Линктер

ишемби, 25-март, 2017 Бишкек убактысы 03:56

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мэр Албек Ибраимовдун "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевге карата доо арызын канааттандырды.

Сот чечимине ылайык, Текебаев мэрге жалган жалаа жапканы үчүн 1 миллион сом төлөп бериши керек. Бирок оппозициячыл саясатчынын адвокаттары сот жараяны мыйзам бузуулар менен коштолуп, чечим бийликтин көрсөтмөсү менен чыкканын айтышууда.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата арызын борбор калаанын Биринчи Май райондук соту 13-мартта карады.

Ишти караган судья Айгүл Уметова арызды канааттандырып, Текебаевди калаа башчынын кадыр-баркына шек келтирди деп 1 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Судьянын жардамчысы Минура Байышбаева Ибраимовдун арызы жарым-жартылай канааттандырылганын "Азаттыкка" тастыктады:

- Мэрдин арызы жарым-жартылай тастыкталды. Ага ылайык, Ибраимовдун пайдасына Текебаев 1 миллион сом төлөп бериши керек.

Мындай жол менен жарым жылдан бери уланып келген соттук териштирүүнүн биринчи баскычына чекит коюлду. Бирок камактагы оппозициячыл саясатчынын адвокаттары сот чечими адилетсиз деп эсептешет.

Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунованын айтымында, сот чечим чыгарардан мурун камактагы депутаттын жүйөлөрүн угушу керек болчу. Бирок судья "Текебаев кайтаруучулардын коштоосунда болсо да отурумга катышсын, жарыш сөзүн айтсын" деген адвокаттардын өтүнүчүн эске алган эмес. Мындан соң адвокаттар нааразылык иретинде сот залынан чыгып кетишкен:

- Өмүрбек Чиркешовичтин конституциялык укугу бузулуп жатат. Себеби ар бир адам сотто коргоого укугу бар экени Баш мыйзамда каралган. Ошол укугун бузуп, анын пикирин укпай, жарыш сөз болбостон шашылыш чечим чыгарылды. Жок дегенде эки-үч күн күтүп, Текебаевди конвойдун коштоосунда болсо да УКМКнын тергөө абагынан алып келип сөзүн укса болмок.

Сот чечим мыйзам нормаларынын негизинде чыгарылганын, адвокаттарда депутаттын ишеним кагазы болгондуктан, Текебаевдин катышуусу шарт болбогонун билдирүүдө. Бирок адвокаттар аталган ишеним кагазда Текебаевдин катышуусу сөзсүз түрдө экени көрсөтүлгөнүн айтышууда. Буга байланыштуу оппозициячыл саясатчынын жактоочулары Бишкек шаардык сотуна кайрылууга камданып жатышат.

Өмүрбек Текебаев былтыр президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылына салдырып жаткан үйүнө байланыштуу маалыматтарды тараткан. Анда үй курулуп жаткан жер тилкесинин сатылышына Албек Ибраимовдун катышы бар деп айыптаган эле. Мындан соң Ибраимов Текебаевдин сентябрь-октябрь айларындагы сөздөрү анын беделине шек келтиргени үчүн сотко кайрылган.

Сот жүрүп жаткан учурда Өмүрбек Текебаев "Мегаком" уюлдук компаниясына байланыштуу коррупциялык иштерге айыпталып, 26-февралда камакка алынган. Ал учурда Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында кармалууда. Ошондуктан оппозициячыл саясатчы менен мэрдин ортосундагы чыр боюнча сот чечими канчалык калыс болду деген суроо айланасында талкуу жүрүүдө.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикиринде, ишти караган судья жоопкердин пикирин укпай, негизги принциптерине шек келтирди:

- Сот объективдүү болушу керек эле. Соттук жараянды негиздөөчү принциптер бар. Алар - катышуучуларынын арасында да тең укуктуулук жана атаандаштык принциптери. Соттун негизги милдети, ушул принциптерди камсыз кылуу менен адилет чечим чыгаруу болуп саналат. Бул жерде жоопкер тарап жүйөлүү себептерден улам катыша албай калды. Анын жүйөлүү экенин сот эле эмес Кыргызстандын баары билет. Ошондуктан анын пикирин угуп андан соң гана чечим чыгаруу керек болчу.

Ал эми эксперт Токтогул Какчакеев соттун чечими чыккан соң ага чычалоого негиз жок экенин айтууда:

- Бүгүн бир да сот, бир да прокурор Текебаев сыяктуу адамдарды соттогондо өзүм билем же жаатчылык, бийликтин тапшырмасы менен чече албайт. Анткени ал эртеңки күнүн эстеп, кандай өзгөрүүлөргө көңүлүн буруп турат. Демек мыйзамда кандай жазылса ошонун негизинде гана чечим кабыл алат. Ошондуктан Текебаев эмгеги сиңген юрист, ал эми Ибраимов жөнөкөй адам деп ойлобош керек. Конституция, мыйзам алдында баары бирдей.

Ал ортодо "Ата Мекен" фракциясынын дагы бир мүчөсү депутат Аида Саляновага козголгон кылмыш иш боюнча тергөө жыйынтыкталып, айып угузулду. Анын негизинде депутатты мамлекеттен сырткары эч жакка чыкпоого милдеттендирилди. Аида Салянова өзүнө карата козголгон кылмыш боюнча тергөөдө мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып жатат.

Мурдагы баш прокурор 2010-жылы Саляновага юстиция министринин милдетин аткарып турган кезде Максим Бакиевдин санаалашы Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген негизде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бул ишти тергөөнү УКМК өз колуна алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG