Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Ноокаттын акими жээнин коргоп жатабы?


Ноокатта акимдин жээни 11 жаштагы секелекти зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө. Бирок жабырлануучу тарап бийликтин басымы менен териштирүү аягына чыкпай жатканын айтты.

Район акими иш мыйзам жүзүндө каралып жатканын билдирүүдө. Жай айынын башында болгон окуя алгач Ноокат райондук сотунда, кийин Жалал-Абад шаардык сотунда каралган. Азыр Ош шаардык соту териштирип жатат.

Ош облусунун Ноокат районундагы Борбаш айылынын тургуну Насиба Нурматова бойго жете элек кызы беш айдан бери чүнчүп, элге аралашпай калганына кейип жатат. Анын айтуусунда, секелекти быйыл 12-июнда 30 жаштагы айылдашы зордуктоого аракет жасаган:

- Ал күнү огородубузду суу басып кетти. 10 жана 11 жаштагы эки кызым сууну азайтуу үчүн Сапарбай каналынын суу бөлүнчү жерине кетишкен эле. Экөө эки жээкте турушкан кезде коңшубуз колуна бычак кармап келиптир. Кичи кызым аны көрүп, эжесине айтса, суунун үнү менен укпай коюптур. Коңшум чоң кызымды кармап, бычак менен коркутуп, зордуктайм деп ачык эле айтыптыр. Кызымды жерге буту менен басып турган зөөкүрдү кичи кызым таш менен уруптур. Ошол учурда оозуна тиштеп алган бычак жерге түшүп кетет. Аны алам деп бурулган кезде кыздарым качып жөнөшөт.

Кыздын ата-энеси прокуратурага 14-июнда кайрылган. Андан соң секелек 10 күн ооруканада жаткан.

Тергөөнүн жүрүшүндө кызга зөөкүрдүк кылды деп айтылган адам Ноокат районунун акими Бекболот Айтиевдин бир тууган жээни экени белгилүү болгон. Иш райондук сотко өтүп, андан соң белгисиз себеп менен Жалал-Абад шаардык сотуна которулган. Кайра райондук сотко келип, бирок чекит коюлган эмес.

Шектүү азыр убактылуу кармоочу жайда камакта. Секелектин энеси Насиба анын туугандарынын басымынан кутула албай жатканын, ал тургай аким Көк-Жар айыл өкмөтүнө чакырып алып, жемеге алганын билдирди.

- Кызыма күч колдонгон зөөкүрдүн туугандары күнүгө үйгө келе берип, тажатышты. Бир эжеси кызымды көчөдө көрүп, “качан төрөйсүң?” деп шылдыңдаптыр. Мектепке барып, классташтарынын көзүнчө да ушинтип айтып, уруптур. Аны да сотко бердим. Бирок үйгө келип суранышканынан улам кечирип, арызымды алдым. Баарын эле соттото бербейин дедим. Аким Бекболот Айтиев жергиликтүү бийликте иштегендер аркылуу мени айыл өкмөткө чакыртып, суракка алды. “Эмне үчүн элге сөз таратып жатасың?” деп диктофонду коюп алып, мага догурунду. Кызым байкушка боорум ооруйт. 11 жаштагы баланын күнөөсү эмне?

Айла кеткенде кыздын ата-энеси “Кылым шамы” укук коргоо уюмуна кайрылган. Уюмдун жетекчиси Азиза Абдирасулова ишти Ош шаардык соту карай баштаганын билдирди:

- Акимдин адамдары кыздын ата-энесин коркутуп, адилет соттук териштирүүгө жолтоо болуп жаткандыктан, Ош шаардык сотуна которгуздук. Адвокат бердик.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев секелекти зордуктоого шектелип кармалган адам тууганы экенин “Азаттык” радиосуна ырастады. Бирок басым көрсөтүп жатканын четке какты:

- Бул ишке аралашып эмне кылам? Мыйзамды бузмак белем? Баары мыйзам боюнча жүрүп жатат. Догуруна беришет экен, эмне десе жараша берет экен аларга. Эгер ишти жаап салуу колумдан келсе, башында токтотуп койбойт белем, туурабы?

Кыргызстанда балдарга зомбулук, анын ичинде сексуалдык ыдык көрсөткөн окуялар соңку кездери байма-бай катталууда. Расмий кабарларга ылайык, ушул тапта жаза өтөө мекемелеринде мындай кылмыш менен кесилген 153 адам отурат.

Адистердин белгилешинче, элдик менталитеттен улам көп учурда ата-энелер милицияга кайрылышпайт.

XS
SM
MD
LG