Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

Ысык-Көл жээгине "Курманжан Датка" тарыхый комплексин куруу маселеси коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. Облустун Чоң Сары-Ой айылынын тургундары бийликке кайрылып, бул боюнча өз пикирлерин билдиргени жатышат.

Жергиликтүү тургундар көл боюна тарыхый комплекс курууга негизинен каршы эмес. Бирок мунун артынан бизнес жасап, 20 гектар жерге эс алуу жайын курууга макул эмес. Бул демилгенин ээси "Курманжан Датка" фондунун төрайымы, депутат Жылдызкан Жолдошева комплекс Кыргызстандын көрүнүктүү тарыхый жайларынан болот деп ишендирүүдө.

"Курманжан Датка" фондунун төрайымы, депутат Жылдызкан Жолдошеванын айтымында, тарыхый комплекс куруу идеясы 2001-жылы пайда болгон. Комплекс беш багытты камтыйт. Биринчиси, кыргыздын тарыхын көрсөткөн музей, экинчиси, музейдин тегерегиндеги Барсбектен баштап Алымбек датка, Борбонбай бийге чейин 11 же 15 тарыхый инсандардын айкели, үчүнчү - спорт комплекси, төртүнчү багыт – ачык асман алдындагы концерттик зал, бешинчи, көп кабаттуу эс алуу жайын жана мурдагы Союзга кирген 15 республиканын музейин куруу пландалган.

Комплекс куруу чечими 2003-жылы Акаевдин тушунда кабыл алынган болчу. Ал үчүн Ысык-Көл облусунун Чоң Сары-Ой айылынан 15,6 гектар жер 49 жылга ижарага берилген. Буга чейин мамлекет 15 миллион сом бөлгөн. Маалыматтарга караганда, айкелдер менен музейди бүткөрүү иши 45 миллион сомго бааланган экен.

Бийликке кайрылуу

Чоң Сары-Ой айылынын тургундары көл боюна тарыхый комплекс курууга негизинен каршы эмес. Бирок алар мунун артынан бизнес жасап, 20 гектар жерге эс алуу жайын курууга макул болбой жатышат. Айыл тургундары ушул маселе боюнча президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына жана премьер-министрдин атына кайрылуу даярдоодо. Бул тууралуу “Азаттыкка” чонсарыойлук Рысбек Токсобаев кабарлады:

- Айыл тургундары пансионат курулуп жатканына каршы чыгып атат. Кадимкидей эле пансионат салынып атат. Тарыхый комплекс эмес ал, биз долбоорун көрдүк, кичине эле бир жерде Курманжан энебиздин эстелиги бар экен. Мейманкана, яхта, бассейн, концерттик зал курулат экен. Курманжан Датканын аброюна шек келип калат. Анын атын жамынып алып эле пансионат салынып атат. Биз даана тарыхый комплекс салынса деп кайрылуу жасайын дегенбиз.

Айылдык кеңештин депутаттары бул маселени карап, элдин эсебине чечим чыгарып берген. Депутат Базарбек Мамытовдун айтымында, алар жердин көлөмүнүн чоңдугуна каршы чыгышкан экен.

- Эл "биз деле каршы эмеспиз" деп атышат. Бирок балдар беш сотиктен жер ала албай жүрсө бир киши келип эле 15-20 гектар жер алат деп нааразы болуп жатышат. Биз элдин эсебине чечим чыгарып бергенбиз. Же салык төлөбөсө, же эч нерсе төлөбөсө ошонун негизинде жерди кайра кайтарып берсин деген чечим чыгарып бергенбиз.

Анткен менен идеянын демилгечиси Жылдызкан Жолдошева көл жээгине курулчу комплекс кыргыз тарыхын чагылдырган жер болот деп ишендирүүдө. Анын айтымында, жердин алууга башка бир тараптар кызыкдар болушу ыктымал.

- Бүт баары болмок. Укмуштуудай сонун комплекс салына турган. Эми ошол жерди талашкандар көп.

Ири долбоор көп каражатты талап кылат

Айрым маалымат булактарында белгиленген 20 гектар жер пляждары менен чогуу эсептелгенин Жолдошева кошумчалай кетти. "Курманжан датка" комплексин куруу идеясына датканын урпактары дээрлик колдоп келишет. Чөбөрөсү Адылбек Султанбеков бул кыргыз элин таанытмак деп эсептейт.

- Ысык-Көлдө курулуп жаткан комплекс Алымбек Датка менен Курманжан Датканын эле комплекси болбойт.

Анткен менен Датканын урпактарынын бири Турсунай Өмурзакова идеяны жалпысынан колдогону менен "Датканын атын көп жерде колдонуп, өз кызыкчылыгын ойлойт" деп Жылдызкан Жолдошеваны сынга алууда.

- Албетте андай пикирлер бар. Акча жасап, бизнес жасап, сүйлөгөн сөзү эле акча деп. Курманжан Датка китебин да чыгарып миң сомдон сатып, 150-200 миң сомду жыйнап кеткен учурларын угуп эле жүрөбүз. Чындыгында улуттун абийир, энелик үлгү болгон эненин атын алып жүргөн фонд өтө эле акча менен алектенбеш керек эле. Бизде деле ошондой күмөндүү ойлор, пикирлер көп. Фильмин тартканда да урпактарын жолотпой, аябай интрига уюштуруп атып тартпадыбы.

"Курманжан датка" даректүү тасмасынан фрагмент, 28-декабрь, 2010
Каражатка байланыштуу маселелерди тактоо максатында Жылдызкан Жолдошевага кайра кайрылдык. Анын айтымында, кайрымдуулук фонд катары алган жана 15 миллион сомду фонд кайра кайрып бере турганын кабарлады.

- Өкмөт бөлүп берилип жаткан 15 миллион сомду он жылдан соң кайтарып беришибиз керек. Бул кайрымдуулук фонд катары тарыхый музей менен айкелдерди өкмөттүн 111-токтому менен ушул эки нерсени гана каржылап берет. Буларды бүтүрүш үчүн 44 млн. сомдой керек болот. Ал кайра кайтарымдуу. Аны он жылдын ичинде инвестор келип калса төлөп бере турган.

- Аны фонд төлөйбү?

- Инвестор төлөп берет же ишке кирип калса фонд төлөп берет. Эгер он жылдын ичинде төлөй албай калсак, жерди эмес музей менен композиция Маданият министрлигине өткөрүлүп берилет. Бул буйрукта ушундай жазылган.

Анткен менен айрым ишкерлер, эксперттер мындай чоң долбоорлорду мамелкеттин каражаттын жумшабай инвесторлордун жардамы менен ишке ашыруу туура деп эсептешет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG