Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:03

Бишкекте кыргыз-казак суу чарба адистери сууну биргелешип пайдалануу маселелерин талкуулашты.

Эки күндүк жыйын маалында айрыкча Таластагы эки коңшу чек арасында орун алган Киров суу сактагычынын тагдыры тууралуу талаштар жүрдү.

Казак мажилисинин өкүлү Кыргызстандын суу сактагычынын коопсуздугун Казакстан көзөмөлгө алышы керек деп билдирди. Бирок кыргыз тарап буга каршы болуп, суу пайдаланганы үчүн казак тараптан тиешелүү каражат төлөөнү талап кылууда.

Кыргызстан Таластагы Киров суу сактагычтагы суунун 12 пайызын гана пайдаланат. Калганын Казакстанга топтоп берип турат.

Кыргызстандын Суу ресурстары боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Зиядин Жамалдинов Бишкектеги жыйында казак тарапка суу пайдаланып жатканы үчүн каражатты көбөйтүүнү сунушташканын “Азаттыкка” айтты:

- Биздин эки өлкөнүн суу чарба комиссиясы түзүлгөндө эле суу сактагычты оңдоп-түзөө иштерине Казакстандын каражаттан жардам бериши каралган экен. Быйылкы жылга мисалы 60 миллион тенге караштырып атышат. Сомго айландырганда 20 миллион сом болот. Биз бул аз деп атабыз. Анткени суу тосмолору, плотиналардын баары Кыргызстанда жайгашкан. Казак тарап биздин айткандарыбызга макул болуп кийинки жылы көбөйтөбүз деп атышат.

Эки мамлекеттин сууну чогуу пайдалануу тууралуу макулдашуусуна ылайык, он жыл ичинде казак тарап 4 миллион доллар берген экен. Расмий Бишкек бул каражат суу сактагычты кармап туруу үчүн аздык кылаарын айтууда.

Эл дүрбөгөндо...

Казак мажилисинин депутаты Амангелди Момышев Киров суу сактагычындагы коопсуздук көзөмөлдөөнү Казакстан алып, алтүгүл куралчан аскерлери менен келип кайтарышы керектигин айтты. Былтыр Казакстандын Жамбыл облусундагы Тараз шаарынын эли суу сактагыч жарылат экен деп дүрбөгөнүн эске салды. Айрым адистердин айтымында, суу сактагыч кырсыкка учураса Кыргызстандан да Казакстан көбүрөк зыян тартат экен.

Суу ресурстары боюнча мамлекеттик комитеттин төргасы Зиядин Жамалдинов бүгүнкү күндө суу сактагычтын абалы мыкты деп айтты. Советтер союзунун тушунда эле жер титирөөдөн суу тосмолоруна ири жараңка кеткен деген сөздөрдү четке какты:

- Суу сактагычтын астында биздин да элдер жашап жатат. Биздин курал-жарагы бар адамдар суу сактагычты карап турушат. Биз ал казак депутатына ушинтип жооп бердик. Эч бир мамлекетте башка бир мамлекетке келип кароолчуларын койгон эч качан болбосо керек. Биз ал депутатка суу сактагычтын коопсуздуга биз өзүбүз да кызыкдарбыз деп жооп бердик.

Мамлекеттер аралык суу чарба комиссиясынын казак тараптагы катчысы Жуман Тукебаев да атайын иликтөө жүргүзүлүп, суу сактагычтын абалы жакшы экени аныкталганын тастыктады:

- Былтыр апрелде кимдир бирөө “беш өрдөгүн учуруп” Киров суу сактагычы авариялык абалда деп айтып жибериптир. Анан эл чындап эле дүрбөлөңгө түшкөн. Ага биздин кыргыз боордоштор деле күбө болушкан. Анткени дал былтыр дал ошол 7-апрелде Таразда эки өлкөнүн суу адистеринин жыйыны өтүп жаткан эле. Анан элдин көңүлүн жайгардык. Кыргыз-казак адистери жана көз карандысыз эксперттер катышып Киров суу сактагычынын абалын иликтеп чыгышты. Бүгүнкү жыйында анын корутундусу айтылды. Анын негизинде чочулоого негиз жок экени, суу сактагыч техникалык жактан оң экени айтылды.

Сейрек суу сактагыч

Бишкектеги жыйында Кыргызстан менен Казакстан суу чарбасы башкармалыгын түзүүнү макулдашты.

Талас дарыясындагы Киров суу сактагычы 1975-жылы курулган. Адистердин айтымында, суу тосмолору кеминде 100 жылга чейин чыдайт жана ири 12 баллдык жер титирөөгө да туруштук берет.

Киров суу сактагычынын жетекчисинин орун басары Байсуубек Дыйкановдун билдиришинче, бул сейрек суу сактагыч болуп эсептелет. Анткени дүйнөдө мындай курулуш эки эле жерде: Бразилия менен Кыргызстанда гана бар жана италиялык окумуштуунун долбоору менен курулган.

Былтыр Кыргызстан апрель окуяларынан кийин суу сактагычты кыска мөөнөткө бууган болчу. Өлкө бийлиги расмий түрдө суу сактагыч оңдоо иштерине байланыштуу жабылганын билдирген. Бирок муну саясий чечим катары баалагандар болгон. Анткени ошол учурда Казакстан чек арасын бекем жаап алып, өлкөнүн экономикасын алсыратып Кытайдан Кыргызстан аркылуу товар ташыган ишкерлерди кыйла жүдөтүп жаткан болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG