Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:00

Кыргызстандын унаа базарларында казакстандык кардарлардын саны өстү. Мындан улам акыркы кезде машинанын баасы кадыресе жогорулап кетти.

Мунун себебин байкоочулар курамына Орусия, Беларус жана Казакстан кирген Бажы биримдигинин келишимдеринин ишке кириши менен байланыштырууда.

Бажы биримдигинин экономикалык кызматташтык келишими 1-июлдан баштап күчүнө кирген.

Бажы биримдигин кыйгап өткөн жолдор

Машина алып-сатуу менен ишкерчилик кылган Сагындык Тилекеев баалардын өскөнүн айтууда.

- Пайыз менен эсептегенде болжол менен машиналардын баасы 10-20 пайызга чейин көтөрүлүп кетти. 5 миң долларлык машиналар 6 миңге чейин, андан да жогору көтөрүлүп кетти. Ал эми кымбатыраак, 20 миң долларлык машиналар 25 миңге чейин чыкты.

Ишкерлердин айтымында, машиналардын баасы бир нече себептер менен өскөн. Негизинен Орусия, Казакстан жана Беларус мамлекеттери кирген Бажы биримдигине байланыштуу болууда.

1-июлдан тарта Бажы биримдиги күчөтүлгөн тартипке өткөн. Ага ылайык, Казакстанда сырттан алынып келген машиналар үчүн бажы төлөмү жогорулаган. Ошондон улам кошуна өлкөнүн тургундары ар кандай жолдор менен унааларды Кыргызстандан сатып алууга аракеттенүүдө.

Экономист Жумакадыр Акенеев бул жагдайды мындайча түшүндүрдү:

- Бажы биримдиги иштей баштагандан кийин Казакстандын жана Орусиянын чек арасынан өтүү үчүн бажы төлөмдөрү эки-үч эсе көбөйдү. Ага ылайык, азыр башкача жолго өтүп жатышат. Казак туугандар келип, Кыргызстандан машина сатып алып, өздөрүнүн атына документтерин алмаштырбай эле эки-үч жылга ишеним кат жаздырып алышууда. Ага ылайык, биздин номур менен эле Казакстанда айдап жүрүшөт. Ошон үчүн баалар өсүп жатат.

Ишкерлердин айтымында, казакстандыктар негизинен жаңы унааларды сатып алууга умтулушат. Алардын Кыргызстандан унааларды сатып алуунун башка да ыкмалары бар экен.

Жеке ишкер Адилет Жолдубаевдин айтымында, эки өлкөнүн жарандары Кыргызстанда биргелешкен ишкана түзүп, машинаны ошол ишканага каттатып коюшат. Бирок иш жүзүндө машинаны Казакстандын жараны сатып алып, өлкөсүнө айдап кете берет.

Эрежеге ылайык, эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн ишкананын унаасына сары түстөгү номур да ыйгарылат. Бул тууралуу Жолдубаев мындай дейт:

- Кыргызстандын аймагында кыргыз-казак биргелешкен ишканасы түзүлөт. Анан чет өлкөлүк ишкана катары унаасына сары түстөгү мамлекеттик номур алышат. Эгер Казакстанда машинаны токтотуп калса, алар “Кыргызстанда биздин кыргыз-казак фирмабыз бар. Ошонун негизинде жүрөбүз" деп айтышат.

Баанын көтөрүлүшүнүн негиздүү себептери

Жеке ишкер Сагындык Тилекеев машиналардын баасынын өсүшүнүн дагы бир себебин атады. Анын айтымында, Бажы биримдиги ишке кирердин алдында казакстандык ишкерлер унааларды Прибалтика, Жапониядан көп ташып, бааларды көтөрүп жиберген экен.

- Жасалма ажиотаж болуп, казакстандыктар Литва, Америка, Жапониядан баасына карабай, соодалашпай эле чоң партиядагы машиналарды сатып ала баштаган. Буга ылайык, ал жактарда да бааны жасалма көтөрүп жиберишкен. Ал бизге да таасир этти.

Ал эми Бажы кызматынын маалымат катчысы Абдылда Малдыбаев Кыргызстанда машиналардын баасынын кымбаттабаганын, баалар туруктуу экенин айтууда.

Ошондой эле ал ушу тапта Казакстанга унаалар сатылып жатканын жокко чыгарып, алар 1-июлга чейин гана сатып алып турушканын белгиледи.

Баанын өсүшүнү дагы бир себебин Малдыбаев 2008-жылы киргизилген жаңы эрежеге ылайык, эски машиналардын Кыргызстанга киришине тыюу салынганы менен түшүндүрдү.

- 2008-жылга чейин жылына жүз миңдеген автоунааларды алып келип жатса, 2009-жылдан баштап, кыскарып отуруп, адегенде 60 миң, андан кийин 40 миң, өткөн жылы болсо 22 миң, быйыл болсо 16 миң автоунаа келген. Ошондон улам балким, ички базарда кымбаттатып жатышы мүмкүн.

Экинчи жагынан алганда Казакстанда автоунааларды сатып алып, жыйып коюп, кийин сатам деген жагдайлар болду. Ошондо ташып кетип жаткан казак ишкерлери болду. Балким ошонун негизинде кымбатташы мүмкүн.


Анткен менен күздөгү жыйым-теримдин аякташы менен өлкөнүн ичинде да унааларга болгон суроо-талап өсөрү айтылууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG