Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

КСДПнын тизмеси боюнча чыр ырбады


“Өнүгүү-Прогресс” партиясы Жалал-Абад шаардык кеңешке шайлоодогу Социал-демократтар партиясынын тизмеси боюнча соттошууга чейин барганы жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-декабрда тизмени кайра калыбына келтирүү тууралуу КСДПнын арызын канааттандырды.

Бир жумадан бери аймактык шайлоо комиссиясы менен БШК бул тизме боюнча "Өнүгүү-Прогресс", "Ата Мекен" жана "Ата Журт" партияларынын арызына байланыштуу бир канча жолу, айрым учурда бири-бирине карама-каршы келген, бирок жыйынтыгында бийликтеги партияны колдогон чечим чыгарды. Мындан улам "Социал-демократтарга жан тартуу болду", "мыйзамсыз иштерге көз жумган мамиле жасалды" өңдүү дооматтар күчөй баштады.

БШК 5-декабрда Социал-демократтар партиясынын бир күн мурда берген арызын карады. Ага ылайык, Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 2-декабрдагы аталган партиянын тизмесин алып салуу боюнча токтомун жокко чыгарды. Муну чечим кабыл алынып жатканда кворум болгон эмес деген жүйө менен негиздеди.

Жалал-Абадда КСДП шайлоого катышат

Жалал-Абадда КСДП шайлоого катышат

Борбордук шайлоо комиссиясы КСДПнын Жалал-Абадда шайлоого катышуусуна уруксат берди.

Бул чечимге БШКнын жети мүчөсү макул болду, экөө – Атыр Абдрахматова менен Гүлнара Журабаева каршы добуш берди. Абдрахматова гендердик теңдик сакталган эмес деген негизде БШК тизмени жокко чыгарышы керек болчу деп эсептейт:

- Мыйзам боюнча эгер партия тизмеде гендердик теңдикти сактабаса, анда ал шайлоодон четтетилет. Азыр АШК тизмени алып салуу боюнча чечимди туура чыгарганбы, же туура эмеспи - бул азыр маанилүү эмес. БШК тизмени туура эмес беришкен, туура эмес катташкан, гендердик баланс сакталган эмес деп ошонун негизинде тизмени алып салыш керек болчу. Негизи АШКнын чечим чыгарганынын жол-жобосун карабай, партиянын талапкерлерди көрсөтүү жагын карашыбыз керек болчу. Ошонун негизинде БШК өзү чечим кабыл алышы керек болчу. АШК туура кылдыбы, же жокпу - бул экинчи суроо. АШКга биз өзүбүз чара көрүшүбүз керек. Гендердик баланстын сакталбашы боюнча БШК өзү чечим кабыл алышы керек болчу.

Социал-демократтардын тизмеси боюнча доомат айтып жаткан партиялардын бири - "Өнүгүү-Прогресс" партиясы. Бул партиянын Жогорку Кеңештеги депутаты Мирлан Бакиров мыйзамдуулукту талап кылып соттошууга чейин барышарын билдирди:

- Биз БШКнын чечимин расмий алгандан кийин ал жерде добуш берүү жол-жобосу кандай болгон, кимдер катышкан, толук курамы болгонбу, же жокпу анын баарын карайбыз. Биздин угушубуз боюнча ишеним кат менен дагы добуш берүүлөр болгон. Мыйзамда, регламент боюнча дагы ишеним кат менен добуш берүүгө жол берилбейт. Ушулардын баарын тактагандан кийин дагы кошумча маалымат беребиз. Жол-жобо такталбай, мыйзам бузуу болсо сөзсүз сотко кайрылабыз.

Социал-демократтар партиясы болсо тизме боюнча айтылган дооматтарды четке кагып жатат. Бул партиянын өкүлү Токтогул Туманов муну курулай каралоо аракети деп атады:

- Бул партиялар аймактык шайлоо комиссиясын расмий орган катары көрбөй “оюн орган” кылып алышты. Эгер башында тизмеде кемчиликтер бар болсо аны оңдогонго мыйзам жол берет. Биз аны оңдоп, аймактык шайлоо комиссиясына бердик. Бирок бул партиялар кайра-кайра эле арыз жазып АШКны иштетпей жатышат. Муну биздин партиянын кадыр-баркына шек келтирүү аракети деп баалайбыз. Бизге каршы уюштурулган аракет. Эгер партия туура эмес документ тапшырса, анда ал тизмени АШК каттабайт эле да. Демек алар каттаса, демек туура да. Эгер ал жерде кайсы бир талапкердин катталган жери же документи туура эмес болсо АШК аны тизмеден алып салууга укугу бар. Булар азыр АШКнын ишине аралашып, аймактык шайлоо комиссиясына мындай кыл, андай кыл деп көрсөтмө берип жатышат. АШК азыр өзүнүн чечимдерин чыгарып жатат. Алардын үстүнөн БШК карайт.

Токтогул Туманова башында тизмеде 85 талапкер болгонун, үч партиянын арызынан кийин 24 адам чыгарылып, азыр эми 61 талапкер калганын кошумчалады.

Тизмеге байланыштуу ызы-чуу мындан бир апта мурун башталган. Жалал-Абад шаардык кеңешке шайлоого катышып жаткан үч партия - “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” жана “Ата Журт” Социал-демократтардын тизмеси боюнча арызданып БШКга кайрылган. Анда тизмеде аялдардын саны 30 пайыздан кем болбошу керек деген жобо, ар бир үчүнчү адам аял болушу шарт деген ырааттуулук сакталбаганы айтылган. Ошондой эле бир топ талапкердин каттоосу Жалал-Абад шаарында эмес экени белгилүү болгону көрсөтүлгөн. Мындан улам тизме жокко чыгарылышы керек деп белгиленген.

БШК 2-декабрда үч партиянын арызын карап аны канааттандырган эмес. Ошол эле учурда аймактык шайлоо комиссиясы тизмени каттап жатканда алешемдик кетирген, мындан улам комиссиянын жетекчисинин жоопкерчилиги каралышы керек деген чечим чыгарган. Ушул эле күнү Жалал-Абадда аймактык шайлоо комиссиясы кезексиз жыйынга чогулган жана кемчиликтер болгону анык деген жүйө менен Социал-демократтар партиясынын тизмеси жокко чыгарылган.

АШК 5-декабрда Социал-демократтар партиясынын тизмесин жокко чыгаруу боюнча чечимин кайра өзү жокко чыгарды жана комиссиянын жетекчиси кызматтан кетти. Ушул эле күнү кечке жуук БШК жыйынга чогулуп, анда аймактык шайлоо комиссиясынын тизмени жокко чыгаруу боюнча токтомун жокко чыгарды.

“Ата Журт” партиясынын өкүлү Нурлан Шакиев мындай иштердин баары шайлоонун легитимдүүлүгүнөн күмөн жаратарын, бийликке абийир алып келбесин эскертти. Башка партияларга, талапкерлерге мындай "жумшак" мамиле болбой турганын белгиледи:

- Эгер КСДПнын ордунда “Ата Журт”, “Ата Мекен” же “Өнүгүү-Прогресс” болгондо аларды сөзсүз “жыга чабышмак”. 2015-жылы Камчыбек Ташиевди соттун чечими жок, милициянын маалыматы менен эле тизмеден чыгарып койбоду беле. Бул деле дал ошондой эле көрүнүш. БШК ошондо дагы туура эмес чечим чыгарган. Мыйзамды одоно бузган. Азыр дагы мыйзам одоно бузулуп жатса да КСДПнын пайдасына чечим чыгарып жатат. Бирок буга кийин сөзсүз жооп беришет.

Мындай пикирге укук коргоочу Динара Ошурахунова да кошулат. Анын пикиринде, БШК баарына тегиз мамиле жасабай жатат:

- Шайлоо комиссиясы КСДПнын тизмесиндеги кемчиликтерди байкабай калганбы, же байкаса деле көз жуумп койгонбу айтор каттоодон өткөргөн. Мисалы, былтыркы парламенттик шайлоодо айрым партияларды кенедей эле кемчилиги үчүн шайлоодон четтетип салышкан. Эгер талапкер талаптагыдай документтердин баарын чогултуп, өз убагында бербесе анда каттоодон өтпөшү керек эле. Бул баарына бирдей талап. БШК, АШК ушул баарына теңдик деген принципти сөзсүз карманышы керек. Эгер теңдик болбосо саясий атаандаштыкка доо кетет. Бул принцип азыр бузулуп жатат. Эгер КСДПнын ордунда оппозициялык партия болуп калса “кемчиликтериңерди оңдоп алгыла” деп убакыт бермектигине көзүм жетпейт. Эгер БШК теңдик принцибин бузса, анда саясий жаңжал чыгат.

Жалал-Абад шаардык кеңештеги шайлоого жети партия катышып жатат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG