Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:55

Казакстан малдын башы идентификацияланмайынча Кыргызстандан сүт алуудан баш тартты.

Расмий Бишкек малдын тек-жайын жазуу тууралуу мыйзам кабыл албай жаткандыктан, казак бийликтери ушундай чечимге келген.

Өкмөттүк чиновниктердин эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпай, сүт азыктарын өндүрүүчүлөр чыгымга учуроодо. Ошондуктан эми кыргыз өкмөтү малды паспорттоштуруу жолдорун издеп жатат.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров 2008-жылдары малдын тек-жайын жазуу демилгесин көтөргөндө, келеке катары кабылданып коомчулуктан колдоо тапкан эмес эле.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда малдын баарын идентификациялап, тек-жайын жазып, тактап чыгууга кеминде эки миллиондой доллар керек. Министрликтин өкүлү Асанкул Эгембаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, азыр өкмөт бул маселени чечүү жолдорун издеп жатат:

- Польшалык бир компания жардам беребиз деп жатат. Бизде сүт азыктарын өндүрүүчүлөр менен жолугушуу болду. Ошолор менен идентификацияны кандай кылып жүргүзөбүз деп акылдашып, кеңешип жатабыз. Паспорт киргизиш үчүн, жанагы биркаларды коюу үчүн бир топ акча керек экен. Азыр өкмөттө акча жок да. Ошон үчүн мамлекет жеке сектор менен өнөктөшүп донорлорду издейли дедик. Сүт азыктарын чыгарган ишканалар да жардам берели дейт.

Атантай Мырзакулов - Сокулукта жашаган фермерлердин бири. Анын айтымында, фермерлер малынын тек-жайын жаздырууга кызыкдар. Ушу тушта элетте сүттү сатып алуу токтогон жок, бирок баасы арзандап жатат:

- Биз идентификацияга даярбыз. Бирок мамлекеттен кичине колдоо керек болуп жатат. Мисалы мыйзамдар кабыл алынышы керек. Экинчиден, фермерлер биригиши керек болуп жатат. Бизде, Сокулук районунда азыр ушундай биригүүнү баштап жатабыз. Бирикме эмне үчүн керек? Анткени ошол бирикмеге фермер мал-салы менен катталат. Ошол бирикмеде керектүү адистер болот. Фермерлер даяр эле турат. Акчасын деле төлөйт. Бирок жанагы биркалардын баасы кичине кымбат болуп жатат.

Айыл чарба министрлиги малды идентификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жиберген. Бирок парламенттеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты, мурунку айыл чарба министри Талантбек Узакбаев мыйзам келе электигин, долбоор тез аранын ичинде кабыл алынышы зарылдыгын айтты:

- Биринчи бодо малдарды идентификация кылалы деп жатабыз. Себеби койлорго андан кийин деле киришсек болот. Казакстан деле бодо малдарын эле идентификация кылды. Идентификация – кыргызча малга эн салуу деген эле сөз. Илгертен эле кыргыз малына эн салган. Паспорт берүү дегенде, бодо малдарга сөзсүз паспорт жазылат. Мисалы музоонун туулганынан баштап дүкөнгө барып эт болгонуна чейин жазылат. Ал эми койлорго келгенде, малдын ээсине номур берилет. Мисалы бир чабанга “1” деген номур берсек, 1-малчынын 1-кою, 2-кою деп кете берет. Маселен Узакбаевдин коюун кайда барсак таап алабыз.

Узакбаев идентификациялоо башталмайынча, мал ылаңын азайтуу натыйжасыз болоорун белгиледи:

- Мисалы Көлдө туулган музоо Токмокко келип сатылат. Ал жактан Ошко сатылып кетет. Мисалы ошол музоо Көлдө шарпка каршы эмделсе, Токмокко келгенде Ошко сатылып кетсе ошону Көлдөгү мал догдур ошол жакка чыгып момундай музоо Ошко кетти, экинчи эмдөө ушунчасында жүргүзүлүшү керек дейт. Ушундай идентификация жоктугунан шарпты токтото албай, сүттү сата албай жатканыбыздын себеби да ошол.

Кыргызстанда малдын тек-жайын жазуу демилгесин мурунку каржы министри Акылбек Жапаров 2008-жылдары эле көтөрүп чыккан. Бирок сунуш коомчулукта келеке катары кабылданып, колдоо тапкан эмес. Жапаров “Азаттыктагы” маегинде демилгенин таржымалын учкай айтып берди:

- Эмне үчүн коомчулукта колдоо таппай калды дегенде биринчи өзүмдү күнөөлөйм. Тилекке каршы өзүм жакшы түшүндүрө албай калсам керек. Убагында өкмөт, бийлик да колдогон эмес. Биз экологиялык жактан таза этибизди, таза чөп жеп, суу ичкен малыбыздын этин чет жерге сатканга мүмкүнчүлүк пайда болот деп ушул мыйамды киргизгем. Биринчиден, элди байытуу, мээнетти текке кетирбөө маселеси болгон. Экинчи жагы, кыргыз малдан жуккан оорудан кырыла баштады. Менин эң чоң аргументтеримдин бири ушул болчу. Малды карап көзөмөлдөөнүн бир гана жолу – идентификациялык номурду киргизишибиз керек.

Маалыматка караганда, Казакстан Кыргызстанга малды идентификациялоо керектигин жазында эле айткан экен. Талаптар аткарылбагандан кийин 3-октябрдан тарта он ишкананын сүт азыктарын алуудан баш тартты. Бул ишканалар Казакстанга күнүгө баасы 5 миллион сомдук 120 тоннадай сүт, каймак-быштак экспорттоп жаткан.

Тасмада - Акылбек Жапаров: Малга паспорт берели деп келекеге калгам

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG