жатакана жок. Мамлекет бизге иш таап берсе жакшы болот эле. Шахталар, Таш-Көмүрдө токтоп турган чоң завод иштеп кетсе атаганат!

Айдоочулар менен коштошуп келатып,
“Суусамыр менен Ала-Бел,
жолдору катаал, аман кел!
Сагындым айыл мөмөсүн!
Алма-өрүк бышса ала кел!” - деген ыр саптарын эстеп, узак жана татаал жолдо күнү-түнү чапкылап, эл ташып, ажаат ачып жаткан айдоочуларга ичимден “Дөөтүңөр колдоп, сапарыңар байсалдуу болсо экен!” деген ак тилегимди канжолго калтырдым...
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG