Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:39

Ташанов: Жашыруун жолугушуулар - турмуш зарылдыгы


Ушул аптада президент Алмазбек Атамбаев эки күндүк иш сапар менен Ошко келгенде коогалаңдын күнөөкөрлөрүн табам деп сөз берди.

"Демократия жана жарандык коом" коалициясынын түштүктөгү аймактык кеңсесинин эксперти Руслан Ташанов "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Алмазбек Атамбаевдин бийликке келгенине эки жарым ай өткөндөн кийин гана Ошко келгенинин себеби эмнеде? Муну Оштун мэрин шайлоого карата да байланыштырып жатышат.

Ташанов: Мүмкүн. Себеби Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоону өтө олуттуу саясий жөрөлгө катары карасак болот. Себеби шайлоонун негизинде Ош шаарынын мэри шайланат, ошол маселе чечилет. Шайлоо жана саясий иш-чаралар жүргүзүлгөн мезгилде улуттар аралык маселелер жана чыңалуулар көп болот. Президенттин кезектеги Ошко иш сапары ушул шайлоого байланыштуу болушу мүмкүн.

"Азаттык": Атамбаев "коогалаңдын күнөөкөрлөрүн табам" деп да сөз бериптир. Сиз буга ишенесизби?

Ташанов: Июнь коогалаңы боюнча иликтөөлөр жүрө берет деп ойлойбуз. Бирок азыр чыныгы күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча түбүнө жетет деп ишенбейм. Себеби коогалаңдан бери эки жылга жакын убакыт өттү. Ушул күнгө чейин түздөн-түз күнөөкөрлөрдү жоопко тартуу боюнча мамлекет тарабынан алгылыктуу иштер жасала элек.

"Азаттык": Ошто "Ош шейиттери" деген уюм бар. Бирок ушул уюмдун өкүлдөрү менен былтыр баш прокурор Аида Салянова жашыруун сүйлөшкөн экен. Бүгүн мамлекет башчысы да Ошто "Ош шейиттери" уюмунун мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрүп, ага журналисттерди киргизишпептир. Эмне себептен мамлекеттик жетекчилер алар менен жашыруун сүйлөшүү жүргүзүшөт?

Ташанов: Мамлекет башчылары жана башка жогорку мамлекеттик кызматкерлер буга чейин деле ушундай жашыруун жолугушууларды уюштуруп келишкен. Учурунда ошондой жашыруун жолугушуулардын бирөөсүнө катышкан адам катары мен муну так айта алам. Бул жолугушуулардын себеби кээ бир маселелерди коомчулукка ачык айтуу тескери натыйжа берип калышы мүмкүн, чыңалуу жаратышы мүмкүн. Ошондуктан ушундай жолугушууларды өткөрүү максатка ылайык деп эсептейм, мындан ары да боло берет деп айтмакчымын.

"Азаттык": Мындай жолугушууларды өзбек азчылыгынын өкүлдөрү башкача кабыл алышы мүмкүн. Алар "биз менен жолугушуу өткөрүлбөйт, мэр Мелис Мырзакматов бир дагы жолу Ошто июнь жаңжалында өзгөчө талоонго учураган райондордо болгон жок" деп айтышат.

Ташанов: Биринчиден, жолугушуу өткөрбөгөн деп эч ким так айта албайт. Жолугушуу болуп атса керек, бирок ага эч ким күбө болбогондур. Себеби буга чейин деле мамлекет башчылары улуттук азчылыктардын лидерлери менен көмүскө жолугушууларды уюштуруп келгени маалым. Керек болсо журналисттер тарткан видео, сүрөттөрдү мен өзүм көргөм. Азыр бир беткей айтуу кыйын.

"Азаттык": "Ош шейиттери" менен өз алдынча сүйлөшүү жүргүзүү зарылчылыгы бар дедиңиз. Демек кыргыз көпчүлүгү өзүнчө чечип алып, анан башкалар менен ошого жараша саясат жүргүзүшү керекпи?

Ташанов: "Эл оозунда элек жок" деген сөз бар. Кыргыз атуулдары, же өзбек атуулдары болобу, көпчүлүк учурда өзүнүн сөздөрүн коомго таасир этпегендей кылып айта албай калышат. Көпчүлүк учурда өтө агрессивдүү маанайда башка сөздөр чыгып кетиши мүмкүн. Ошондуктан ушундай жолугушууларды, бир топту экинчи топко кошпой, же айрым учурда журналисттердин катышуусусуз өткөргөн максатка ылайык болор эле.
XS
SM
MD
LG