Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:16

2005-жылы 24-мартта Кыргызстанда элдин күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу режими кулатылган.

Бишкекте “жоогазын ыңкылабы” деген аталыш менен белгилүү март окуясынын 11 жылдыгына карата талкуу болот. Анда 2005-жылдагы март жана 2010-жылдын апрелиндеги Элдик ыңкылаптардын себептери жана сабактары тууралуу кеп козголот.

2005-жылдын март айында бийликке каршы элдик толкундоолор Жалал-Абад шаарында башталып, өлкөнүн бүт аймагына жайылган.

Аскар Акаевдин башкаруусуна нааразы болгон миңдеген демонстранттар 24-мартта Ак үйгө кирип барган. Натыйжада президент үй-бүлөсү менен Кыргызстандан качып чыгууга аргасыз болгон.

Ошол жылы мамлекет башчылыкка Курманбек Бакиев шайланып, 24-март - “Элдик ыңкылап күнү” деген аталышта жылнаамада кызыл менен белгиленген.

Бакиевдин бийлиги кулатылган соң, 2012-жылдын июль айында ал күн майрамдардын катарынан алынып салынган.

Беш жылдан кийин Акаедин ордуна келген президент Курманбек Бакиев ушундай эле жол менен кызматтан кубаланган.

Акаевдин бийлигине каршы күрөшкө чыккандар март ыңкылабы бийликти кулаткан менен системаны өзгөртө албай калганын Бакиевдин бийлиги орногондон кийин түшүнүп, кайрадан жаңы күрөшкө аттанганы белгилүү. Ошентсе да коомчулукта март ыңкылабы элдин калыстыктан тайган бийликке каршы туруу, көзөмөлдөө кудуретин далилдеп, өлкөнүн демократиялык нукта өнүгүүсүнө жол чаап берди деген пикирлер арбын. Ал эми ыңкылаптардын башында турган Азимбек Бекназаров өңдүү саясатчылар эки ыңкылап тең элдин үмүтү менен ишенимин актоого кудуретсиз болду деген көз карашта калууда.

Авторитардык бийликке каршы күрөш башталган 2000-жылдардан бери ат үстүндө келе жаткандардын дээрлик көпчүлүгү март ыңкылабын элдин акыйкат бийлик орнотуу максаттарын ишке ашыруунун бир баскычы деген көз карашка улам көбүрөөк ыкташат.

24-март, 2005-жыл

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG