Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:27

Балбан Кенжеевден допинг табылды


Жанарбек Кенжеев азиялык ицензиялык мелдеште жарым финалда жапониялык Тайчи Оканы жеңгенден кийин. 18.03.2016. Астана.
Жанарбек Кенжеев азиялык ицензиялык мелдеште жарым финалда жапониялык Тайчи Оканы жеңгенден кийин. 18.03.2016. Астана.

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеев 2016-жылдагы Рио-де-Жанейро олимпиадасына берилген жолдомодон кол жууду.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму допингге каршы мыйзамдарды бузгандарды эске алып, 11-майда Олимп оюндарына жолдомо алган өлкөлөрдүн тизмесине тактоо киргизди.

Кабарларга караганда, азиялык, европалык жана дүйнөлүк лицензиялык мелдештерде тыюу салынган дарыларды колдонгондугу үчүн бир нече балбандын Олимп оюндарына алган жолдомолору кайтарылып алынды. Алардын ичинде Астанада өткөн лицензиялык мелдеште 85 килограммга чейинки салмакта Олимп оюндарына жолдомо алган кыргызстандык балбан Жанарбек Кенжеевдин допинг колдонгону аныкталган. Кенжеевдин жолдомосу аталган мелдеште коло байгени алган индиялык Равиндер Хатриге берилгени айтылат.

Кыргызстандагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Төлөсүн Ысыраилов түшүнбөстүктү пайда кылганын айтты.

- Чындыгында Азиялык лицензиялык мелдештен кийин тыюу салынган препарат (мельдоний) Кенжеевден чыкты деп шектелип жаткан болчу. Ошол маалыматтын чын-төгүнүн билүү үчүн биз Допингге каршы дүйнөлүк агенттик – WADA уюмуна кат жолдогонбуз. Эки жума мурда 26-апрелде Допингге каршы дүйнөлүк агенттик – WADA уюмунан Кенжеевден допинг табылбаганы тууралуу кат келген. Азыр эми кайрадан допинг колдонгону аныкталды деп чыккан маалымат талаш маселени жаратып жатат. Биз бул боюнча маселени дагы тактоо үчүн Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмуна кат жолдойбуз. Эгер алар эртерээк маалымдашканда Кенжеевдин ордуна башка балбаныбызды Стамбулда болгон лицензиялык мелдешке жөнөтүп жолдомо алуу аракетин көрмөкпүз, - деди Төлөсүн Ысыраилов.

Жанарбек Кенжеев олимпиадага баруу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууса Кыргызстандын эркин күрөш балбаны Айаал Лазаревге ийгилик жылмайды.

Эркин күрөштөн 125 килограммга чейинки салмакта европалык лицензиялык мелдеште олимпиадага катышууга укук алышкан украиналык Ален Засеев жана болгариялык Юсуп Жалилау да тыюу салынган препаратты колдонгону аныкталып, алардын жолдомолору болгариялык Люблен Илиевге жана венгриялык Даниэл Лигетиге берилген. Сербияда болгон европалык лицензиялык мелдеште бул салмакта Болгариянын эсебинде лицензия бар болгондуктан Рио-де-Жанейрого жолдомо кыргызстандык Айаал Лазаревге ыйгарылган. Эми Айаал Лазарев быйыл жайында Рио-де-Жанейродо боло турган Олимп оюндарында Кыргызстандын атынан күч сынашат.

Кара тизмеге кирген мельдоний

Жыл сайын Допингге каршы дүйнөлүк агенттик – WADA улам жаңы тыюу салынган дары дармектердин тизмесине киргизип келатат. Быйыл жыл башында мельдоний деген препарат чындап эле спорттук көрсөткүчтөрдү жакшыртууга кудуреттүү" деп ырасталгандыктан “кара тизмеге” кошулган.

Бир ай мурда Допингге каршы дүйнөлүк агенттик – WADA 2014-жылкы изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялаган. Ага ылайык, тыюу салынган заттарды колдонуу боюнча биринчи орунда Орусиянын спортчулары, андан кийин Италия жана Индия өкүлдөрү турат. Спорт түрлөрүн алганда кызытманы эң көп жеңил атлетчилер колдонушат, экинчи жана үчүнчү орунду бодибилдинг жана велоспорт ээлеген. 2016-жылдын башында орусиялык бир катар атактуу спортчулар мельдоний колдонгондугу үчүн мелдештен четтетилген. Алардын катарында теннисчи Мария Шарапова да бар.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Алмаз Касенов мельдонийди спортчулардын көбү колдонуп жүргөнүн, тыюу салынган препарат тууралуу өз убагында маалымат айтылбагандыктан спортчулар жабыр тартып жатканын айтты.

- Мельдонийди көп спортчулар колдонуп эле келген. Тыюу салынгандыгы тууралуу маалыматты спортчуларыбыз өз убагында билбей калганынан көйгөй жаралды.Мельдоний 2016-жылдын 1-январынан баштап кара тизмеге кирди. Ал адамдын канында 120, кээ биринде 160 күнгө чейин болот экен. Тыюу салынаары тууралуу маалыматты спортчуларыбыз эртерээк билгенде мындай көрүнүш болбойт эле. Атайын допингди колдонуп жүрүп кылтакка илинсе бир жөн эле. Бул жакта машыктыруучулардын да, Кенжеевдин да күнөөсү жок. Бактысына ушундай туш келиптир. Айла жок. Ал олимпиада катышам деп бир топ аракет кылып жаштыгын спортко арнады эле.

Спорттук дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты Бактыгүл Алишева “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде Кыргызстанда допингди аныктаган лаборатория жок экенин, допингге каршы уюм Кыргызстанда кагаз жүзүндө гана бар экенин айткан.

- Ар бир мамлекетте өзүнүн допингге каршы уюму сөзсүз болушу керек деп ойлойм. Бизде кагаз жүзүндө эле андай мекеме бар. Бирок спорт догдурларыбыз аз. Бул маселе азыр мамлекеттик деңгээлде да козголуп жатат. Ошол уюм спорт мектептеринен баштап иш жүргүзүүгө тийиш. Тыюу салынган препараттар кайсылар экенин, алардын зыянын түшүндүрүп эскерткен маалыматтарды, баракчаларды чыгарса болот эле. Ошентип баскыч-баскыч менен жогорку класстагы спортчуларга чейин профилактикалык иштерди жүргүзүү керек. Эмне үчүн биздин айрым спортчулар кармалып калып жатат? Алар жакшы көрсөткүч көргөзүүнү көздөп колдонушпайт, негизинен билбей, маалыматы жоктугунан болот. Кээде – бул "кара тизмедеги" зат экенин билген эмесмин дешет.

Жанарбек Кенжеев март айында Астанада өткөн Азиялык лицензиялык мелдеште индиялык жана жапониялык балбандарды утуп финалга чыгып, Олимп оюндарына жолдомо алган. Жанардын жарым финалдагы жапон балбаны Тайчи Ока менен болгон беттеши мелдештин биринчи күнүндөгү эң кооз күрөш деп табылган эле. Кенжеев атаандашы партерде турганында ыгын таап, төрт упайлык ыкманы удаасы менен эки жолу жасап мөөнөтүнөн мурда таза жеңишке жеткен.​

Кыргызстандык балбан Жанарбек Кенжеев менен жапониялык Тайчи Оканын жарым финалдагы беттеши. 18-март, 2016-ж. Астана.

Жанарбек Кенжеев Азиянын эки жолку чемпиону. Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери. Өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынган. Азия чемпиондугунун коло байгесин үч жолу, күмүш байгесин бир жолу уткан. 2005-жылы жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон. Азия оюндарында коло байгени үч жолу жеңген. 2004-жылы Афина олимпиадасына катышып ал учурда 13-орунду алып калган. 12 жылдан кийин гана олимпиадага барууга кайрадан мүмкүнчүлүк алган болчу.

Айаал Лазаревдин бактысы

Рио-де-Жанейродо боло турган Олимп оюндарына кокустан жолдомо тийип калган Айаал Лазарев Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. 2015-жылы Азия чемпиону болгон. Олимпиадага жолдомо бериле турган 2016-жылдагы Астанада өткөн мелдеште коло байгени алып, кийин Монголияда болгон мелдештин жарым финалында утулуп лицензия албай калган эле.

Учурда Рио-де-Жанейродо өтчү Олимп оюндарына Кыргызстандын эсебине 12 жолдомо бар.

Жеңил атлетчилер Дарья Маслова, Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Виктория Полюдина жана грек-рим күрөшчүсү Арсен Эралиев, Мурат Рамонов, Руслан Царев, эркин күрөшчүлөр Магомед Мусаев, Айаал Лазарев жана Айсулуу Тыныбекова, боксчу Эркин Адылбек уулу олимпиадага катышууга жолдомо алышкан. Ошондой эле оор атлетика боюнча улуттук курама командага бир жолдомо берилген. Июнь айына чейин дзюдо, бутага атуу, жаа атуу, сууда сүзүү боюнча спорттун түрлөрүнөн кыргыз спортчулары лицензия алышы күтүлүп жатканын спорттун олимпиадалык дирекциясынан маалымдашты.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG