Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:09

Өткөн жумада Кыргызстандын парламенти секелектерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоорун өткөргөн жок. Долбоорду 44 депутат колдоп, добуш берген менен 61 депутат каршы болду.

Парламенттин мындай чечими коомдо кызуу талкуу жаратып, укук коргоочулар мыйзам долбоорун тезинен кабыл алуу талабын билдиришти.

Парламенттин мыйзам долбоорун колдобой коюшуна эмне себеп болду? Каршы добуш берген депутаттар мындай мыйзамдын зарылдыгын сезген жокпу же балдарды кордогондордун укугун жогору койдубу?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев, Тазабек Икрамов жана акыйкатчы Кубат Оторбаев катышты.

“Азаттык”: Тазабек мырза, сиз жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусуна диний уруксат берген нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбооруна каршы добуш берген 61 депутаттын бири болдуңуз, эмне себептен же укук коргоочулар айткандай педофилдердин укугун коргоп жатасызбы?

Тазабек Икрамов: Биз педофилдердин укугун коргогон жокпуз, тескерисинче аларга өлүм жазасы берилсин деген маселени көтөрүп жүрөбүз. Алардын өлүм жазасына тартылышына бейөкмөт уюмдар каршы болуп жатышат. Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова баштаган депутаттар даярдаган мыйзам долбооруна каршы болгондугубуздун негизги себеби долбоордо “диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө, нике жөнүндөгү мыйзамдарды бузуу менен жашы жетпеген адам менен никеге туруу боюнча диний каада жасаган адам, анын ата-энелери, аларды алмаштыруучу адамдар үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылсын” деп жазылып турат.

Бул жерде жашы жетпеген кыздын ата-энеси жазылган жок, жашы жетпеген кызды алган бала тарап жана анын ата-энелери жазылбай бир гана диний каада жасаган адам менен анын ата-энелери, башкача айтканда, нике кыйган молдолорду ата-энелери менен кошуп үч жылдан беш жылга чейин камоо тууралуу жазылган. Бул туура эмес. Бул диний адамдарга басым жасоо тууралуу жазылгандыктан жана биз кылымдан кылымга колдонулуп келген нике кыюу салтын бузуп, батыш мамлекеттериндегидей никесиз жашоого жол ачкан долбоор болуп калгандыктан каршы болдук.

“Азаттык”: Кубат мырза, Кыргызстандын Акыйкатчы институту Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбооруна кайра кайрылып, аны кабыл алышы керек деп билдирди. Ага негиз берген аргументтериңиз кандай?

Кубат Оторбаев: Негизги аргументтердин бири - барган сайын жашы жете элек кыздардын турмушка эртелеп чыккан фактылары көп болуп жатат. Статистикага карай турган болсок, жылына турмушка чыккан кыздардын 25 процентин жашы жете элек кыздар түзөт экен. Ошолордон төрөлгөн балдар, анан өздөрүнүн ден соолугу жана башка жагдайлар мыйзам долбооруна кайрылууга негиз берет. Демек долбоор редакциялык гана оңдоолорго муктаж болсо, демек аларды оңдоп туруп кайра кароого болот.

“Азаттык”: Эмил мырза, сиз ушул талаш-тартыш жараткан мыйзам долбоорунун авторлорунун бирисиз. Анын парламентте колдоо таппай калышына эмне себеп деген ойдосуз? Долбоордун колдонбой калышы депутаттардын абалды аңдап билбегендигин көрсөттүбү же мындай мыйзамдын коомго керек эместигин көрсөттүбү?

Эмил Токтошев: Азыр эле айтылгандай, бул мыйзам долбоору коомдо көйгөй жараткан көрүнүштү оңдоо зарылдыгынан улам даярдалган. Кароого чейин бир канча жолу тегерек үстөл жыйындарында талкуулаганбыз, Чубак ажы Жалилов баштаган дин кызматкерлери колдоп, макул болушкан. Бирок добуш берүүгө келгенде депутаттар колдошкон жок. Буга негизги себеп депутаттардын долбоорду окубай, маңызын түшүнбөй калышы болду окшойт. Бул тууралуу социалдык тармактарда жазышты.

10 миң үй-бүлө ажырашат. Алардын жок дегенде бир-эки миңи нике менен баш кошкон жашы жете элек кыздар. Алар талаада калып, алимент ала алышпайт, мүлккө ээ боло алышпайт, демек укугу корголбойт. Алар барып-барып ата-энесинин моюнуна минишет, алар дагы көйгөйдү көтөрө алышпайт, ошонун негизинде суицид жана жалпы нааразылык көбөйүп жатат.

“Азаттык”: Тазабек мырза, социалдык тармактарда Жогорку Кеңештеги депутаттардын көбү бул мыйзам долбоорунун зарылдыгын түшүнгөн жок, демек кайра ага кайрылып, дароо кабыл алышы керек деген пикирлер көп жазылды. Парламент депутаттарынын ушундай ойлорду эске алып, аны жакшыртууга өз салымдарын кошууга алы жетеби?

Тазабек Икрамов: Сөзсүз түрдө кабыл алабыз. Бул жерде секелекти күйөөгө берген ата-эне жана келин кылып алган баланын ата-энеси жоопко тартылат деген жобо киргизилсе макулбуз.

Кубат Оторбаев: Бул жерде кыз өзү макул болуп барып жатат деген сөздөр айтылып жатат. Бирок, кыргыздын кыздары өтө ыймандуу, өйдө карап сүйлөй албагандыгын эске алышыбыз керек. Көчөт кыздарыбызды шартка ылайык болуш керек деп мажбурлашат. Бул жерде жалпы аң-сезимдин, анын ичинде билим берүү, укук коргоо, маданий аң-сезимдин төмөндөп кетиши менен байланыштуу болуп жатат.

Мына Ош шаарында бир топ кризистик борборлор ушул мыйзам кабыл алынбай калгандан кийин пресс-конференция беришти. Ошол жерде “Аруулан” деген кризистик борбордун жетекчиси Наргиза Эштаева өткөн жылы 16 жашка чыга элек 160 миң кыз турмушка чыкты, анын ичинен 15 жашка чыга электери 6 миң кызды түздү деп жатат. Булар эне сүтү оозунан кете элек секелек балапандар, биз аларды чоң көйгөйгө түртүп жатабыз. Ошондон улам ажырашуулар көп. Мына жыл сайын 10 миң үй-бүлө ажырашат. Алардын жок дегенде бир-эки миңи нике менен баш кошкон жашы жете элек кыздар. Алар талаада калып, алимент ала алышпайт, мүлккө ээ боло алышпайт, демек укугу корголбойт. Алар барып-барып ата-энесинин моюнуна минишет, алар дагы көйгөйдү көтөрө алышпайт, ошонун негизинде суицид жана жалпы нааразылык көбөйүп жатат. Бул жерде молдолорду эч ким күнөөлөгөн жери жок. Ошондуктан долбоорду жакшылап карап туруп, редакциялык өзгөртүүлөрдү киргизип туруп, кайра кайрылса болот.

Эмил Токтошев: Алдын ала талкууда бардык тараптар макул болушкан, демек долбоорго сунуштар болсо, аларды кайра кароого коё алабыз.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG