Тажикстандагы Мургаб кыргыздарынын музыкалык өнөрү жалпы эле ичкилик кыргыздарынын чыгармачылыгы менен шайкеш, тектеш келет. Жолдун алыстыгы менен катар, алардын өзгөчөлүү ыр-күү, ооз эки чыгармачылыгын түшүнбөөчүлүктөн улам, Памир кыргыздарынын музыкалык өнөрү Кыргызстанда аалымдар тарабынан начар изилденип, көптөгөн акындардын ырлары тарыхтын бүктөмүндө калып жоголгон.
Мургаб ыргактары: Эл ичи - өнөр кенчи

1
Мургабдын Ыраң-Көл айлындагы комузчу кыз. Ыраң-Көл табигый көркү менен гана эмес, тойлордун көркүн ачкан шайыр уул-кыздары менен таанымал.

2
Мургабдагы 6-7 айылдын бири Токтомушта өздүк көркөм чыгармачылык тобу бар. Алар киши келгенде чогулуп, кээде Мургабда өткөн тойлорго катышып турушат.

3
Алишер Орунбеков пенсия жашына келгенден кийин комуз кармабай калган. Айылдагы жаштарга акыл-насаатын айтып, комуз үйрөтөт.

4
Мургабда темир комуз аз ойнолот, бирок чоордой жоголуп кете элек. Канышай Үсөнөва өңдөнгөн кыз-келиндер аны колунан түшүрбөй, бабалардын өнөрүн сактап келишет.

5
Мургабда Кыргызстандагы күүлөрдү туурап ойношот, бирок өздүк күүлөрү бар. Анын үстүнө ичкиликтердин салтында комуз көп ойнолбой, аспаптын коштоосу жок ырдашкан.

6
Токтомуш айылынын эң кичине манасчысы. Ичкилик элдеринде Кыргызстандын түндүгүндөгү өнүккөн дастанчылыкты тууроо аракети бар. Памир кыргыздарынын салтында "Манасты" жомок катары, байыркы формасында, кара сөз менен айтышкан.

7
Токтомуш айылынын комузчусу. Памир кыргыздарында чоң эпикалык, баатырлык чыгармаларга караганда лирикалык, арзуу, санат ырлары басымдуулук кылат.

8
Токтомуш айылынын шайырларын угуп отурган айымдар.

9
Ыраң-Көл айылынын комузчу, ырчысы Мамасали Сатаров. Мамасали төкмөлүгү, чукугандай сөз тапкан чечендиги менен таанылган.

10
Ыраң-Көл айылынын комузчу, ырчысы Мамасали Сатаров. Мамасали жетектеген "Беш мырза" тобу бүткүл Мургаб жергесинде жакшы таанымал. Мырзалар мектеп окуучуларына кыргыздын ыр-күүлөрүн үйрөтүшөт.