Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:31

Бишкек Кытайга ыраазычылыгын орден менен билдирди


Кытайдын тышкы иштер министри Ван Иге президент Алмазбек Атамбаев "Данакер" орденин тапшырды. 22-май, 2016-жыл

Кытайдын тышкы иштер министри Ван Иге президент Алмазбек Атамбаев "Данакер" орденин тапшырды. 22-май, 2016-жыл

Акыркы жылдары Кытай Кыргызстанга ири инвестиция салган мамлекет бойдон калууда. 22-майда Бишкекте жолугушкан эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери келечекте дагы бир катар ири долбоорлор ишке ашаарын билдиришти.

22-майда Бишкекке иш сапары менен келген Кытайдын тышкы иштер министри Ван И кыргыз-кытай кызматташтыгына тоскоол болгон эч кандай жагдай жок деп билдирди. Ал Кыргызстан Кытай менен достук мамиледе экенин белгилеп, Бээжин эч бир мамлекеттин ички саясатына кийлигишпесин бекемдеди.

- Жолугушуу дагы бир ирет коңшу өлкөлөрдүн жакшы мамиледе экенин билдирди. Мурда сүйлөшүлгөн иштерди жүзөгө ашырууну талкууладык. Долбоорлор Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө өбөлгө болот деген үмүттөбүз. Биз бардык тармакта колдоого алууга даярбыз.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев соода тармагында Кытай Кыргызстандын башкы өнөктөштөрүнүн бири экенин, жолугушууда эки тарап бир топ долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшкөнүн билдирди.

- Кытай Кыргызстанга саясий жактан эмес, каржылык жаткан жардам берип, өзүнө тартууга аракет кылууда. Бул бир жагынан Кыргызстанда кооптонуучу абалды жаратышы ыктымал.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев дагы жолугуп, "Данакер" ордени менен сыйлады. Мамлекет башчы бул сыйлык эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр линиясынын курулуп ишке киргенине кошкон салымы үчүн экенин белгиледи.

- Сиз тышкы иштер министри болуп турган үч жылдын ичинде кызматташтык жаңы деңгээлге чыкты. Быйыл биз кышта жарык болобу-болбойбу, айрым кошуналарыбыз өчүрөбү-өчүрбөйбү деп ойлонгон жокпуз. Биздин энергетикалык көз карандысыздыгыбызга Кытайдын салымы чоң. Албетте, Кытай Эл Республикасынын төрагасы урматуу Си Цзинпинге ыраазычылык айтам. Кытай Кыргызстандын чыныгы досу.

Пайдаланылбаган мүмкүнчүлүк

Ван И 21-24-май күндөрү Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырат. Ал Кыргызстандан тышкары Казакстанда жана Өзбекстанда болот. Ташкенде Шанхай кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин саммитине катышат. Кытайдын башкы дипломатынын Борбор Азияга болгон жүрүшүнө саясат таануучу Кубан Абдымен мындай баа берди:

- Борбор Азия өлкөлөрү, өзгөчө Жибек жолу боюнда жайгашкан мамлекеттер менен болгон мамилени чындоодо рол ойной турган сапар десек болот. Ал эми Кыргызстан үчүн бул сапар бардык тармакта кызматташтыкты күчөтүп алууга жакшы мүмкүнчүлүк.

Кытай насыясына курулган "Датка" подстанциясы

Кытай насыясына курулган "Датка" подстанциясы

Кыргызстан башкы өнөктөш катары Орусияга ыктап, ЕАЭБге киргени менен өлкө ичиндеги бир топ ири долбоорлорду Кытай мамлекети ишке ашырууда. Ал ири долбоорлор: өлкөнүн ички жана стратегиялык жолдорун реконструкциялоо, "Датка-Кемин", "Датка" подстанциясынын курулушу жана башка иштер. Кытайлык ишкерлер тоо-кен, соода-сатык, курулуш бизнеси сыяктуу өлкөдөгү дээрлик бардык тармакта иштешет. Деген менен 2015-жылы Кытай менен Кыргызстандын товар жүгүртүүсү 10 пайызга төмөндөгөн. Муну расмий адамдар дүйнөлүк кризис менен байланыштырууда.

Айрым серепчилер экономикасы күчтүү өлкөгө коңшу Кыргызстан өз мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланалбай келатканын айтышат. Казакстан сыяктуу кошуналар Кытай менен соода тармагында алакасын чыңдоого аракети күч. “Кыргыз концепт” ишканасынын жетекчиси Эмил Үмөталиев:

Эмил Үмөталиев

Эмил Үмөталиев

- Беш алты жылдан бери саясатыбызды түндүк мамлекеттерине буруп алдык. Кытай менен болгон мүмкүнчүлүктөрдү кармап калбагандыктан, жаныбыздагы Тажикстан мамилесин жакшыртып алды. Азыр экономикасында жакшы жылыштар бар. Ал эми Казакстан болсо Кытайдын чет өлкөгө чыгуучу товарын "Хоргос" аркылуу тартып алды. Эми темир жол долбоору турат. Биз тарап муну дагы чече албай жатат.

Үмөталиев кеп кылган эки өлкөнү бириктирүүчү темир жол долбоору азырынча сөз бойдон калууда. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолушуусунда бул маселе каралган жок. Айрым серепчилер эки тараптын өз кызыкчылыктары жана жолдун багыты, каржы маселеси, темир жолдун жазылыгынын өлчөмү боюнча орток пикир табылбай жатат деп божомолдошот.

Каржылык жардамдан чочулоо

Кыргызстандын тышкы карызынын жарымы Кытайдан келген каражат түзөт. Кытай адатта Кыргызстанды саясий эмес, экономикалык жактан колдоого алып келет. Ири инвестицияларды жумшоо менен Кытай коңшуларына экономикалык жардамдан бөлөк кандай кызыкчылыктарды көздөйт?

- Кытай Кыргызстанга саясий эмес, каржылык жаткан жардам берип, өзүнө тартууга аракет кылууда. Бул бир жагынан Кыргызстанда кооптонуучу абалды жаратышы ыктымал. Себеби тышкы карыздын теңи Кытай тараптан болуп калса, саясий жактан да кысым кыла турган мүмкүнчүлүк ачылат. Бирок Бээжин бийликтеринин сөзүнө караганда Кытай эч качан акча берген өлкөсүнө басым кылбайт. Бирок ошол мезгилде Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө ири инвестиция салууга аракет кылып жатат, - деди саясат таануучу Кубан Абдымен.

Анткен менен экономикасы кубаттуу өлкө менен кошуна болуунун терс жактары дагы көп деген серепчилер арбын. Маселен, Кытайдын арзан товарлары кыргызстандыктардын муктаждыгын камсыз кылып, атамекендик өндүрүштү баш көтөртпөй жатат. Соода-экономикалык алакалардын өнүгүшү Кытайдан келген жарандардын агымын күчөтүп, ал бара-бара улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат дегендер да жок эмес. Анткени Кыргызстанда иштөөгө жана жашоого уруксат берүү боюнча чет элдиктер үчүн бекитилген квотанын 75 пайызын Кытай жарандары алат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG