Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:55

Бейөкмөт уюмдардын президентке жообу


Буга чейин Жогорку Кеңеште бейөкмөт уюмдарды "чет өлкөлүк агент" катары таануу жөнүндөгү мыйзам долбоору сунушталган.

Буга чейин Жогорку Кеңеште бейөкмөт уюмдарды "чет өлкөлүк агент" катары таануу жөнүндөгү мыйзам долбоору сунушталган.

8-декабрда кырктан ашуун бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, өлкө башчынын бейөкмөт уюмдар коопсуздукка коркунуч келтирүүдө деген пикирине нааразы экенин билдиришкен.

Президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрдагы жергиликтүү телеканалдарга курган маегинде бейөкмөт уюмдардын дарегине сын айтып, алардын каржы булактарын көзөмөлдөө керектигин айткан болчу. Өлкө башчысы буга мамлекеттин коопсуздугуна кам көрүү деген жүйөнү келтирген.

- Улуттун коопсуздугу үчүн бейөкмөт уюмдардын каржылык булактарынын ачыктыгы керек. Мен ачык эле айтайын, айрым уюмдар өз ишин кылбастан, саясатка аралашып эле жүрөт. Алар чет өлкөдөн чоң акча менен каржыланып турат. Биздин саясий партиялардан да күчтүүлөрү бар. Эми алдыдагы шайлоого алар сөзсүз аралашат. Ошондон улам аларды кимдер каржылап, кайсы өлкөнүн кызыкчылыгын коргоп тураарын билүүбүз керек. Маселен, Соростун келишине каршы болгон, Бажы биримдигине каршы өткөн митингдерди ким каржылап жатат? Мунун баары ачык жана баарына белгилүү болушу керек.

Президенттин бул пикири бейөкмөт уюмдардын кескин сынына кабылды. “Буга чейинки эки президент да бейөкмөт уюмдар өлкө коопсуздугуна коркунуч туудурат деп, алардын ишмердигин чектөөгө аракет кылган. Бирок өзүлөрү өлкө коопсуздугуна коркунуч туудуруп, демократиялуу мамлекет куруу принцибин бузганы, коррупция жана мамлекетти эффективдүү башкара албаганы үчүн эл кууп чыкканын тарых көрсөттү. Ошондуктан сиз алардын каталарын кайталабайт, бейөкмөт уюмдар менен каршылашкандын ордуна жана өлкөдөгү орчундуу маселелерди чечүү үчүн кызматташат деп үмүттөнөбүз" деп айтылат кайрылууда.

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова бейөкмөт уюмдарга көзөмөл башталса, айрыкча укук коргоо жаатында иш алып барган уюмдардын ишмердүүлүгү начарлайт деген пикирде:

Төлөйкан Исмаилова.

Төлөйкан Исмаилова.

- Биз бейөкмөт уюмдардын көзөмөлгө алынышына каршыбыз. Бизди кысымга алып, бийлик өзү каалаганын жасагысы келип жатат. Чет жерден акча алып, иш жүргүзүүгө баары укуктуу. Ошол эле өкмөт өзү чет жактардан акча алып, жан багып жатпайбы. Булар коомго каршы келген нерсени айтып жатышат. Бул сабатсыз саясатчынын чечимдери болуп калды.

Укук коргоочулар бийликтин каржы булагын гана текшеребиз деген демилгеси бара-бара бейөкмөт уюмдарды толук көзмөлдөөгө алып барат деп кооптонушат. Алардын айтымында, Кыргызстандын бардык тармагынын өнүгүшүнө бейөкмөт уюмдардын да чоң салымы бар.

Буга чейин Жогорку Кеңеште бейөкмөт уюмдарды "чет өлкөлүк агент" катары таануу жөнүндөгү мыйзам долбоору сунушталган. Анын демилгечилери сырттан каржыланган коммерциялык эмес уюмдарга мамлекеттик көзөмөл керектигин, бул эң ириде өлкөнүн коопсуздугуна байланыштуу экенин айтып келишет.

Демилгечилердин бири, депутат Турсунбай Бакир уулу аталган мыйзам демократияга доо келтирбейт деген ойдо.

- Жобосуна туура келбеген иштерди жасап жаткандар толтура. Биз мыйзамдарды ошолор үчүн түзүп жатабыз. Эгер чет өлкөдөн акча алып, башка саясатка, багытка колдонгон болсо, анда мыйзам чегинде жооп берсин. Ал кайрылууну окубай эле кол койгондор бар экен. Буга көңүл буруунун кереги жок. Ал эми президент туура эле пикирин билдирип жатат. Анын сөзүнө чычалагандарды жалганчылар десек болот. Азыр биз саясатка аралашпайбыз дешти. Кечээ эле ошолор интернетке чыгып, ыңкылапты биз кылдык деп, төш кагып жатпады беле.

Коомдук ишмер Эдил Байсаловдун пикиринде, учурда санынан сапаты жок бейөкмөт уюмдар көбөйүүдө. Бирок, ошентсе да бейөкмөт уюмдардын аракеттери чектелбеши керек деген Байсалов аларды мыйзам менен жөнгө салуу зарыл деген президенттин пикирине каршы.

Эдил Байсалов.

Эдил Байсалов.

- 2010-жылы элди көчөгө өзү алып чыгып, революция кылган. Аны өзү дагы айтып жүрөт. Эми аларды унутуп, бейөкмөт уюмдар ыңкылап жасайт дегенди кантип түшүнсө болот. Ал өзү айтып жүргөн "жомоктогу ажыдаарга" айланды. Бейөкмөт уюмдар Акаевдин заманынан бери келе жатат. Бийликке элдин үнүн жеткирип, өкмөттүн кемчилигин бетине айтып, апрел окуясында оппозиция камала баштаганда ошол бейөкмөт уюмдар биринчи чыгышкан.

Кыргызстанда каттоодон өткөн он миңдей бейөкмөт уюм бар. Бирок баарын активдүү иштейт деп айтууга болбойт.

Бейөкмөт уюмдардын каражат булактарын ачыкка чыгаруу боюнча Жогорку Кеңештеги "Чет өлкөлүк агент жөнүндөгү" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөрү дайын болгон. Аталган мыйзам долбооруна АКШнын Кыргызстандагы элчилиги, эл аралык уюмдар кабатырлануусун билдирген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG