Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Ош: Кадырбаев дагы бир көпүрө бүтүрдү


Жаңы салынган көпүрө
Жаңы салынган көпүрө

Ошто дагы бир көпүрөнүн ачылышы болду. Ак-Бууранын эки тарабындагы Исанов жана Ленин көчөлөрүн туташтырган жаңы курулуш мурдагы көпүрөдөн үнөмдөлгөн акчага салынды. Айрымдар жаңы көпүрөнү жүз жылдык муктаждыкты чечет деп аташса, башкалары зарыл эмес жерге курулду деп баалашууда.

Ош шаарынын Курманжан Датка (Түштүк-Чыгыш) жана Туран (Фрунзе) аймактарын бириктирүүчү жаңы көпүрө сегиз айдын ичинде толук бүткөрүлүп, ишке берилди. Бул калаадагы мындай масштабдуу курулуш үчүн рекорддук мөөнөт болду. Анткени “Ошто экинчи көпүрө курула башталды” деген кабар тараганда көпчүлүк анын бүтүшүнө анча ишенген эмес болчу.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бул курулуш артынан дагы башка саамалыктарды ээрчитип келээрин убадалады:

- Бул көпүрө Курманжан Датка, Туран жана Достук аймактык кеңешин, Төлөйкөн айылын бириктирип, аларга жол ачты. Эми миңдеген студенттер шаарды айланып каттабай, ушул жерден түз өтүшөт. Бул Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөгө бөлүнгөн акча каражатынан үнөмдөлгөн суммага курулду. Жаңы көпүрөдөн дагы 30 млн. сомдой каражатты үнөмдөп калды. Эми ага жакын арада үчүнчү көпүрөнүн курулушун баштайбыз.

Курулушка жалпы 78 млн. сом жумшалса, анын 43 миллиону көпүрөнүн өзүнө жумшалган. Калган сумма архитектуралык пландоо, дарыянын жээктерин тазалоо, көрктөндүрүү, техникалык көзөмөлдөө жана жол салууга коротулган. Курулушту “СуТрансПромЖилСтрой” компаниясы аткарган.

Ош: үнөмдөлгөн акчага көпүрө бүттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:07 0:00

Саамалыктын ачылуу аземине келген өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков да жакшы сөзүн аяган жок:

- Биринчи көпүрө башталганда абдан чоң саясатка айланып, кийин көпүрө бүтпөй, акча табылбай орто жолдо калган. Анан президентибиз Орусиядан атайын грант алып келип, курулушка деп атайын 669 млн. сомду бөлүп берген. Ошондон үнөмдөп, экинчи көпүрө бүткөнү колдоого алаарлык. Эми дагы ашкан акчага үчүнчү көпүрө курулуп жатканы бул өтө жакшы демилге, колдоого алаарлык көрүнүш. Бардык жерде ушундай үнөмдүү иштесе, мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалан көп ийгиликтер болот.

Жолдун жалпы узундугу 450 метр болсо, көпүрөнүн узундугу 36 метрди түзөт. Туурасы 22 метр. Бийликтер бул курулуштун сапатына кеминде 100 жылга кепилдик берүүдө. Шаардыктарга башкысы жаңы көпүрө айланма жолдордорду кыскартып, тыгындарды азайтканы жагып турат.

Шаардыктардын бири Нургүл Бакиева буларга токтолду:

- Жаңы көпүрө Ош шаарынын бардык эле жашоочуларына абдан жакты. Себеби көп ыңгайлуулуктарды жаратты. Башта улам бир маршрутканы которуп, айланып каттап келсек, эми бул жерден миңдеген автоунаалар түз өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Шаар бийликтери калкты ойлоп, эл үчүн иштеп жатканынын эң башкы көрсөткүчү ушул көпүрө.

Ал эми аксакал Балтагул Нурунбетов бул көпүрө жөн эле калаа тургундарынын муктаждыктарын чечпей, ынтымакка да салым кошоорун билдирди:

- Ак-Бууранын эки тарабын бириктирген эки-үч эле эски көпүрөбүз болчу. Элибиз, журтубуз канча жыл кыйналып, каттоо кыйынга турчу, тыгындар күндөп-түндөп катталчу. Мына, былтыр жаңы көпүрөлүү болдук эле, быйыл бизге Ош шаардык бийликтери дагы укмуш көпүрө белек кылды. Бул студенттер, шаардыктар үчүн толгон-токой муктаждыкты чечет. Көпүрө ошондой эле элдин ынтымагына, биримдигин да чыңдайт. Анткени ушундай чоң курулуштар элдин духун көтөрөт.

Сызыктар: көгү жаңы көпүрө, жашылы мурда бар көпүрөлөр, кызылы көпүрө жок, бирок өтө муктаж жерлер.
Сызыктар: көгү жаңы көпүрө, жашылы мурда бар көпүрөлөр, кызылы көпүрө жок, бирок өтө муктаж жерлер.

Ошол эле кезде айрым байкоочулар “азыркы мэрия калаанын мурдагы жетекчилигинен ашып. аброй табуу максатында көпүрөнү шашылыш куруп алды” деп сынга алышууда. Алар көпүрө алгач Ош кичи району менен Шейит-Төбө аймагын бириктирген жолго курулуш керек эле деп эсептешет. Анткени, тыгын эң көп жаралган көчөлөр ушул эки районго туура келет.

Серепчи Айбек Таалайбек уулу мындай дейт:

- Шаарда азыр тыгын эң көп орун алган көчө бул Масалиев проспектиси. Эртели кеч тыгын, көчөнүн бир башынан экинчи башына бир саатта араң чыгасың. Анткени Ош кичи району менен Шейит-Төбө тарапты бириктирген жол жок. Ошол себептен биринчи кезекте ушул жакка көпүрө куруш керек болчу. Албетте, Курманжан датка, Туранга да көпүрө зарыл эле, бирок азыр шаарда көпүрөгө эң муктаж аймак Ош жана Манас-Ата кичирайондору. Балким бул жакка көпүрө куруу кымбат болушу мүмкүн, бирок бул жакка көпүрө аба менен суудай керек. Бирок тескерисинче мэрия “былтыр бир көпүрө, быйыл бирди, келерки жылы бир көпүрө бүтүрдүк” деп мактануу үчүн алгач арзан бүтө турган жакка качырып жатат. Алар курулганы менен шаардагы тыгын эч качан азайбайт.

Деген менен Ош шаардык бийликтери жаңы бүткөн көпүрөнү куруу деле жеңил болбогонун айтууда. Алар бул курулушту баштардан мурда алгач мыйзамсыз берилген жерлерди толгон түйшүк менен кайтарып алышкан, дагы бир нече курулуштарды бузууга туура келген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG