Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:58

Кара-Сууда депутаттар "жоголду"


Добуш берүү
Добуш берүү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылдык кеңешинин 11 депутатынын дайыны чыкпай жатат. Жоголгон депутаттардын туугандары аларды Тажикстанда эс алып жүрөт дешет.

Бирок Айылдык кеңештин башка депутаттары кесиптештеринин дайынсыз жоголушун айыл өкмөттү шайлоонун экинчи туру менен байланыштырып жатышат.

Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүндөгү Айылдык кеңештин 11 депутатынын дайынсыз жоголушу эл арасында уу-дуу кептин күчөшүнө алып келди.

Учурда айылда жок депутаттардын кайда экенин туугандары да жашырып жатканы айтылууда. Айылдык кеңештин калган депутаттары кесиптештеринин жоголушуна юридикалык баа берүүнү сурап, Башкы прокуратурага, Борбордук шайлоо комиссиясына жана ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгына кайрылышкан.

Таласта төрага шайлоо создукту

Таласта төрага шайлоо создукту

Талас шаардык кеңешинин айрым депутаттары басым болуп жатканын айтып чыгышты.

- Бийлик биз каалаган адамды айыл өкмөт кылып шайлап алууга жол бербей жатат. Депутаттардын кээ бирин коркутуп, кээ бирин ынандырып, дагы бирине акча берип болсо дагы өз адамын шайлатууну көздөп жатат. Ишкерлигиңе чейин киришип, дүкөнүң мыйзамсыз иштеп жатат, жаптырып салам деп коркутууну адатка айландырып алышты. Эми депутаттарды таратып башкадан шайлоо өткөргөнү жатышат. Азыр 11 депутатты алдап-соолап Тажикстандын Бахористон деген санаториясына алып кетиптир. Алар жок болсо кворум болбой калат. Анан Айылдык кеңеш таркайт. Анан булар өздөрү каалаган депутаттарды алып келип, каалаган айыл өкмөтүн шайлатмакчы. Бул боюнча тиешелүү органдарга кайрылдык.

Ушинтип атын жашырган депутаттар айыл өкмөттү шайлоо алдында кесиптештерин сатып алуу, коркутуу, ишкерлигине кысым көрсөтүү аракеттерин жасап жатат дешүүдө. Ал эми жоголгон депутаттардын айрымдарынын жакындары Айылдык кеңештин төрагасы баш болуп, 11 депутат Тажикстандын “Бахористан” аттуу пансионатында эс алып жүргөнүн билдиришти. Беш-Капа айылынын Бахадыр аттуу тургуну буларды айтты:

- Төрагасы баш болуп 13 же 16 депутат Тажикстанга эл алууга кеткен. Телевизордо жарыя кылып атат го “Бахористон” деп. Ошол жакка кетишкен. Биз дагы байланыша албай жатабыз. Качан кайтары белгисиз. 16-февралдагы шайлоого келишсе керек.

Бирок айыл тургундары Шарк айылдык кеңешинин 11 депутатына кошуна өлкөдөн эс алууну уюштурууну шайлоонун биринчи турунан өтпөй калган мурунку айыл өкмөт башчы Арстан Жолдошев менен Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов уюштурганын айтышууда.

Бирок Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов өз дарегине айтылган дооматтардын баарын четке какты:

- Айылдык кеңештин депутаттарын эл шайлайт. Ошол депутаттар айыл өкмөтүн өздөрү тандайт. Эл кимди шайлап берсе ошол айыл өкмөт башчы менен иштешкенге биз даярбыз деп айтып жатабыз. Мурдагыдай дайындоо болсо сөз жок эле. Азыр ал шайлоого менин такыр тиешем жок.

Учурда Шарк айылдык кеңешинин депутаттары 16-февралда боло турган айыл өкмөтүн шайлоонун экинчи туруна кворумду жок кылып, Айылдык кеңешти таркатууну көздөп жатканы шек жаратууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG