Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

К.Өмүралиев: Х.Клинтондун сапары колдоо бар экенин билдирет


Кубанычбек Өмүралиев

Кубанычбек Өмүралиев

АКШ-Кыргызстан мамилеси тууралуу “Азаттыкка” “Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Кубанычбек Өмүралиев айтып берди.

“Азаттык”: АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Астанада өткөн ЕККУ саммитинде Кыргызстан тууралуу абдан жылуу сүйлөдү. Орусия жетекчилиги буга чейин “Кыргызстанда парламентаризм кыйроону алып келет” деген сыяктуу билдирүүлөрдү айтып келсе, Х.Клинтон ага ишенерин айтып, ЕККУ мүчөлөрүн көмөктөшүүгө чакырды. Саммиттен кийин түз эле Кыргызстанга келгени да дипломатияда чоң жышаан болсо керек. Кандай дейсиз?

К.Өмүралиев: Туура, өзгөчө ушундай чоң державалардын биринчи же экинчи жетекчисинин бизге келип кетиши бул, биздин мамлекетке жана толук эле чөлкөмгө болгон булардын көз карашы өзгөргөнүн билдирет да.

Мисалы, ал Казакстанга саммитке барды да. Андан кийин эле бизге келип атат, анан Өзбекстанга. Ал Түркмөнстан же дагы башка жакка барган жок. Андыктан анын келген сапарынын бирден-бир бөлүгү демократиялык процесстерди колдоп кетүү болуп атат.

“Азаттык”: Х.Клинтон демократиялык процесстерди колдоп кетүүгө келди деп атасыз. Биздеги болуп аткан процесстерге анын келиши таасир, дем берет деп ойлойсузбу?

К.Өмүралиев: Эми иштин баарын ошонун үстүндө эле жүрүп атпайбы. Мисалы, акыркы алты айда жанагыдай коогалаңдан кийин, өзгөчө шайлоо маалында тышкы күчтөр кийлигишип атат деп келбедикпи. 2005-жылы ыңкылап учурунда ачык эле айтылган. Анткени ошол кезде иштеп жүргөн АКШнын элчиси Стивен Янг деген мурдагы президент Аскар Акаевдин бийлигине ачык эле сын айтып, ачык кийлигишпесе да мамилеси билинип турган.

Ал эми 2010-жылы жашырбай эле айталы, биздин стратегиялык чоң өнөктөшүбүз Орусиянын кийлигишүүсү ачык эле билинбедиби. Ушундай болду да. Эми АКШ ошону баланс, тең салмактоо иретинде өздөрүнүн бар экенин билдирип атышат. Бирок эми америкалыктар айтып келишет, “биз эч качан Орусияга каршы же алардын саясаты жүргөн жерге кийлигише албайбыз” деген сыяктуу. Бирок сөздүн ачыгы, баарыңыздарга белгилүү нерсе Ооганстандагы согуштун жүрүшүндө бизде турган база америкалыктар үчүн бирден-бир стратегиялык объекттердин бири. Ошондуктан биринчи эле бизге келип, анан Өзбекстанга барган себеби ошол болду. Бирок Өзбекстандын министри Астанада сүйлөгөндө ачык айтты, “Биз эки тараптуу мамиле менен гана Ооганстандын маселесинде иштейбиз. Блок же жанагыдай биримдикке кирип алып согушка катышпайбыз” деп айтпадыбы.

“Азаттык”: Сиз айтмакчы Кыргызстанда АКШнын базасы турат. Ошол базага күйүүчү май тартуу маселесинде талаштуу позициялар бар. Кыргыз тарап Акаев, Бакиев заманынан бери ал жакты күйүүчү май менен камсыз кылган “Мина Корпорэйшнге” каршы болсо, АКШ кайра эле ошол компанияга күйүүчү май тартуу укугун берип койду. Ушундан улам мамиле салкындашы мүмкүнбү?

К.Өмүралиев: Х.Клинтон келгенде бул боюнча көп деле сүйлөшкөн жокпуз дешти. Эми баары бир бул маселе сөзсүз талкууланды да. Мисалы, жанагы Mina Corp. деген ишкана көп жылдардан бери күйүүчү май ташып жүрүп өзүнүн инфраструктурасын түзүп алыптыр да.

Чынында Пентагондо менин билишимче тендер болуп, ушул компания жеңип алды. Башка кеп, ушул компания акыркы он жылда биздеги үй-бүлөлүк башкаруудагылар, бир гана адамдар менен иш кылып, анан коррупциялык схемалар түзүлүп эки жак тең пайда көрүп келишкен.

Өзүңөр билесиңер бул жерде миллиондор айланган өтө чоң көлөмдөгү күйүүчү майлар тартылып турган да. Ушунун тегерегинде да жанагыдай чыр-чатактар болгон. Азыр болсо бизде айтылып атат, ушулардын айынан Орусия бизге күйүүчү майларга болгон кошумча төлөмдөрдү көтөрүп салбадыбы.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG