Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:05

Таластын Көк-Сай айылынын тургундары Казакстанга алмашылган жерди кайтарып алууну талап кылууда.

Эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери 2600 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашууга өткөн жылдын сентябрь айында жетишкен. Бирок айыл тургундарынын бири аны колдосо, экинчилери жер алмашылганына каршы.

Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айыл өкмөтүнүн тургундары 25-мартта Бишкекке жол тартышты. Алардын максаты - өкмөткө жана тиешелүү министрликтерге жолугуп, Көк-Сай айыл өкмөтүнө караштуу 2600 гектар жерди Казакстандын Жамбул облусунун Андреев айылы менен алмашкан макулдашууну жокко чыгартуу. Буга байланыштуу айыл тургундары ушул айда элдик комиссия да түзгөн.

Анын мүчөсү, Көк-Сай айылынын тургуну Минур Сейталиев жерди алмашууга эмне үчүн каршы экенин айтып берүүдө.

- Мына мобул зымдын ичи бизге бере турган казактардын жери. Бул жердин баары кумдак, кунарсыз жер, июнь айында эле чөп күйүп саргайып калат. Мал такыр турбайт. А бул биздин жерде болсо өзүңүздөр көргөндөй мал жайылып жүрөт. Ушул жерди тээтиги тоого чейин бергени жатат.

Бирок жергиликтүү элдин нааразы кылган дагы бир маселе - элге көрсөтүлгөн картанын жерди алмашууда бир аз өзгөрүп калгандыгы. Эл жерди алмашууга макул болгон чек ара тилкесине жакын айыл тургундарынын кайракы үлүш жерлери алмашууга кирбеш керек болчу.

Көк-Сай айылынын дагы бир тургуну Анарбай Корчубеков жерди алмашууда анын үлүш жери кошуна мамлекетке өтүп кеткенине нааразы.

- Биз менен бир ооз акылдашпай туруп, мага мамлекет 99 жылга берген үлүш жеримди өткөзүп жиберишиптир.

Көк-Сай айыл өкмөтү эки айылдан, Көк-Сай жана Кайнар айылдарынан турат. Бирок Жамбыл облусу менен жерди алмашууга Кайнар айылынын тургундарынын көбү кызыкдар. Анткени союз тараганда эки мамлекет тааныган чек арага ылайык, Казакстан шынаа болуп, 11 километрге ичкери Кыргызстанга кирип турат. Бул Кайнар айылы чек аранын бурчунда калып, өз жайлоолоруна жана жайыттарына өтүүдө 20 километр жерди айланып келүүгө аргасыз дегенди түшүндүрөт.

Талас облустук акимчилигин аппарат башчысы Байыш Дүйшөбаевдин айтымында, Көк-Сай айыл өкмөтүнүн тургундары жерди алмашууну өздөрү сунуштап, көпчүлүктүн пикирин эп көрүшкөн.

- Көпчүлүк эл макулдугун берген. Арасында каршылары да болгон, бирок алар да көпчүлүктүн пикирине макулбуз дешкен. Ал жерлер кайракы гана жерлер, сугат жер жок. Эгер кимдин үлүшү бар болсо, мамлекеттин менчигиндеги айыл өкмөткө караштуу жерлерден каалаган бөлүгүн алса болот деп айтылган. Азыр деле аларга канча кайракы жериң кетип калды, берели деп сунуш кылынууда.

Жергиликтүү элдин ичинде ата-бабаларыбыздын жеринен ажырап калдык дегендер да бар. Көк-Сай айыл өкмөтүндө түзүлгөн элдик комиссиянын төрагасы Эмир Парпиев ал жерлер залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Эрте келген турналар”, “Гүлсарат” чыгармаларындагы айтылуу Ак-Сай, Көк-Сай деген жерлер экенин, бул аймак эзелтен кыргызга тиешелүү болуп келгенин айтат.

- Бул биздин ата-бабабыздын жери. Мына бул биз турган жер Көк-Сай, өзөндүн наркы бети Ак-Сай. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында ушул жер тууралуу сөз болгон. “Эрте келген турналардагы” кош айдап, чөп чапкан жерлер ушулар. Ак-Сайдан биз 1961-жылы түзүлгөн карта менен айрылып жатсак, бүгүнкү күндө Көк-Сайды минтип берип жатышат.

Бирок чек ара маселелери боюнча эксперт, мурдагы бийликтердин тушунда чек араны аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз тарабын баштап жүргөн Саламат Аламановдун пикиринде, эки мамлекеттин чек ара тилкелери өткөн кылымдын 30-жылындагы түзүлгөн документке ылайык жүргүзүлүп келатат. Саламатов да жерди алмашуу кыргызстандыктар үчүн пайдалуу деген ойдо:

- Илгери биздин жер деген сөз чыккан. Илгери дегенде ал кайсы мезгил экенин такташ керек да. Илгери дегенди илгерки заман деп түшүнсөк, ал убакта чек ара деген деле болгон эмес.

Кара-Буура районунун мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысы Алиакбар Кенесариев болсо, жерди алмашууну токтотууда же макулдашууну жокко чыгарууда эл гана кыйналат деп эсептейт:

- Бул жерде элдин гана камын ойлоп жатабыз, башка бир да кызыкчылык жок. Же бир жогору жактан мындай кылгыла деген көрсөтмө да жок. Эл өзү ушул жерлерди алмаштырып бергиле деп кыйнашкан. Ал эми алмашылган жерлердин баасы, көлөмү жана сапаты бирдей эле. Биз аларга сугат жер, же он чакырым алыстыктан жер берип жатканыбыз жок. Баары кайракы жана жайыт жерлер. Бир аз гана орун которуштуруп койдук, бир жагынан кесип, бир жагынан кошуп.

Ал эми эксперт Саламат Аламанов чек ара мамлекеттик деңгээлдеги маселе болгондуктан эрежеге ылайык, ал өкмөттүк деңгээлде каралып, парламенттин да талкуусунан өтүшү керектигин белгиледи.

Өкмөттүн Чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров болсо, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасын демаркациялоону, башкача айтканда чекке тиешелүү белгилерди орнотуу ишин быйыл бүткөрүү болжолдонуп жатканын маалымдады.

Анын белгилешинче, тиешелүү белгилер орнотулуп, чек ара тосулгандан кийин демаркациялоо тууралуу соңку келишимге кол коюлат. Искандаров Көк-Сайдагы жер алмашууну калк жана жергиликтүү бийлик ыңгайына карап, өзү чечти деп эсептейт.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы 1241 чакырымды түзөт. Чек араны делимитациялоо, башкача айтканда тактоо 2008-жылы аяктаган болчу.

Тасмада: Таластагы жер талаш

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG