Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Түлеевдин "Караваны" мамлекетке өттү


"Караван" соода борбору Бишкектин Киев көчөсүндө жайгашкан.
"Караван" соода борбору Бишкектин Киев көчөсүндө жайгашкан.

Бишкектеги "Караван" соода комплекси мамлекеттин карамагында өткөрүлдү. Бирок Бишкектин экс-мэри, коррупциялык аракеттер үчүн айыпталып соттолуп чыккан Нариман Түлеев сот чечиминде мүлктү конфискациялоо каралбаганын айтып, соода борбору мыйзамсыз алынганын билдирүүдө.

Бишкектеги Киев көчөсүндө жайгашкан "Караван" соода комплекси Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына өткөнү 25-апрелде белгилүү болду. Аталган фонддун алдындагы "Мүлк" ишканасынын директору Орозбек Нусувалиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, комплекс мамлекеттин менчиги катары каттоодон өткөрүлдү:

- "Караванды" биз азыр мамлекеттик ишкананын атына каттоодон өткөрдүк. Нариман Түлеев бошотуп берсе, биз ал жакта ишти баштайбыз. Ал жакта ижарага алгандар чыгарылбайт. Эч кандай өзгөрбөйт, болгону ижара акы мамлекетке түшө баштайт. Профилин өзгөртүү, сатуу жөнүндө сөз жок.

Башкалаа борборунда жайгашкан "Караван" комплекси Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин атасы Ташболот Түлеевге таандык болгон.

Мүлк фондунун ырасташынча, Нариман Түлеев коррупциялык иштерге күнөөлүү деп табылган соң сот ага жана жакындарына таандык бир нече имаратты мамлекеттин карамагына чегерүү чечимин кабыл алган. Аталган фонд бул чечимди тастыктаган Ленин райондук, Бишкек шаардык соттордун жана Жогорку Соттун чечими бар экенин жүйө келтирүүдө.

Өткөн апта соңунда да дал ушул тизмедеги Түлеевдердин үй-бүлөсүнө таандык Бишкектеги Sapat Center бизнес-борборунун имараты өкмөт эсебине өткөрүлгөн. Бул жараян чыр-чатак менен коштолуп, борбордогу ижарачылардын нааразылыгын жараткан.

Бүгүн болсо бизнес борбор толугу менен бошотулуп, өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына кеңсе катары берилгени дайын болду. Муну "Мүлк" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Орозбек Нусувалиев да тастыктады.

Бирок Нариман Түлеев аталган объекттер мамлекетке мыйзам бузуу менен алынганын айтып, бүгүн Бишкекте маалымат жыйынын өткөрдү.

Нариман Түлеев.
Нариман Түлеев.

Экс-мэрдин жүйөсүндө, ага карата чыгарылган сот чечимдеринде туугандарынын мүлкүн конфискациялоо каралган эмес:

- “Кайсы сот чечимине таянып, атабыздын мүлкүн алып жатасыңар” десем, мамлекеттик органдар эч нерсе көрсөтө алышпайт. Мен мындай өтүнүч менен бир нече жолу кайрылдым. Ушул убакытка чейин аны көрсөтө алышкан жок. Бир эле жоопту көчүрүп кат катары жиберип жатышат. Экинчиден, бийлик азыр булардын колунда, ушундай тополоң менен өздөрүнө каттатып алышты. Эгер сот чечими болбосо эмнеге мен чыгам? Качан сот чечимин көрсөтүшкөндө мен аны бошотуп берем.

Нариман Түлеев кошумчалагандай, жогорудагы эки имараттан тышкары, анын жакындарына таандык башка мамлекетке өткөрүлүшү керек делген бир нече объекттин тагдыры чечилбей жатат. Ошондуктан, түзүлгөн кырдаалга президенттин көңүл бурушун суранды:

- Алмаз Шаршенович, ушул маселени бир карап койсоңуз. Балдарды карап койсоңуз, эртеңки күнү көчөдө калбасын. Кичине болсо да мыйзамдарды иштетип койсоңуз. Урматтуу президент, каза болгон атамдан калган оокаттарды сот аткаруучулар, Мүлк фонду алганы жатат.

Болсунбек Казаков.
Болсунбек Казаков.

Анткен менен өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Болсунбек Казаков Түлеевдин айткандары жүйөсүз экенин белгилеп, тиешелүү соттун чечими бар экенин билдирди:

- Соттун чечими бар экенин Нариман Ташболотович жакшы билет. Ага мүлктөрдү конфискациялоо тууралуу Ленин райондук, Бишкек шаардык соттордун жана Жогорку Соттун чечими​ бар экенин бир нече жолу көрсөткөнбүз, айтканбыз. Соттун түшүндүрмөсү бар. Бирок ага карабай, каршы болуп жатканы түшүнүксүз.

Нариман Түлеев Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген деп соттолгон.

11 жылга кесилген Түлеев былтыр жазында мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурун абактан бошотулган. Зыяндын орду 62 миллион сомго бааланган. Анын жарымы накталай түрдө, калганы көп кабаттуу үйдөгү 11 батирди мамлекеттин менчигине өткөрүү менен төлөнгөн.

Бишкектеги Sapat Center бизнес-борборунун имаратын күч кызматкерлери 21-апрелде эртең менен курчоого алган:

Түлеевдин мүлкү мамлекетке өтө баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG