Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

Борзова: Кыргыздардан эч жакка кетпейм


Аксынын Аркыт кыштагында жалгыз орус үй-бүлө жашайт. 80 жаштан ашкан үй ээси Раиса Борзова кыштактагы кыргыздар менен бир боордой болуп аралашып калган.

Раиса Борзова кызы Светлана жана небереси Виктория менен киндик кан тамган Аркыт кыштагынан кетейин деген ою жок. Кезинде жүздөн ашык орус үй-бүлө байырдаган бул айылда эми жалгыз Борзованын үй-бүлөсү калган. Алардын жашоосу тоолук кыргыздардан эч айырмаланбайт, карылуу адамдарга чөп чаптыртып, үйүнө түшүртүп алышат.

Азыр колунда болгон музоолуу эки уюн саап ичишет, үйгө улагалай бир аз жерге картөшкө, пияз түптөп алышкан. Далисте бир нече кап ун жыйылып турат. Раиса эне жаштайынан үйрөнгөн балчылык өнөрүн ушул күнгө чейин таштай элек:

- Мен ушул жерде төрөлгөм. Кыргыздар туугандарым болуп калган. Мен каякка бармак элем? Кайсы орустукуна көчүп бармак элем? Мени орус күтүп отурабы? Эч ким күтпөйт. Менин апам, чалым ушул жерде өлүштү, ушул жерге көмдүк. Мен өлсөм мени да көмүшөт. Менин туугандарым ушул жерде, алар кыргыздар. Кыргыздын балдарынын баары менин балдарым болуп калган. Чөп чапканга, чөмөлө жасаганга жалдайбыз. Чаап беришет, анан жыйнайбыз, машинаны да жалдайбыз. Балдарды чакырабыз, жардам беришет. Кырк балчелегим бар эле. Жарымын саттым, жыйырмасы калды. Кызым талаадагы, үйдөгү ишти жасаса, мен өзүм аары челекти карайм. Былтыр кырк бал челектен 300 кило бал алгам. Бирин сатам, бирин алам. Ушундай оокат болуп калган.

Орус байбиченин айылдагы кыргыздар менен алака-катышы бекем. Айылдагы жамандык-жакшылыккка катышып, кошумчасын кошот. О дүйнө салган адамга эл катары барып, бата кылат:

- Менин жерим ушул. Бир туугандай болуп калышкан. Бирдеме болсо, чакырсаң келет, жардам беришет. Кыргыздын балдары менин балдарым болуп калган. Кыргыздын арасында төрөлгөм, ошон үчүн кыргызча сүйлөйм. Мен элге барам, мага эл келет. Ушундай эле турмуш.

Борзовдор тоолуктардай кийинип, тамак-ашы да ошондой. Аркыттыктар жалгыз орус бүлөнү да жалгыз койбой, кандай жумушу болсо, кол кабыш кылып турушат экен.

Тоо койнун байырлаган Борзовдордун жакшы касиетин да байкадык. Мисалы, кем-карчтуу жашоого даттанып отуруп алышпай, дайыма сабырдуулукту карманышат тура.

Байбиченин небереси Виктория айылдагы кыргыз орто мектепте билим алат. Көп сүйлөгөндү жактырбаган кызды курут жасаган сүзмөнүн калтасын жууп жатканда кепке тарттык:

- №30 орто мектептин 10-классында окуйм. Кыргызча кийим тиккенди анча-мынча билем. Мектепти бүтсөм врач болоюн деп жүргөм, эми кайра андан айныдым. Бейиштин төрүндөй болгон жерде жашап атсак, эмнеге зеригет элек?

Раиса Борзова менен анын кыз-небереси ошентип биротоло аркыттык болуп, өзүнө жараша мазмундуу жашоосун өткөрүүдө.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG