Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

Кыргызстандын канча ири кен байлыктары бар. Алардын канчасы иштетилип, канчасы жөн турат? Кендерди иштетүү үчүн лицензия алуунун жол-жобосу кандай?

Кыргызстандын тоо-кен тармагы экономикалык тез өсүштү камсыз кыла турган негизги потенциалдардын бири катары каралып келатат. Азыркы кезде тоо-кен тармагы өлкөнүн өнөр жай продукциясынын 48% берет. Ал эми жалпы ички дүң өнүмдүн 10% түзөт. Өнөр жайынын жарымын берген тармак экспорттун да тең жарымына жакынын түзөт. Анткени өлкөдө өндүрүлгөн алтын, сейрек металлдар негизинен экспортко кетет.

Алтын кендерин ала турган болсок, жалпысынан 2.5 миң кен аныкталган. Анын ичинен мамлекеттик баланска 500 тонна алтын кени алынган. Ири алтын кендердин ичинен уникалдуу деп эсептелген 200 тоннадан ашуун кору бар Кумтөр, ири деп эсептелген Жерүй, Талды-Булак-Сол-Жээк, орточо болгон Макмал, Бозумчак, Иштамберди, Алтын-Жылга, Үңкүр-Таш кендери турат. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, Кыргызстанда алтын, күмүш, сурма, сымап, вольфрам, калай, бериллий, уран, алюминий, жез, коргошун, темир, көмүр жана башка кендер бар.

Алтындан сырткары эки миң тоннадай кору бар күмүш, 1 млрд. тоннадан ашуун запасы бар көмүр кендери, алардан сырткары сурма, сымап, калай, сейрек кездешүүчү металлдар, алюминий кендери бар.

Кыргызстандык белгилүү геологдордун бири Ишенбай Чунуев тоо-кен тармагынын потенциалы чоң, бирок кендер так бааланууга муктаж деп эсептейт. Азыркы кезде Кыргызстан шартында алтын жана көмүр кендерин казуунун келечеги дурус дейт Чунуев:

- Жорковский система деген бар. Биздин кен байлыктарды баалаш керек. Туура баалаш керек. Ансыз быякта көп деп эле мактанып жатабыз. Мына мисалы темирди алсак, аны иштеткенге азыр кыйын. Биз азыр алтын, көмүр, курулуш материалдарын чыгаруу тармактарын иштетсек болот. Коло, калайдын да баасын арзан болуп, орустар менен кытайлар ишти тездетпей, жөн эле кармап турушат.

Ишенбай Чунуевдин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы темир кендери геологиялык изилдөөлөргө, тактоолорго муктаж. Ал эми алюминий кендерин иштетүү үчүн өтө көп электр энергиясы, жогорку чыңалуудагы электр линиялар жана суу керек. Анын баары азыркы кезде турмуш-тиричиликке да жетпей жатат.

Куттуу-Сай кени

Куттуу-Сай кени

Кыргызстанда сейрек кездешүүчү металлдардын айланасында да чуру-чуу жаралганы маалым. Өзгөчө Куттуу-Сай жана Кале-Сай кендери боюнча соттошуулар, чатактар токтобой келатат. Жалпысынан өлкөдө сейрек кездешүүчү металлдын өлчөмү 50 миң тоннадан ашат. Ал эми аны бере турган пайдасы 1 млрд. доллардын тегереги дейт Чунуев.

Кендерди иштетүү үчүн Геология жана минералдык ресурстар агенттиги лицензия берет. Азыркы мезгилге карай 1070 лицензия берилген. Алардын ичинен көбүнесе суу, көмүр, мунай, газ, металлга берилген.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин лицензия берүү боюнча башкармалыгынын адиси Бегайым Сейталиеванын айтымында, кайсы бир кен байлыкты иштетүүгө лицензия алуу үчүн тийиштүү документтерди даярдап келиш керек. "Андан кийин төлөнө турган акчалар алынат", - дейт Сейталиева:

- Бизде азыркы кезде бланкалар үчүн 300 сом төлөнүш керек. Ал мамлекеттин бюджетине кетет. Андан кийин бонус, роялти жана кармаган үчүн төлөм бар.

Сейталиеванын айтымында, лицензия алуу үчүн баарынын укугу бирдей. Бирок геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзгөн компанияда ал кенди иштетүүдө артыкчылыгы болот.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG