Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Мурзубраимов: Эл ассамблеясы эми курал болбойт


Кыргызстан эл ассамблеясынын төрагасы Бектемир Мурзубраимов ар улуттан куралган кыргызстандыктар жана алар менен иштешип жаткан Ассамблеянын бүгүнкү мүмкүнчүлүктөрү, өксүктөрү тууралуу сөз кылды.

“Азаттык”: Кыргызстан эл ассамблеясынын башкы милдети өлкөдөгү ар улуттун укуктарын коргоо экендиги белгилүү. Бүгүн ассамблеянын ошондой таасири барбы?

Бектемир Мурзубраимов: Чындыгы Кыргызстанда жашаган улуттардын укуктарын белгилүү деңгээлде коргоого, колдоого өзүнүн таасирин тийгизиш керек. Былтыркы Ош окуяларынан кийин ассамблеянын таасири, ролу болбоду. Кыргызстандагы жашаган элдин ассамблеясы деп эсептелгени менен түштүктөгү окуянын болтурбай коюуга эч кандай таасирин тийгизе алган жок деген пикирлер көп эле айтылбадыбы.

“Азаттык”: Канча жылдан бери жашап келаткан, калыптанып калган уюм эмне үчүн ушундай жагдайда болуп калды?
Балдар бакчасынан, 1-класстан баштап эле бардык башка улуттарга тиешелүү программанын негизинде көп сабактарды кыргызча өткөрүп, 9-10-класска келгенде бардык сабактар кыргызчага өтсө болот. Анда эч кандай кыйналуу болбойт. Себеби жаш балдардын кабыл алуусу абдан жакшы, өзүнүн тилин, каада-салтын үйүндө улантып кете берет...

Бектемир Мурзубраимов: Кыргызстан калкы ассамблеясы 1994-жылы уюшулган экен. Эң башында уу-дуу болуп, белгилүү таасири болгон. Бир жагынан ал мезгилде жаңы суверенитетке ээ болгон Кыргыз мамлекетинин саясатынын күч алган мезгили болсо керек. Экинчиден, Сопубек Бегалиев деген республикага бир нече жолу депутат болгон, кадыр-барктуу адамдын келиши, ошол эле мезгилде түздөн-түз президенттин колдогонуна байланыштуу бул уюм авторитеттүү болгон, абдан көп иш чаралар өткөрүлгөн. Жалпы СССРдин курамындагы мамлекеттердин ичинен ассамблея биринчи жолу Кыргызстанда уюшулган. Андан кийин башка республикаларда пайда болгон.

Мисалы, Казакстанда Казакстан калк ассамблеясы бар, ага түздөн-түз президент Назарбаев өзү төрага, бюджеттен акча каралган, чоң аппараты, орун басары бар, ар бир чоң-чоң облустарда өзүнчө бөлүмдөрү бар, кыскасы азыркы мезгилде Казакстан калк ассамблеясынын жүргүзүп жаткан иши, саясаты үлгү болоорлук иштер жасалып атыптыр. Мисалы, айрым мектептерде ар кандай улуттар казак тилинде окшуат экен. Бул аларда 1996-жылы башталыптыр. Балдар бакчасынан тарта окута башташат экен. Жогорку окуу жайга кирердин алдында да башка улуттарды казакча окутат экен. Ошого байланыштуу биз июндун 18инде кезексиз курултай өткөрдүк. Ошол курултайдан кийин тез эле Казакстан калк ассамблеясы менен келишим түздүк тажрыйба алмашуу боюнча. Себеби алар абдан алдыга кетиптир. Кыскасы абдан туура саясат. Биз 20, 30 жаш, 50-60ка чыккандарды кээде сындап, ушулар мамлекеттик тилге маани бербей атат, үйрөнгүсү келбей атат, Америка, Корея, Жапониядан келгендердин айрымдары 3-4 айда эле үйрөнүп атат деп атпайбызбы. Кыргыздар ушуга өзүбүз моюн бербей атабыз.
Негизги бардык эле нерсе тилге байланыштуу болот экен. Эгерде мамлекеттик тил жакшыраак жолго коюлуп, башка улуттарды нааразы кылбай тургандай, өзүнүн каалоолору менен ошого кирише турган болсо жакшы эле болот...


“Азаттык”: Бул бир жагынан. Экинчи жагынан бизде жагдай кичине башкачараак болуп атпайбы. Себеби бизде улуттар аралык касташуу деген нерселер болуп кетти. Азыр болуп көрбөгөндөй улутчулдук маанай түзүлүп турат. Бүгүнкү күндөгү шарт жагдайды эске алып атасыздарбы ушундай реформа жүргүзүүдө?

Бектемир Мурзубраимов: Менин оюмча, орто мектепти, же жогорку окуу жайды бүткөн башка улуттарды мамлекеттик тилди үйрөтөбүз, мамлекеттик тил болгон кыргыз тилинин айланасына коштурабыз, ошону менен саясатыбызды жүргүзөбүз деген бекер эле нерсе, ал ишке ашпайт. Курултайда президентибиз Роза Исаковна Казакстандын мисалында конкреттүү сунуш айткан. Балдар бакчасынан, 1-класстан баштап эле бардык башка улуттарга тиешелүү программанын негизинде көп сабактарды кыргызча өткөрүп, 9-10-класска келгенде бардык сабактар кыргызчага өтсө болот. Анда эч кандай кыйналуу болбойт. Себеби жаш балдардын кабыл алуусу абдан жакшы, өзүнүн тилин, каада-салтын үйүндө улантып кете берет. Себеби күндө ата-энеси менен бирге болуп атпайбы. Ошону менен катар мамлекеттик тил дагы ишке ашат.

Негизги бардык эле нерсе тилге байланыштуу болот экен. Эгерде мамлекеттик тил жакшыраак жолго коюлуп, башка улуттарды нааразы кылбай тургандай, өзүнүн каалоолору менен ошого кирише турган болсо жакшы эле болот. Мисалы, ар жума сайын базар күнү төрт тилде радио уктуруу бар Кыргызстан калкы ассамблеясынын демилгеси менен, мурда эле болуп келаткан экен, ошону азыр биз улантып атабыз.

“Азаттык”: Ушундай ишти мындан да жандандырууга эмне тоскоолдук болуп атат азыр?

Бектемир Мурзубраимов: Биринчиден, биздин статусубуз жакшы эмес, өзүнчө статуска ээ болуш керек, атайын мыйзам кабыл алыныш керек. Жалпы сөздөрдү айтабыз, биримдик болсун, ынтымак болсун, ушуга биз аракет кылабыз деп. Эч кандай чара колдоно албайбыз, бюджеттен тиешелүү суммада акча бөлүнбөйт. Ассамблеянын курамында бир нече комиссия бар, профессор Касаков баш болгон укук комиссиясы ассамблеянын статусун иштеп, Жогорку Кеңешке өткөрүп берели деп атабыз. Ошондо бул өзүнчө таасир этүүчү орган болуп калышы мүмкүн, ошондо укугубуз дагы болот, бизге коюлган талап дагы ачык көрсөтүлөт.

Президенттин өзүнүн резерви бар экен, биз былтыркы эсеп менен келатабыз. Ошол резервден бир сумма бөлүнүптүр. Бар болгону штатыбыз 5 адам. Азыр Кыргызстанда 5 жарым млн. калк болсо, ошонун болжолдуу 28-29 пайызы башка улут. Кыргызстандын стабилдүүлүгү, элдердин ынтымагы, биримдиги, тынчтык – өлкөдө жашаган улуттардын бири-бирине болгон мамилесине, ынтымагына жараша. Юридикалык негизин түзүп алсак, анан мамлекет өзгөчө маани бериш керек. Мисалы Казакстан калк ассамблеясынын өкүлдөрүнүн 9 адамы мажилистин депутаты. Бул түздөн-түз президенттин жардыгы менен, бирок ассамблеянын мүчөлөрү чогулуп туруп шайлашат. Тогуз улут, ошонун сегизи башка улут, бир казак, ассамблеянын өкүлү катары мажилисте отурат. Бул демек парламенттеги башка улуттардын ролу. Бизде деле башка улуттардан депутаттар бар, бирок алардын ассамблеяга эч тиешеси жок.

“Азаттык”: Эмне үчүн саясий элита буга маани бербей атат, ассамблеянын кадырынын кетип калганынан болуп жүрбөсүн, бир убакта ассамблея саясий курал болуп калды деген дооматтар көп айтылып калды эле?

Бектемир Мурзубраимов: Бир жагынан Сопубек Бегалиевдин авторитети менен бул уюм он жылга жакын мезгилде айтканы айткан, дегени деген болуп турган. Бир жагынан муну бийлик дагы пайдаланган, айрыкча шайлоолордо. Булар кадимкидей жүз пайыз добуш бериш керек дегенде жүз пайыз добуш берген. Ошондуктан курал катары пайдаланып калган. Экинчиден, буларды конкреттүү жакшы иштерге аралаштырбай эле, майрам, юбилей болсо улуттук кийимдери абдан жакшы булардын, кавказ, өзбек элдеринин бийлери абдан жакшы, ушуларды майрамга көрсөтүү караты эле пайдаланган. Жаман жери улуттардын айрымдарынын жетекчилери менен соодалашууга барышкан биздин жетекчилер. Ошого көнүп калган. Мисалы наам берүүдө, маданиятка эмгек сиңирген ишмер деген, же академикке көтөрүүдө, же генералдык чин берүүдө кадимкидей булардын айрым өкүлдөрүн көтөргөн. Бирок ал жалпы элге кадыр-баркы барбы, ага карбай калган. Мисалы өткөндөгү түштүктөгү окуялардын бири ошол.

Бизде 28 диаспора бар. Ошонун эң күчтүүсү өзбектердики болуш керек, мындай караганда булар 20 пайызга чейин жеткен, азыр 14 пайызды түзөт. Булардын түштүктө бир нече борборлору бар, өзбек маданият борбору, өзбек улуттук борбору, Кара-Сууда өзүнчө, Жалал-Абадда өзүнчө. Демек өздөрүндө дагы өтө эле ынтымак болгон эмес. Айрымдар сепаратисттик топ болуп алып, жөнөкөй карапайым элдерден бөлүнүп, өздөрүнүн гана айланасындагы адамдарга сыйлык да жеткен, байлык да болгон, бизнеси өнүккөн, өтүнгөн сунуштары Ак үйдөн өтүп турган. Ак үй болобу, райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги чечүүчү таасири күч адамдарды колго алышып, аларды сыйлап, урматтап, бере турганын берип, айтканын аткарып турган, акырында келип биз бөлүнөбүз, автономия керек, бизге министрликтен, өкмөттөн мынча орун болуш керек деген. Бул карапайым өзбектердин ичинен чыккан сөз эмес.

“Азаттык”: Элди лидер тааныган, лидерди эл тааныган тандоо болуш үчүн эмне керек?

Бектемир Мурзубраимов: Биздин максатыбыз деле ошол. Биз эл арасында ар кандай суроо-жоопторду даярдап тактап жатабыз. Мисалы тигил, же бул улутта ким лидер катары эсептелиши мүмкүн, эмне үчүн, Кыргызстанга, элге жасаган кандай салымы бар? Ошону суроо-жооп катары аныктап туруп, анализдеш керек, Жалпы компьютерге киргизип. Ар бир улуттун лидерин бир эле өз улуту аркылуу эмес башка улуттар аркылуу тандаса болот. Бизде андай анализдин негизинде эч тандоо болгон эмес. Эң негизгиси мамлекетибизде бийликтин эң башында турган адамдары президент, премьер-министр, парламент өздөрү акыйкат мамиле кылса ар кандай кадрларга. Компетенттүү деп эле көп жагынан терең карабай катачылык кеткендиктен жанагыдай иштер болуп атканы ушунун жыйынтыгы. Бул жерде бийликтегилердин чоң катачылыгы бар. Бирин-бири колдоп, бирин-бири коргоп, айыптары ачыла турган болсо бир нече адамдар кетип калышы мүмкүн.

Ошондуктан карга карганын көзүн чокубайт деген принцип менен кетип отуруп, болбосо түштүктөгү окуяга байланыштуу атайын гезиттерге материалдар чыкты. Ошто өзбек драм театрында эл артисттеринен 3-4 болсо, Оштогу ошондон эле кем эмес миллиондон ашык кыргыз калкын тейлеген Кыргыз драм театрында болгону бир эл артисти бар. Демек наамды бергендеги бийликтин таасири. Мисалы көп учурда шайлоонун жыйынтыгы кыргыздар өз ара тирешип, бөлүнүп аткан мезгилде бир улуттун берген добушунун негизинде болуп калган учурлар көп эле. Ошондуктан аларга сыйлык сураса сыйлык, кызмат сураса кызмат берип, көңүлүн алып, жыйнтыгы ушуну менен бүттү.
Бардык талапкерлерди бийлигине карабай каалагандар болсо атайын диалогго чакырып жатабыз, улут аралык маселесинде алардын программасында кандай ойлор бар, Кыргызстанда кантип тынчтыкты сактап шайлоону тынч өткөрөбүз деп...

“Азаттык”: Сиз менен президенттик шайлоонун алдында сүйлөшүп атабыз. Бүгүнкү күнү ассамблея шайлоого кандай салымын кошуп атат? Дагы эле курал катары пайдаланып аткан жокпу талапкерлер?

Бектемир Мурзубраимов: Жок, эч кандай курал катары пайдаланган жок. Жакшы жери Ак үйдө президенттин администрациясы болобу, өкмөт болобу бирөө чакырып кайсы бир талапкер тууралуу өздөрүнүн ой-пикирлерин айткан жок, ага биз мүмкүнчүлүк да бербейт элек. Президиум 21 адамдан турат, ассамблеянын кеңеши 65 адамдан турат, президиум чогулуп, бир ай мурда шайлоонун өтүшүнө байланыштуу чоң кайрылуу жасадык мүчөлөрү толук фамилияларыбызды көрсөтүп. Андагы негизги максат - шайлоону тынч, демократиялык принциптерде өткөрүү, командаларга бөлүнүүлөргө, уруу-урууларга, жиктелүүлөргө жол бербей, калыстык менен өткөрүү. Ал үчүн бийлик административдик ресурсту эч пайдаланбаш керек.

Эгерде административдик ресурсту пайдаланса анын тескери зыяны тие турганын баса белгиледик. Экинчиден, телевидениеден бердик, Кыргызстан калкы ассамблеясынын алдында штаб түзүлдү, шайлоонун өткөрүшүн көзөмөлдөө, шайлоо учурунда айрым нааразылыктар болсо штабдагы телефондорго кабар кылып тургула деп. Бизде болсо укуктук негизде тиешелүү органдар ИИМ жана башкалардын телефондору бар, аларга кабар кылып, маселе курчуп кете электе алдын ала жардам берели дедик. Азыр жакшы эле иштеп жатат.

Бардык талапкерлерди бийлигине карабай каалагандар болсо атайын диалогго чакырып жатабыз, улут аралык маселесинде алардын программасында кандай ойлор бар, Кыргызстанда кантип тынчтыкты сактап шайлоону тынч өткөрөбүз деп. Бул жерде өзүбүздүн оюбузду да айтып атабыз, шайлооунун тынч өтүшү президентке талапкер болгондордун өздөрүнүн жүрүш-турушуна, программасына жана улут маселесин козгобой, жараны кайра ырбатпай, өтө жоопкерчилик активдүүлүк менен өткөрсөк деп.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG