Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

Казакстандагы терроризм маселеси жана анын Кыргызстанга тийгизген таасири боюнча Жогорку Кеңештин депутаты, генерал-лейтенант Токон Мамытов ой бөлүшөт.

- Ноябрь айында Казакстандын Тараз шаарындагы террордук чабуулда колдонулган гранатомет Кыргызстандан келгени тууралуу маалымат таркап кеткен. Сиздер бул маселени териштирүү боюнча тиешелүү органга өтүнүч жөнөтүп, анын жыйынтыгын бүгүн угат экенсиздер. Алдын ала кандай жыйынтык бар? Буга чейин Коргоо министрлиги мындай маалыматтарды четке каккан эле.

- Интернет сайттарында ушул маалымат таралып кеткенден кийин мен парламенттин отурумунда ушул маалымат чынбы, же чындыкка жатпайбы деп укук коргоо органдарына кайрылдым эле. Ушунун негизинде ИИМ, Улуттук коопсуздук комитети, Чек ара кызматы жана Коргоо министрлиги тиешелүү иликтөө иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында бул гранатомет Кыргызстандан Казакстанга өткөн эмес жана берилген эмес деген маалымат таратылды.

- Мына өткөн ишемби күнү Казакстандын Боролдой аймагында атайын операция болуп, беш террорчу делген адам жок кылынып, эки коопсуздук кызматкери мерт болду. Буга чейин Казакстандын Тараз, Атырау шаарларында да террордук чабуулдар катталган. Бул жагдайлар эмнеден кабар берет? Чындап радикалдуу күчтөр баш көтөрүп жатабы?

- Алматы облусундагы Боролдой айылында болгон окуяга тиешелүү акыркы маалыматтар мындай: 2011-жылдын 8-ноябрында Алматыда эки укук коргоо органдарынын офицерлери өлтүрүлөт. Ошол офицерлерди өлтүргөн топтун жетекчиси Казакстандын жараны Хасенов деген адам болот.

Ошол Хасеновдун тобундагы беш-алты кишиге Казакстандын ички иштер органдары издөө салып, ошонун негизинде сураштырып келип туруп, аларды Боролдой айылында табат. Тапкан жеринде атайын даярдыктагы аскерлер келип туруп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө баягылар багынбай, укук коргоо органдарына курал колдонот. Ошонун негизинде жанагыдай киши мерт болуп, эки офицер да өлтүрүлүп жатат.

Эми мунун баары эмнени далилдейт? Биз байкап көрсөк, 2011-жылды алсак, бул жылы жаз айларында Алматы шаарында атышуу болуп, ошондо спецназдын 11 офицери жаракат алышкан. Ушул атышуунун негизинде эки террорчу колго түшүрүлүп, эки террорчу болсо өлтүрүлгөн. Ошол эле бул жылдын 17-майда Актөбө шаарында коопсуздук кызматынын башкармалыгынын жанында бир террорчу өзүн жардырган.

- Коңшу өлкөдөгү соңку кырдаал Кыргызстанга кандай таасирин тийгизиши мүмкүн? Айрым адистер Казакстандагы окуялар Кыргызстандагы радикалдуу уюмдарды шыктандырышы мүмкүн деп айтып жатышат.

- Мурда террордук уюмдар Тажикстанга, Өзбекстанга тиешеси бар болчу. Анан Кыргызстанга келип, “мына биз барбыз, дагы эле жүрөбүз, дагы эле бирдеме колубуздан келет” деген мааниде булар Казакстанга өтүшкөн. Себеби, Казакстан Орто Азиядагы өлкөлөрдүн ичинде аскердик куралы, террорчулукка каршы жүргүзгөн иштери боюнча эң бир катуу өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет. Ошондуктан террорчу делгендер атайын дүйнө жүзүнө “мына кыйын деген Казакстанда дагы чаң-тополоң жасап коёбуз” дегенди билдирип жатат. Радикалдуу топтор күчүн көрсөтүп жатат. Ошондуктан абайлашыбыз керек.

- Казакстанда көзөмөл күчөтүлсө, радикалдуу күчтөр Кыргызстанга баш калка издеп кирип келиши мүмкүн деген пикирлер бар. Сиз кандай ойлойсуз?

- Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы визалык режим жөнөкөйлөштүрүлгөндөн кийин, албетте алар тигил жактан качып, сөзсүз кайсы бир жасалма жарандардын паспорттору менен келиши мүмкүн.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG