Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

Өзгөн: көчкү алдында калгандар изделүүдө


29-апрелде Өзгөндүн Аюу айылындагы көчкү апаатында топурак астында калган 24 кишинин ичинен азырынча үч адамдын гана сөөгү табылды.

Кырсыкта аялынан, эки уулунан, эки небересинен жана келининен айрылып калган Артыкбай Камчиев эки күндөн бери жашын тыя албай, каңырыгы түтөп отурат. Анын айтымында, таң эрте атын аркандап келгенче бейкапар уктап жаткан жакындарынан айрылып калган:

- Балдарым калды. Келиним, неберелерим калды. Келиним күтүп жүрүп алты жыл дегенде бала көрдү эле. Аялым менен 30 жыл турмуш курупмун, оов!

Артыкбай Камчиев мындан аркы жашоосу кандай болоорун элестетүүгө чамасы келбей турган чагы:

- Мындай кайгыны эч кимдин башына салбасын. Эч кимге мындай кайгы келбесин, айланайын! Мен эми кандай жашайм?! Ким менен, кайда жашаарымды айта албайм. Эртеңки күнүм жөнүндө эч нерсе айталбайм.

"Менин башымдагы кырсык эч кимге келбесин"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00

Сөөктөрдү издеп табуу оорчулугу

Өзгөндүн Аюу айылындагы көчкү апаатында топурак астында калган 24 кишинин ичинен азырынча үч адамдын гана сөөгү табылды.

30-апрелде түш ченде он эки (Маманова Адина) жана эки жаштагы (Хабибиллаева Мадина Абдисаломовна) кыздардын сөөктөрү топурак алдынан чыгарылды. Ал эми кечки саат беш жарымдарда 20 жаштагы Гүлайым Назирбаеванын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдалдар министрлиги кабарлады.

Алты үй-бүлөнү жер көчкү басты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:23 0:00

Учурда жер көчкү басып калган башка адамдарды да издөө иштери уланууда. Бул иштерге 175 куткаруучу, 100 аскер жана жергиликтүү тургундар, жалпысы 400гө жакын адам тартылган. Адистер жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 200 миң метр куб экенин (көчкү жүргөн күнү алгачкы маалыматтарда 1 млн метр куб экени кабарланган) билдиришүүдө. Ошондон улам сөөктөрдү издебей эле ал жерди көрүстөн кылып коюу сунушу түшүүдө. Мындай сунушту Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши колдоого алып, ал мусулманчылыкка каршы келбей тургандыгын кабарлашты.

Аалымдар кеңеши 30-апрелде чукул жыйын куруп, Өзгөн районунда көчкү астында калгандардын сөөгүн издебей, ошол жерди мүрзөгө айлантуу боюнча фатва чыгарды. Ага Аалымдар кеңешинин 11 мүчөсү катышып, сунушту бир добуштан колдошту.

Расмий таратылган маалыматка ылайык, жер көчкү же башка ушул сыяктуу апааттарда топурак астында калгандардын сөөгүн табууда кыйынчылык жаралса, ошол жерди кабырга айлантууга шарият жол берет. Жыйында буга диний китептердеги далилдер келтирилди.

Фатва менен тааныштыруу үчүн кеңеш мүчөлөрү 1-май күнү кырсык болгон Аюу айылына барышат.

Өзгөн районунун тургуну Муктар кырсыкта аялын жана эки баласын жоготту. Анын аялы балдарын алып, төркүнүнө келгенде кырсык болгон экен. Муктар сөөктөрдү таап чыгуу иштери жай жүрүп жатканына нааразы:

- Эмнеге чоң техникаларды колдонбой жатат, эмнеге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникасы жок? Эки күндөн бери кечке иштеп, 3-4 топурак машина чыгарышты. Эгер мындай ыргак менен иштесе, сөөктөрдү таап чыгууга алты ай кетиши мүмкүн. Андай болсо, мен издөөнү токтотконго деле макулмун.

Ошол эле кезде айыл тургундарынын ичинен сөөктөрдү таап, шарият жол-жобосу боюнча жерге берүүнү талап кылгандар да болууда. ​

Өзгөн: Аюудагы кырсык
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00

Бийлик элди көчүрүүгө батыл кириштиби?

Жер көчкү болгон күнү Аюу айылындагы 30 үй кооптуу жайда жайгашкан деп табылып, аларга 30 чатыр тигилген эле. Бирок айылдыктардын бири да ал чатырларга көчүшө элек. Алардын көбү туугандарынын үйүндө түнөшүүдө. Айыл тургуну Маматсабыр Каракозуев алар үчүн тезирээк жер тилке маселесинин чечилүүсү маанилүү экенин айтат:

- Чатырларды кечээ тигишкен. Бизди чатырга келгиле дешти. Бирок кечээ кар жаады. Менин үйүм көчкүнүн нары жагында. Жолду көчкү жаап калган. Эми эшек-ат менен көчөбүз. Кечээ кошуналардын, туугандардын үйүндө түнөдүк. Бирок бизге жер тилкесин тезирек бөлүп берсе жакшы болот эле. Эрте жазда киришип, кышка чейин там салып алсак деп үмүттөнүп турабыз. Кечээги көчкүнү өз көзүбүз менен көрүп турдук. Жүрөктүн үшүн алып койду. Эми бул жерде жашоо мүмкүн болбой калды. Кайсы жактан жер берсе ошол жерге орношобуз эми.

Заргер айыл өкмөтүнүн башчысы Дилмухаммед Бокошев бир эле Аю айылындагы эмес, бүт Заргер айыл аймагындагы кооптуу жайда жашагандарды башка жакка көчүрүү пландалып жатканын билдирди.

- Өзгөн районунун Төрт-Көл аймагынан 42 гектар жер бөлүнүп берилди. Азыр ошол жерди трансформациялап жатабыз. Жалпы Заргер айыл өкмөтүнөн көчүрүлө турган 394 үй-бүлөнүн тизмесин бергенбиз.

Көчкү түшкөн айыл.
Көчкү түшкөн айыл.

Бул арада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Дайырбек Каримов кооптуу жайда жашагандарды башка жерге мажбурлап көчүрүү иштери башталганын билдирди:

- Ош облусунун аймагында 1 897 үй-бүлө кооптуу жайларда жашашат. Мурда жер жана ссуда алып, бирок көчпөй койгондорду тактап, укук коргоо органдарына өткөрүп жатабыз. Бул боюнча айрыкча активдүү иш жүрүп жатат. Сот чечимдери чыгары менен алардын турак үйлөрүн сүрдүрүп, өздөрүн мажбурлап көчүрүү иштерин баштайбыз.

Элден кабар алган саясатчылар

29-апрелде эртең менен Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып калган. Жер көчкү алдында калган алты үйдө 24 адам болгон. Алардын тогузу балдар.

30-апрелде саясатчылар Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев Аюу айылына барып эл менен жолугушту. Ташиевдин айтымында, кырсыкта адам курмандыктарынын көп болгонуна тиешелүү кызматтагы кишилер күнөөлүү. ​

- Жабыркаган элге жылуу жумшак жата турган жай же болбосо ысык тамак-аш, кийим кечек эч нерсе жок. Тоолор жарылып, көчкү токтогон жок, бирок адамдар ошол көчкү менен аралашып эле жүрөт. Элдин коопсуздугун сактоого эч кандай чаралар көрүлгөн эмес. Мыйзам чегинде күнөөлүү мамлекеттик жоопкерчиликтүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароону прокуратурага тапшыруу зарыл. Бул апааттын көп адамдардын өмүрүн алып кетиши - кызмат адамдарынын шалаакылыгы экендиги көрүнүп турат, - деп жазды “Ата Журт” партиясынын төрагасы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына.

Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев Аюу айылына барып эл менен жолугушту.
Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев Аюу айылына барып эл менен жолугушту.

Кырсык болгон айылга 29-апрель күнү премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар, биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев барган.​ Ошондой эле өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов да жүрөт. Алар кайгыдан мөгдөп турган тургундарга кайрат айтып жатышты.

- Урматтуу тургундар. Жер маселесин чечүүдө, үй куруп берүү маселесин чечүүдө биз жардамыбызды беребиз. Бюджетке өзгөртүү киргизип, керектүү каражаттарды бөлдүртөбүз. Эң башкысы сиздер өз коопсуздугуңуздарды ойлоңуздар, - деди Чыныбай Турсунбеков эл менен жолугушууда.

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөндөгү Аюу айылында жер көчкү кесепетинен жабыр тарткандарга керектүү жардамдарды көрсөтүүнү 29-апрелде тапшырып, атайын кайрылуу да жасаган.

“Бүгүн Кыргызстанда, тилекке каршы, кайрадан көчкү болуп, Өзгөн районунда кичинекей айылды, он чакты үйдү басып калды. Баарынан кейиштүүсү, эки-үч күн мурун барып, көчкүлө десе укпай, “көчпөйбүз” деп, ошол жакта жашаган биздин мекендештерибиз такыр болбой коюптур”, -деди президент Атамбаев теле кайрылуусунда.

Президенттин кайрылуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:32 0:00

Көчкү алдында калгандардын такталган тизмеси:

1.Коргонбаев Икрамжан Назирбаевич 16.02.1978-жылы туулган,

2.Юсупахунова Зилола Азизовна 30.06.1980-жылы туулган,
3. Назирбаев Хуршидбек Икрамжанович 25.12.2000-жылы туулган,
4. Назирбаева Азиза Икрамжановна 04.04.2003-жылы туулган,
5. Назирбаева Умида Икрамжановна14.04.2007-жылы туулган,
6. Назирбаева Алмазбек Икрамжанович 18.04.2013-жылы туулган,
7. Коргонбаев Маматали 26.05.1968-жылы туулган,
8. Назирбаева Гулайим Маматалиевна 01.09.1997-жылы туулган (сөөгү табылды),

9. Разабаев Хабибилла 10.01.1933-жылы туулган,
10. Разабаева Арзы 10.04.1939-жылы туулган,
11.Разабаева Мехринса Хабибиллаевна 1979-жылы туулган,
12. Каримов Мухаммед 2015-жылы туулган,
13. Хабибиллаев Захид Шерниязович 13.01.2000-жылы туулган,
14. Ибрагим уулу Дилшодбек 13.04.2000-жылы туулган,
15. Разабаев Абдисалом Хабибиллаевич 12.07.1970м
16. Маманова Нигорахон Мамажановна 05.07.1975-жылы туулган,
17. Маманова Адина 2005-жылы туулган (сөөгү табылды),
18. Хабибиллаева Мадина Абдисаломовна 2015-жылы туулган (сөөгү табылды),
19. Адыразакова Рахима 27.10.1967-жылы туулган,
20. Камчиев Фарух 11.12.1988-жылы туулган,
21.Шермамат кызы Хамдона 07.01.1993-жылы туулган,

22. Артыкбаева Ситора Фаруховна 28.09.2016-жылы туулган,
23.Артыкбай уулу Ориф 12.03.2003-жылы туулган,
24. Артыкбаева Хилола Фарезовна 03.11.2013-жылы туулган.

Кырсык көп катталууда​

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык болгон жер көчкү жүрө турган кооптуу аймактардын тизмесинде болгон. Акыркы жолу ушул жылдын 28-мартында анда жашагандарга башка коопсуз жакка көчүү тууралуу эскертүү берилген. Ошондой эле 2003-жылы бул жердеги үч үй-бүлөгө башка жерге үй салууга үчүн мамлекет тарабынан жеңилдетилген ссуда берилгени айтылууда. Көчкү алдында калган төрт үй болсо, алдын ала маалыматтар боюнча, мыйзамсыз салынган.

Заргер айылында 1994-жылы да жер көчүп, 51 адам каза болгон эле.

Быйыл кар калың жаап, жаз жаанчыл болгондуктан, Кыргызстанда жер көчкү, сел коркунучу башкы маселеге айланды. 1990-2016-жылдардын аралыгында Кыргызстанда 500дөн ашык жер көчкү жүрсө, быйыл жаз айларында эле 100дөн ашык факт катталган.

Аюу айылындагы кырсыкка чейин быйыл көчкүдөн тогуз адам каза тапканы айтылып жаткан болчу.

18-апрелден бери Ош, Жалал-Абад облустарынын аймагында дарыялар да ташып, миңдеген гектар айдоо жерлерге жана жүздөгөн кооптуу кырдаал жаралган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG