Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

Кыргыз-казак алакасы жанданабы?


Кыргыз-казак премьерлери Атамбаев менен Масимовдун быйыл 4-февралдагы жолугушуусу, Астана.
Кыргыз-казак премьерлери Атамбаев менен Масимовдун быйыл 4-февралдагы жолугушуусу, Астана.

Өкмөт башчы Атамбаев Астанада казак президенти Назарбаев жана премьер-министр Масимов менен жолугушуп, пикир алышты.

Буга чейин бир катар макулдашуулар болгону менен расмий Астананын Кыргызстандын бийлигине ишенбөөчүлүк менен мамиле жасап келгендиги айтылып келген.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев 3-июлда Казакстандын жетекчилиги менен болгон жолугушууда, буга чейин кабыл алынган макулдашуулар боюнча пикир алмашты. Анда негизинен электр энергиясын экспорттоонун шарттары, кошумча чек ара өткөрмөлөрүн ачуу жана биргелешкен инвестициялык корду уюштуруунун маселелери талкууга алынды.


Атамбаев ыраазы


Алмазбек Атамбаев Казакстандын жетекчилигинин Кыргызстанга жардам берүү ниетине ыраазычылыгын айтты:

- Президент Нурсултан Назарбаев башында турган Казакстандын жетекчилиги Кыргызстанга кантип жардам бергиси келип тургандыгын биз дайыма сезип келдик. Албетте биз буга абдан ыраазыбыз. Мен бул жолугушууга абдан кубанычтамын. Анткени бул ортодогу маселелерди чечүү үчүн болгон чоң мүмкүнчүлүк.

Жогоруда аталган макулдашуулар мындан бир жыл мурунку эки тараптуу жолугушууларда бекитилген болчу. Бирок серепчилер эмнегедир аталган долбоорлорду ишке ашыруу талап кылынгандан бир кыйла жай жүрүп келгендигин белгилешет. Буга өткөн жылкы Кыргызстандагы окуялардын жана анын натыйжасында келип чыккан эки тараптуу мамилелердин туруксуздугу себеп болгон.

Саясат таануучу Асанбек Сарыбаев эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө өз ара ишенбөөчүлүктүн тоскоол болуп келди деген ойдо:

- Мамилелер эми мына бул Бажы биримдигине Кыргызстан киргенден кийин анан туруктуу болот го. Анан калса буга чейин Казакстан тарап дагы “макул-макул” деп бир катар милдеттемелерди алганы менен чыныгы турмушта башкача жасап коюп жатышпадыбы. Буга эки эки тарап тең айыптуу. Анткени биздеги айрым жоопкерчилиги жок саясатчылар дагы мурда берилген объектилерди берилип кетиптир деп тим койбой "андай кыла койобуз, мындай кыла койобуз" дешип опурулган учурлары дагы эки тараптуу мамилеге таасирин тийгизди окшойт.


Мамилелердеги маалкаткан жагдайлар


Өткөн жылы 7-апрелдеги Кыргызстандагы бийлик алмашуудан кийин Казакстан бир тараптуу шартта чек арасын жапкан. Буга жооп катары кыргыз бийлиги Казакстандын эгин талааларын камсыздаган Таластагы Киров суу сактагычындагы суунун агымын токтоткондон кийин маселе жөнгө салынгандай болгон. Андан кийин расмий Астана июнь коогасынан кийин Кыргызстанга жардам берүү боюнча бир катар сунуштар менен чыгып, бирок алардын жарымынан көбү ишке ашырылган эмес.

Президенттин парламенттеги өкүлү Азимбек Бекназаров жардам көрсөтүүнүн жай жүрүшүнүн себептерин Казакстандын бийлиги тарабынан коюлуп келген бир катар талаптар менен байланыштырды:

- Казакстандын айрым ишкерлери буга чейин Кыргызстандын бийлиги менен гана сүйлөшө коюшуп, эл менен, жергиликтүү мыйзамдар менен эсептешпей “төө бастыга” алган саясатынын кесепети мына ошол 4 пансионат жана Канттагы шифер-цемент заводу. Биздин мурдагы бийликтегилер тең ата саясат жүргүзбөй Нурсултан Назарбаевдин алдында жүгүнүп турганга аларды үйрөтүп алышкан. Мына ошондуктан расмий Астана айрым маселелерди маалкатып, мындай кылсаңар анан момундай болот деп талап коюп жатышын себептери тереңде жатат.

Бул жолу буга чейин жетишилген макулдашууларды аткарууга эки тарап тең киришип калгандай. Анткени бир жылдан бери биринчи жолу Кыргызстандын өкмөт башчысын кабыл алган президент Нурсултан Назарбаев эки өлкөнүн ортосунда чечилбей турган маселелер жок экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG