Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Кумтөр кенин улутташтыруу демилгеси кайрадан көтөрүлдү. Бул демилге президент Атамбаевдин Кумтөр боюнча мамлекеттик кызыкчылыкты коргоодо чечкиндүү чараларды көрүү чакырыгынан кийин айтыла баштады.

Кумтөр кенинин айланасындагы абал боюнча билдирүүсүндө президент Алмазбек Атамбаев Канада сотундагы акыркы чечимдерин ишканага кызыкдар тараптардын чайкоочулугу деп атады. Мурунку бийликтердин чыккынчылыгынын айынан Кыргызстан бул долбоордогу кирешенин тиешелүү бөлүгүн албай келгенин белгилеген өлкө башчы бул жолку Канададагы Онтарио сотунун чечимин өлкөнү кысмакка алуу аракети катары баалаган. Мындан улам түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн кыргыз бийликтери чечкиндүү чараларды көрөрүн Атамбаев эскертти. Билдирүү тууралуу президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов төмөнкүлөргө токтолду:

- Президент Кыргыз Республикасы сот системасынын ишинин принциптерин урматтайт, бирок азыркы пайда болгон тенденция өкмөттүн алдына Кыргызстандын активдерин коргоо жана мындан ары ушуга окшош коркунучтардын алдын алуу боюнча кыйла таасирдүү механизмдерди пайдалануу милдетин коюп жатканын белгиледи. Тактап айтканда, Торонтодогу канадалык фонддук биржадагы листингден Centerra Gold inc акцияларын чыгарып кетүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маселени коюуга мажбурлайт. Же мамлекет өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн кыйла чечкиндүү чараларды көрөт деп эскертти өлкө башчы.

Кумтөр кениндеги жумушчулар.

Кумтөр кениндеги жумушчулар.

Ошондой эле президент “Центерра Голд” менен мунасага жетишүү боюнча Кыргызстандын соңку аракеттери каалаган жыйынтыктарды бербей жатканын кошумчалаган.

Буга чейин Кеминдеги сейрек кездешчү металлдар чыккан Куттуу-Сай кени боюнча канадалык Stans Energу компаниясынын арызын караган Москва Соода-экономикалык палатасынын алдындагы Арбитраж кыргыз өкмөтүн 118 млн. долларга доого жыккан. Ал чечимдин негизинде 14-октябрда Канаданын Онтарио соту Кумтөр долбоору боюнча Кыргызстандын 60 пайыздык акциясын камакка алган эле.

Президенттин билдирүүсү коомчулукта Кумтөр боюнча чечкиндүү кадамдар эмне болушу мүмкүн деген суроого жем таштады. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев чечкиндүү кадам катары кенди улутташтырууну атап жатат:

- Кумтөрдү улутташтырып өзүбүзгө алышыбыз керек. Алар Канадада “Центерранын” акциясын басып жата берсин. Анткени кен менен комбинат бизде жайгашкан. Алар муну эч нерсе кыла албайт. Ал эми сырттагы активдер менен акциясын алар каалашынча ала берсин.

Ушундай эле пикирди бийликтеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков да колдойт. Анын айтымында, Кумтөрдүн айланасындагы акыркы жагдай кыргыз өкмөтүн дал ушундай радикалдуу кадамга барууга түртүп жатат:

- Бул маселенин артында эл аралык афералар турса, кенден кыргыз эли пайда көрбөсө, анда улутташтырууга барганыбыз оң. Кыргызстандын ансыз деле чет өлкөдө кыйраткан акциясы же мүлкү жок. Ошондуктан, улутташтырууга баруубуз зарыл болуп турат. Анын үстүнө быйыл февралда кабыл алган, үлүштөрдү теңме-тең бөлүү боюнча келишимибиз да ордунан жылбай жатпайбы.

Фракция лидерлери Кумтөрдү улутташтыруу маселеси жакынкы аралыкта парламентте көтөрүлүшү мүмкүн экенин четке какпайт. Ансыз деле Өмүрбек Текебаев иштеп чыккан улутташтыруу боюнча мыйзам Жогорку Кеңештин комитеттеринде каралып жатат.

Токон Мамытов

Токон Мамытов

Анткен менен “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчилери Кумтөрдү улутташтыруу демилгеси боюнча шашылбоого чакырууда. Ишкананын президенти Токон Мамытов “Азаттыкка” сүйлөп жатып, бул багыттагы чечкиндүү чара катары ишти мыйзам талаасында чечүүгө бардык аракетти жумшоону айтып жатат. Анын айтымында, учурда Кумтөрдөгү акциялардын камакка алынышы боюнча Канада сотуна доо арыз жолдонду:

- Минскидеги КМШнын Экономикалык соту "Москвадагы Арбитраждын бул арызды караганга укугу жок" деп чечим чыгарып берди. Экинчиден, Stans Energy канадалык сотко кайрылганда бизге кабарлап койгон эмес. Ал сотко болсо катышкан жокпуз. Үчүнчүдөн, “Кыргызалтындын” Stans Energy менен байланышы, доосу жок болчу. Биз ал компания менен байланышкан эмеспиз, эмне себептен биздин акцияга кол салат деген доо арыз менен канадалык сотко кайрылдык. Алар арызды кабыл алды. Жакында алар сот отуруму качан болору тууралуу жооп берет.

Мындай жол менен Канада соту камакка алган “Кыргызалтындын” акцияларын чыгарууга болот деген Мамытов улутташтыруунун кесепети абдан оор болушу мүмкүн экенин эскертүүдө. Мындай жолго баруу менен Кыргызстан эл аралык финансылык уюмдардын блокадасына тушугуп, абдан чоң жазаналарга кириптер болушу мүмкүн:

- 2009-жылы Кумтөр боюнча келишимди түзгөндө кандайдыр бир улутташтыруу же экспроприация маселеси көтөрүлсө базар баасы менен накталай, Канада тарап көрсөткөн банкка акча төлөйт деп Кыргызстан милдеттенме алган. Мына ушуну төлөй алабызбы, төлөй албайбызбы, муну да ойлонушубуз кажет. Андан сырткары бардык эл аралык финансылык институттар менен алаканы бузуп алышыбыз мүмкүн. Ошондуктан, улутташтырабыз деп айтканга оңой, бирок анын кесепетин азыртадан ойлонуу зарыл.

Ушул жылдын февраль айында Жогорку Кеңеш Кумтөрдө теңме-тең үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди жактырган. Эми дагы кошумча 10дон ашык келишим түзүлүп, аны парламент жактырышы керек. Бул үчүн парламент 15-декабрга чейин өкмөткө убакыт берген. Учурда бул сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн “Центерра Голддун” жетекчилери Кыргызстанга келбей, талкуу видео-конференция аркылуу өтүп жатат. Мындан улам сүйлөшүү күтүлгөн жыйынтыкты бербей жатканын өкмөт өкүлдөрү моюнуна алып келет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG