Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Министрликтин дары-дармекти көзөмөлдөө аргасы


Кыргызстанда милдеттүү медициналык камсыздоо үчүн жарандар маянасынын 0,5 пайызын которот.
Кыргызстанда милдеттүү медициналык камсыздоо үчүн жарандар маянасынын 0,5 пайызын которот.

Кыргызстанда мамлекет кепилдеген же жеңилдик берген дары-дармектер менен медициналык жабдуулардын электрондук базасы түзүлдү.

Бул тууралуу билдирген саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бул система саламаттыкты сактоого бөлүнгөн каражаттын кайда чыгымдалганын ачык көзөмөлдөөгө жана коррупциялык элементтерди ооздуктоого өбөлгө түзөөрүн айтты. Саламаттыкты сактоого кеткен акчанын даректүү жумшалышын көзөмөлдөө демилгеси эки жылдан бери чоң каршылыкка дуушар болуп келгени мисалга алынды.

Тартипке салууга ташталган кадам

Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн, дарылардын жана медициналык каражаттардын электрондук базасын түзүү боюнча демилгени ишке ашырууга киришти. Буга байланыштуу дары-дармектер менен медициналык жабдууларды коддоштуруу боюнча атайын программалык камсыздоо иштелип чыкты. Ар бир атайын дайындалган аталыштагы кодификатор Каржы министрлигинин астындагы мамлекеттик сатып алуулар боюнча интернет порталга колдонууга киргизүү үчүн тапшырылганы айтылды.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бул тармактагы башаламандыкты тартипке келтирүүгө кадам ташталганын мындайча белгиледи:

- Ооруканаларга тапшырылган дары-дармектер мөөнөтү өткөнгө чейин эле пайдаланылбастан калып кетип жаткан учурлар бар. Мына ошентип ар бир медициналык мекемедеги дары-дармектер топтолуп калып жатат. Ошондуктан бизде дагы чет мамлекеттегидей улуттук электрондук тутум киргизип, дары-дармектерди бажы терминалынан киргенден тартып, кайсы кампада сакталып, андан кайсы ооруканага түшкөнүн жана андан ары колдонулушун натыйжалуу көзөмөлдөөгө шарт түзүлөт. Биздин алдын ала эсеп боюнча эле жылына 350 миллион сомго чейин үнөмдөп калат экенбиз.

Эки жылдан бери ишке ашпаган демилге

Министрдин айтымында, эми мындан ары жарандар акысыз медициналык кызмат көрсөтүү боюнча программалардын негизинде мамлекет кепилдик берген жеңилдиктерден кыйналбай пайдалана алышат. Анткени буга чейин жарандар ооруканага түшкөндө мамлекет кепилдеген же милдеттүү медициналык камсыздоо фонду тарабынан төлөнгөн жеңилдиктерден толук пайдалана алышчу эмес. Ошондуктан мамлекет сатып алган кымбат баалуу дары-дармектер жең ичинен сатылып кетип жатканы айтылганы менен анын бардыгын далилдөө кыйынга турчу. Бул тууралуу билдирген министр Талантбек Батыралиев электрондук көзөмөл киргизүү демилгеси каршылыкка тушугуп келип, маселе жакында гана чечилгенин айтты:

- Саламаттыкты сактоо министрлиги бөлүштүргөн акчаны пайдалануу калкка дагы, бизди текшерүүчү органдарга дагы ачык-айкын болот. Бизде жыл сайын укук коргоо органдары, салык кызматы жана каржы полициясы сыяктуу органдар тынымсыз келип, улам-улам кайталама текшерүүлөрдү жүргүзүп турат. Эми алар бизге келип отурбай эле, электрондук базадан карап, кемчиликтер болсо убакыт кетирбей эле ошол бир конкреттүү учур боюнча текшерип турса болот. Анан буга чейинки калыптанган системадан пайда көргөн шылуундар буга каршы чыгып, демилгени ишке ашырбоо үчүн бир топ бут тосушту. Бирок биз өкмөттү каржы тутумдагы агымды электрондук негизде көзөмөл болбосо бул тармакта башаламандык боло берерин айтып, ынандырдык.

Саламаттыкты сактоо тармагындагы электрондук базанын түзүлүшү дарыны сатып алуудан баштап, аны колдонгонго чейин кыймылдын ачык-айкындуулугун камсыздап турары айтылды. Ошондой эле базада дары-дармектердин өндүрүштүк баасы менен алардын жасалма эместиги, сапаты жана таасири туурасында дагы кеңири маалымат бериле турганы көрсөтүлгөн.

Реформаларды колдоо коомдук кыймылынын өкүлү, жарандык активист Келдибек Жеенбеков буга чейин демилгенин ишке ашпай келген себебин төмөндөгүдөй жагдай менен байланыштырды:

- Электрондук базаны киргизүү тармактагы коррупциялык схемаларды жойгонго бир топ, өбөлгө түзмөк. Бирок ошол натыйжалуу ишке ашабы же жокпу деген маселе бар. Себеби дары-дармектерден олчойгон пайда көрүп жаткан күчтөр мүмкүн болушунча аны толук кандуу ишке киргизбөөгө аракет жасаары турган иш.

Кыргызстанда милдеттүү медициналык камсыздоо үчүн жарандар маянасынын 0,5 пайызын которот. Буга кошумча аталган фондго мамлекет жыл сайын аскер кызматчылары, милиция жана башка аткаминерлер үчүн каражат бөлөт. Ошондой эле мамлекет дарылоону кепилдеген оор ооруулар үчүн бюджеттен жылына каражат каралган. Мындан сырткары Глобалдык фонд сыяктуу эл аралык донорлордон жыл сайын дары-дармек сатып алууга гранттар келип түшүп турат.

"Эми мына ошонун баарынын эсебин алып, дары-дармектерди даректүү пайдаланууга өбөлгө түзүлдү" - дейт министр Талантбек Батыралиев.

XS
SM
MD
LG