Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:30

Ош: автобустар келбей жатып бузулду


Ош шаары
Ош шаары

Ошто Орусиядан алып келген отуз ЛИАЗ улам-улам бузулуп, майды көп сарптагандыктан айдоочулар күндөлүк планды да толтура албай жүдөп жатканы айтылууда.

Эми автобустар паркы жол кирени кымбаттатууну шаар депутаттарынан суранууга аргасыз.

Орусия өндүрүшүнө таандык автобустардын бузулган себебин айдоочулардын бири кыймылдаткычы туура эмес орнотулганы менен түшүндүрдү:

- Бул автобустун картери тешилип калды. Аны азыр ошол ЛИАЗды чыгарган заводдон келип, өздөрү жамап, өздөрү оңдоп жатышат. Биздин жолдор тегиз эле. Автобустун картерин тешип салгыдай аң-дөң жок. Ал заводдун катасы экен. Анткени картер рамага өтө жакын коюлуп калган. Мотор от алганда ал титиреп турат да. Ошо титиреген сайын картери рама менен кагылышып, анан жарылып кетип жатат.

Учурда кыймылдаткычы туура эмес орнотулган автобустардын бирин атайын Москвадан келди делген адистер оңдоп жатышат.

Алар автобус заводунун кемчилигин жаңы тетик менен алмаштырбай, кыймылдаткычты кармап турган темирдин четин кесип алуу жолу менен чечишүүдө. Ал эми кыймылдаткычтын жарылып калган майказанын жамап коюшууда.

Ош шаардык автобустар паркынын жетекчиси Расулбек Мурзагулов бул иштердин баары заводдун эки жылдык кепилдигинин алкагында аткарылып жатканын билдирди:

- Бул кыйла олуттуу кемчилик экен. Бул боюнча заводдон адистерди чакырганбыз. Алар келип оңдоп атышат. Анткени бул автобустарга завод эки жыл кепилдик берген. Эки жыл аралыгында бузулуп калса, тетиктерин да өздөрү алып кетип оңдоп беришет. Бая бир автобус бузулган, аларды чакырдык, дароо келип оңдоп беришти. Азыр иштеп жатат.

Ош: жаңы автобустардын көйгөйү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:45 0:00

Бат бузулганы аз келгенсип, жаңы автобустар бир күндө 100 литрден май коротуп, мекеменин айласын кетирип жатат. Анткени күнүнө 100 литр май жеген автобусту айдаган айдоочу араң 600 сомдон план төгүүдө. Мындан сырткары 250 миң калкы бар делген Ош шаарында 89 миң адам акысыз жүрөт экен. Ага карабай шаардык троллейбустар паркынын жетекчиси Расулбек Мурзагулов автобустар чыгымын актайт деген ишенимде:

- Бул ЛИАЗдар майды көп керектейт экен. Мисалы, Кытайдын автобустары 100 чакырымга 25 литр ичсе, булар азыр 49 литр ичип жатат. Китебинде 45 литр керектейт деп жазылган. Жайда ошондой болсо керек деп турабыз. Анын үстүнө булар шаарда автотыгындарда турганы үчүн дагы көп чыгым тартып жатат. Бирок биз кредитти да төккөнгө, өзүн да актатканга аракет кылып жатабыз.

Шаар аткаминерлери мактанган 30 жаңы автобустун ар бири 6,5 миллион сомдон сатып алынган. Ал каражат Европа өнүктүрүү банкы 12 жылдык мөөнөт менен берген насыя болчу. Эми 30 автобустун ар бири өзүнүн 6,5 миллион сом деген баасын акташы үчүн 144 ай бою күн сайын 1,5 миң сомдон таза киреше бериши керек.

Бул Ош шаардык автобустар паркындагы көйгөйлөрдүн бир гана чети. Анткени андагы автобус жана троллейбустар четинен керектен чыгууда. Анын ичинен Кытайдан келген автобустардын сегизи 2010-жылдагы Ош окуясында талкаланган. Бирок Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы ал автобустарга компенсация төлөгөн эмес.

Ош шаарынын азыркы мэри Айтмамат Кадырбаев мэрликке келгенге чейин дал ошол мамлекеттик дирекциянын төрага орун басары болуп турган.

"Азаттыктын" архиви: Ошко жаңы автобустар келди. 10-декабрь, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG