Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:58

Кыргызстан-АКШ: мамилелер таржымалы


АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жана Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева. Ала-Арча резиденциясы, 2-декабрь, 2010-жыл

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жана Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева. Ала-Арча резиденциясы, 2-декабрь, 2010-жыл

Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон келди. Ал Бишкекте президент Роза Отунбаева менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.


Кыргыз-америка мамилесинин тарыхы

Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын мамилеси Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин түптөлө баштаган. Вашингтон Бишкектин эгемендүүлүгүн биринчилерден таанып, элчилигин ачкан.

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева жана АКШнын лидери Барак Обама, нью-Йорк, 24-сентябрь, 2010-жыл
Борбор Азиядагы башка мамлекеттерден айырмаланып, Кыргызстан демократиялык багытты ачык тандап алганы АКШ жана Европа тараптан колдоого алынган. Ошого жараша экономикалык жактан чабал Кыргызстан үчүн эл аралык каржы уюмдарынын финансылык булактары ачылганы маалым. Ал эми эл аралык каржы уюмдарында АКШнын таасири күчтүү экени белгилүү.

Маселен, Кыргызстандын тышкы карызы азыркы мезгилге карай 2 млрд. 642 млн. долларды түзсө, анын ичинен 1 млрд. 482 млн. доллар эл аралык каржы уюмдарынан алынган.

АКШ ошондой эле Кыргызстандагы демократиялык институттардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келатканы да маалым.

2001-жылы сентябрдагы АКШдагы террордук актылардан кийин Кыргызстан менен Американын мамилеси аскерий багытка да жайылып, Вашингтон баш болгон антитеррордук коалициянын аба күчтөрү ошол эле жылы декабрь айында "Манас" аба майданына жайгаштырылган.

"Манас" транзиттик борбору.
"Манас" аба майданындагы база алгач "Ганси" аталып, алгачкы жылдары Кыргызстанга 2 млн. доллар ижара акы төлөп келген. 2005-жылдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин ижара акысы 17.5 млн. долларга, 2009-жылкы жаңы макулдашуудан кийин 60 млн. долларга жеткен.

"Ганси" атындагы аскерий база өзгөртүлүп, транзиттик борбор деп аталып калды.

Кыргызстан "Манасты" ижарага берип, олуттуу финансылык пайда алып жаткан менен стратегиялык өнөктөшү Россиянын көмүскө каршылыгына туш болууда. Талдоочулардын баамында, Россия АКШнын Ооганстанда операция жүргүзүүсүндө Кыргызстан аймагын пайдалануусуна эмес, бул маселени Бишкек өзү чечүүсүнө, "Манас" аба майданы Москванын Вашингтон менен оюнунда колунда көзүр болбой жатышына нааразыдай.

АКШ жетекчилеринин колдоосу

Кыргызстандын тандап алган жолу АКШнын президенти тарабынан да колдоого алынган. Маселен, президент Роза Отунбаеваны АКШ президенти Барак Обама БУУнун саммити учурунда 25-сентябрда Нью-Йоркто атайын кабыл алган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон айым Бишкектеги сапары учурунда өлкөдө адам укуктарын сакталышынын маанилүүлүгүн белгилөө менен парламенттик башкаруу системасына колдоо көрсөттү.

Роза Отунбаева менен Хиллари Клинтон Транзиттик борбордун тагдыры, анын ичинде бул борборду күйүүчү май менен камсыздоо маселеси боюнча да пикир алышат.
Аликбек Жекшенкулов

Базаны күйүүчү май менен камсыздоого АКШ тарабынан тартылган компанияларды Кыргызстан коррупцияга байланыштуу айыптап келатат. Мына ошондой фирмалардын бири Mina corp. Бул компанияны Кыргызстандын тартип коргоо органдары мурунку президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен коррупциялык байланышта болгон деп шектөөдө. АКШ өз кезегинде тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүп, бул компаниянын ишинен кылмыш тапкан эмес жана аны кайрадан транзиттик борборго күйүүчү май сатуучу компания катары тандап алган.

Өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Хиллари Клинтондун сапарынын максаты тууралуу мындай пикирин билдирди:

- Борбордук Азияда АКШнын улуттук кызыкчылыгы жогорку деңгээлде турат. Өзгөчө коопсуздук, экономикалык маселелери боюнча. Анын үстүнө Транзиттик борбор жалпы Борбордук Азиянын коопсуздугуна чоң таасир этет. Сапардын максаты да ушуга байланыштуу болуш керек. АКШнын геосаясий кызыкчылыктары бул чөлкөмдө өтө жогору деңгээлде.

Аликбек Жекшенкуловдун пикиринде, Транзиттик борбордун тагдыры Вашингтон менен Москванын келишүүсүнө жараша чечилет.

Транзиттик борборго байланыштуу чечим Кыргызстанда учурда түзүлүп жаткан өкмөт жана парламент аркылуу кабыл алынат. Ал эми парламентте Россияга ачык ыктаган фракциялар үстөмдүк кылып турат.

АКШ менен Кыргызстан билим берүү багытында да кызматташууда. Маселен, Бишкектеги Борбор Азиядагы Американын университети ийгиликтүү иш жүргүзүүдө.

Соода-экономикалык байланыш

Ал эми эки өлкөнүн соода-экономикалык байланышы, эксперт Кубан Өмуралиевдин маалыматы боюнча, дурус укуктук базага ээ. Эки тараптуу сооданын көлөмү өсүү жолунда. Маселен, 1994-жылы эки тараптуу соода 35 млн. 600 миң доллар болсо, акыркы жылы 100 млн. долларга жеткен. Бул Кыргызстандын тышкы соодасынын 3.8% түзөт.

АКШдан Кыргызстанга келип жаткан түз инвестиция туруктуу мүнөзгө ээ эмес. Маселен, 1995-жылдан тарта инвестиция өсүү жолунда болсо, 2003-жылдан тарта кыскарып кеткен.

"Азаттыктын" тасмасы: Х.Клинтон КТРКда

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG