Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:49

Бул түрмөктө буга чейин Тажикстандагы Памир кыргыздарынын, өздөрү айткандай сарыколдуктардын чек ара көйгөйлөрү, экономикалык каатчылык, жол азабы, эне менен баланын саламаттыгы, уламыш-жомоктору тууралуу сөз болгон эле. Бүгүн алардын музыкалык чыгармачылыгына кайрылабыз. Бул алыскы тоолуу аймактагы ичкилик кыргыздардын өзгөчөлүү жана начар изилдеген музыкалык өнөрү бар.

Учу-кыйырсыз Мургаб жергесинде болгону жети айыл болсо, алардын бири ушул Токтомуш. Илгери Алтын Ордонун ханы Тохтамыш орустардан качып, ушул жерлерде башпаанек тапкан имиш. Кактаган күндөн топурагы бозоргон, бир тал чөп, бир дарак өспөгөн көчөлөрдүн бириндеги Келдибек Ажы аксакалдын үйүнө токтолдук.

Үй ээси топоздун этинен палоо бастырды. Топоздун эти көптө бышат экен, узун кечте коноктор зерикпесин деп, айылдагы шайырларды чакыртты.


Шайырларды баштап келген Ысраил аксакалдын комузу да жок, аспапты коңшу, тааныштарынан алып чертет. Анын үстүнө жашым улгайды, эс алайын деп, ыр-күүдөн четтеп калган кези экен. Ошого болбой, бир-эки күү черттирип, алтургай ырын да уктум.

Кыргызстанда айрыкча түндүктө чоң эпостор айтылып, комузду шартылдата чертишет, ырларды шаңдуу добуш менен аткарышат. Ал эми ичкилик кыргыздарда "Манасты" жөө жомок кылып кара сөз менен айтышат, комузду да көп кармабай, күнүмдүк турмуштагы кубаныч, кайгы, махабат тууралуу чакан ыр кайрыктарын үнүн пас чыгарып, боз үйдүн ичинде кыштын узун түнүндө эрмек кылгандай, шашылбай, кара сөз менен аралаштырып айтышат. Ошондой күүлөрдүн бирин мага Мургабга келатканда эле жолдон жолуккан Курбанбай Раимжанов ойноп берген эле.

Мургабда шайырлар Кыргызстандагы чоң акын, ырчыларды туурап, радио-теледен угуп өздөштүргөн чыгармаларга басым жасашаарын баамдадым. Ошолорго жетүүгө далалаттанып, бирок бийик тоодо адам баласы акырын кыймылдагандай, үндөрү да жете бербегендей, ошон үчүн тартынгандай таасир калтырды. Бирок чындап келгенде, Памирде жалпы кыргызга таандык классикалык репертуар менен катар, ичкиликтерге гана мүнөздүү кайталангыс чыгармачылык мурас бар. Бул тууралуу Кытай, Ооганстан, Түркияга чейин чачылган Памир кыргыздарынын музыкасын изилдеген окумуштуудан билсек.

Сулайман Кайыпов: Ичкилик кыргыздар деген бар, алардын маданияты баары туташ. Мисалы, Лейлек, Баткен андан ары Жерге-Тал, Шаартуз, Памир, Чоң Алай ушулардын бардыгы ичкилик кыргыздар.


Профессор Сулайман Кайыпов ичкилик кыргыздардын музыкалык чыгармачылыгына кесиптешкен аалым. Анын айтымында, памирлик кыргыздардын музыкалык өнөрү Кыргызстандын өзүндөгү, Кытайдагы, Ооганстандагы кыргыздар менен тамырлаш.

Сулайман Кайыпов: Канткен менен ушулардын бардыгынын акындык өнөрү, элдик музыкасы, элдик ырлары бир салт, кыргыз салтынын ичинде өзүнчө бир салт болуп өнүккөн. Ошондуктан буларды бир-бирден ажыратууга болбойт. Тажикстандагы кыргыздар деле тейиттер, наймандар, арасында кыпчактар бар. Тейиттерден сары тейит, кара тейит, чал тейиттер бар. Ошолордун өнүктүргөн өнөрү. Ошон үчүн буларда бир салт, бирдей өнүккөн нерсе болот, бирок жергиликтүү жаңылануулар болот. Мисалы, бир айылда бир аз башкачараак болушу мүмкүн, бирок негизинде булар бир салттын ар кайсы бутактары.

Памир кыргыздарынын музыкалык чыгармачылыгындагы өзгөчөлүктөрдүн айрымдарын алар табигатка жуук, арбакка сыйынган байыркы ишенимдерин узакка сактап калгандыгы менен да түшүндүрүлүшү мүмкүн.

Сулайман Кайыпов: Памирдеги кыргыздар биринчи Памирди өздөштүрүп, адам жашай турган акыбалга келтиришкен. Ошол убакта аларда исламдан кабары болгон эмес, булар шаман болушкан. Кийин молдолор исламды алып келген. Памирликтер исламды башка кыргыздарга караганда кийинчерээк, Курандан жана Хадистен үйрөнгөн, ошон үчүн булардын дини туура болгон. Ал эми мурун кадимки шамандар болушкан.

Тилекке каршы, бул аймактагы музыкалык чыгармачылык жетиштүү изилденбей, изи сууп барат:

Сулайман Кайыпов: Ичкилик кыргыздардын чыгармачыгы изилденбей, жыйналбай калганын абдан өкүнүү менен айтам. Себеби, биз комуз коштоосунда улам чертип коюп ырдаганды, акындык өнөрдүн негизи кылып алгандыгыбыз. Ал эми ичкилик кыргыздар кулагын кармап алып, комузу жок ырдаган. Ошолорду акын эмес деп коюп, алар биз акын эмес турбайбызбы деп, жүздөгөн акындарынын ырлары жазылбай калган. Жүздөгөн акындары "мен акын эмес экенмин" деп өздөрү келбей койгон, келгендерин "сен комуз черте албайт экенсиң" деп биз айдап жибергенбиз. Ошону менен ичкиликтердин абдан кылдат поэзиясы жыйналбай, изилденбей калган.

Сулайман Кайыповдун айтымында, Памир кыргыздарынын чыгармачылыгындагы өзгөчөлүктөр бир топ болгон, мисалы Кыргызстанда жок болуп кеткен айрым ыр-күүнүн түрлөрү сакталып калган.

Мургаб башында Советтик Кыргыз автоном облусуна караган. Мургабчылардын айтымында, бир аткаминер Алайдан аркы Кызыл-Арт ашуусуна зорго чыгып, бул жактын кереги жок, мындан аркысы тажиктерге калсын деген имиш. Кандай болгон күндө да, 1924-жылдан бери Тажикстандын карамагында калган Мургабда кыргыздардын жолдун алыстыгынан улам, чоң мекени менен алака-катнашы солгун. Ошого карабастан, сарыколдук шайырлар керек болсо Бишкекке чейин барып, кароолорго катышып турушат. Ошолордун бири Курбанбай Раимжанов Ыраң-Көл айлындагы "Беш Мырза" музыкалык тобунун мүчөсү.

Ыраңкөлдүк шайырлар айылдагы мектеп окуучуларына ыр-күүлөрдү үйрөтүшүп, концерттерге катыштырып турушат.

"Беш Мырзанын" дагы бири мүчөсү Мамасали Сатаров чоң тойлордо чыгып, төгүп ырдайт. Анын чукугандай сөз тапкан, аткаминерлердин да кемчилигин тартынбай айткан, тамашалап, жердештерин чымчып ырдаган таланты тууралуу мургабчылардан көп уктум. Төкмөлүк татаал өнөрдү аркалаган Мамасалинин дагы бир кесиптеши Муса Маманиязов менен чоң мекениндеги журтташтарына арнап, «бизди тажик дебегиле» деп ырдаган айтыш сыңарындагы ыры бар. Бул ыр менимче, ар бир кыргыздын көкүрөгүнөн түнөк табат.



Ал арада Токтомуш айылында биз отурган үйдө дасторкон жайылып, алдыга топоздун этинен басылган палоо келди. Суу куюлгандан кийин жаш үйрөнчүктөрүнүн катарында отурган Ысраил аксакал сөзүн улап, Мургабда көөнө аспаптар жоголуп, жаштар эстрадага көбүрөөк ооп кетип жаткандыгын божурады.

Айткандай эле, Ысрайыл аксакалды эртеси Мургабда өткөн "Ат Чабыш" фестивалында көрдүм. Мургабдын чар тарабынан ат арытып келген дуулдаган элдин алдына Мамасали төкмөчү да кесиптештери менен чыкты. Сарыколдук бир ууч шайырлардын ыр-күүлөрү фестивалдын көркүн ачты. "Эл ичи - өнөр кенчи" турбайбы, аккан арыктан суу агат демекчи, заман кай жагына ообосун, көөнө өнөр ээлери, көктөмдөгү көк шибердей, эл арасынан суурулуп чыга берет турбайбы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG