Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:49

Педофилияны өлүм жазасы токтотобу?


Айрым коомдук уюмдар педофилдерди өлүм жазасына тартууну талап кылып, элден да кол топтошкон. 
Айрым коомдук уюмдар педофилдерди өлүм жазасына тартууну талап кылып, элден да кол топтошкон. 

Педофилдерге өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы иштеп чыккан педофилдерге өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам долбоору парламенттин расмий сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду.

Фракция лидери Бакыт Төрөбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, катуу чаралар менен гана жашы жете электерге сексуалдык зомбулукту токтотсо болот:

Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

- Жаш балдарга карата сексуалдык кылмыштар көбөйүп жатат. Эгерде элдин генофондун сактайбыз десек, педофилдерге жоопкерчилик чарасы - өлүм жазасын мыйзамдуу түрдө киргизүү менен катуулатуу керек. Ал эми мыйзамды кабыл алуунун тартиби жөнүндө айтсак, күзүндө болот делген референдумга киргизүү боюнча биздин фракция сунуш бердик. Эгерде депутаттар бизди колдосо, мындай норма учурдагы Конституцияга киргизилет.

“Өнүгүү-Прогресс” Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган парламенттеги беш фракциянын бири. Бул фракциянын референдумдагы негизги сунушу дал ушул өлүм жазасын киргизүү экени айтылууда.

Кыргызстандын учурдагы Конституциясында өлүм жазасына тыюу салынган. Бул жаатта эл аралык милдеттенмелерге да кол коюлган. 2010-жылдагы Конституциянын негизги автору болгон “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев буларга токтолду:

- Бизде Конституцияда өлүм жазасына тыюу салынган. 2010-жылы мартта Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакттын экинчи факультативдик пактына Курманбек Бакиев кол койгон экен. Ошондуктан Баш мыйзамга тиешелүү өзгөртүү киргизип, андан соң мыйзамды кабыл алуу керек болот. Ошондой эле эл аралык келишимдерден чыгууга туура келет.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Өмүрбек Текебаев белгилегендей, өлүм жазасын киргизүү үчүн Кыргызстан мурда кол койгон бир нече келишимден чыгышы керек. Ошондуктан укук коргоочулар мындай мыйзамды кабыл алуу менен өлкөнүн кадыр-баркына доо кетерин эскертишүүдө. Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев бул жаатта өтө ойлонулган чечим кабыл алуу зарылдыгын белгилейт:

- Мен ата катары бул демилгени колдойм. Бирок укук коргоочу, акыйкатчы катары аны колдой албайм. Себеби Кыргызстан адам укугун сыйлаган, демократиялык мамлекет катары көптөгөн эл аралык конвенция, келишимдерге кол койгон. Анда көптөгөн милдеттенмелерди алган. Алардын бири өлүм жазасына тыюу салуу болгон. Өлүм жазасын киргизүү менен кылмышты азайтабыз деген да бир аз туура эмес. Буга чейин мындай практика болсо деле, кылмыштар катталып жаткан өлкөлөр бар.

Укук коргоочулар да өлкөдө адилет сот системасы орномоюнча мындай чара опурталдуу экенин айтышууда. Укук коргоочу Динара Ошурахунова муну партиянын тар кызыкчылыкты көздөгөн популисттик демилгеси деп атады:

- Макул эми педофилдерге өлүм жазасын киргизели. Бирок ошол мыйзамдан пайдаланып азыркыдай коррупциялашкан сот системасынан улам бейкүнөө адамдар жабыр тартпайт деп ким кепилдик берет? Реформаланбаган, коррупциялашкан системада мындай кепилдикти эч ким бербейт. Өлүм жазасын киргизүү деген абдан оор, тыкыр караш керек болгон маселе. Бул оюнчук эмес. Ал жөн эле популисттик демилге менен көтөрө бере турган маселе эмес.

Мен ата катары бул демилгени колдойм. Бирок укук коргоочу, акыйкатчы катары аны колдой албайм. Себеби Кыргызстан адам укугун сыйлаган, демократиялык мамлекет катары көптөгөн эл аралык конвенция, келишимдерге кол койгон.
Кубат Оторбаев

Кыргызстанда жаш балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдү өлүм жазасына тартуу талабы акыркы эки жылдан бери көтөрүлүп келүүдө. Айрым коомдук уюмдар бул боюнча Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү жана педофилдерди өлүм жазасына тартууну талап кылып, элден да кол топтошкон.

Кылмыш кодексинин 132-беренеси боюнча азыркы убакта жашы жетелек балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөр үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Өткөн жылы жашы жете электерге карата жасалган 1019 кылмыш катталса, анын 182си сексуалдык мүнөздө болгон. 74 бала зордуктоого кабылган. Адистердин айтымында, укук коргоочуларга, тартип сакчыларына кайрылбагандар андан кыйла көп болушу ыктымал.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG