Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Куруучу менен иш берүүчү чырдашууда


Кырсык мына ушул үйдө болгон.
Кырсык мына ушул үйдө болгон.

Ошто коогалаңда жабыркагандарга үй салып жаткан маалда бир курулушчу жабыр тартты. Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын карамагындагы курулушта Бөрүбай Мамашевдин бутун 3 тонналык бункер басып калган.

Ооруканада 40 күн жатып, операцияга жана дарыланууга 200 миң сомго жакын каражат кетти. Мамашев курулушту аткаруучу “Ош Айылкурулуш” фирмасы эч кандай жардам көрсөтпөгөнүн айтат. Ал эми аталган мекеме кырсыкка Бөрүбай Мамашев өзү күнөөлүү экенин, иш учурунда ал мас абалында болгонун ачыктоодо.

Балдак менен басып калган Бөрүбай Мамышевдин сол бутун Оштогу 5 кабаттуу үйдүн курулушунда бункер басып калган. 40 күндөн бери ооруканада жатып, ал жаңы эле операциядан чыкты:

- 20-апрель күнү жумушта болчум. Прораб Алымжан Турдуев “ошол жерде иштеген Абдыманап деген уулума жардам бер” деп калды. Барбасам сөгөт болчу. Анан уялганыман да барып жардамдашып жаткам. Ал менин ишим эмес болчу.

Ал жерде кранга илинген 3 тонналык бункердин бир илинчеги чыгып кетиптир. Бир маалда илинчеги чыгып кеткен жагы мага карап айланып кетип, басып калды. Мен эсимди жоготуп коюптурмун. Бутум сынып калыптыр.




30 батирлүү бул үй Ошто былтыркы коогалаңда жабыр тарткандар үчүн салынып жаткан. Бөрүбай Мамышевдин айтымында, курулушту аткаруучу “Ош Айылкурулуш” фирмасы аны “бутум курулушта эмес, башка жерде сынды” деп айтуусун талап кылышкан. Муну менен жабырлануучунун дарылануусуна кеткен каражатты толук көтөрүп бермек болушкан.

Насират Татенова
- Бул жерде махинация кылышты. “Бөрүбай аке, сен бутуңду үйдө иштеп атканда эле темир түшүп кетип сынып калды деп айт, баарын бүтүрүп беребиз” дешкен. Алым аке менен көптөн бери иштешчү элек.

“Уят кыласыңбы?” дегенинен макул деп койгом. Өндүрүштүк жараат экени билинбесин деген ойдо ушундай кылган экен. Эртеси бир жолу келип, анан жолобой коюшту.


Жабырлануучунун эжеси Насират Татенова инисинин иши боюнча кайрылбаган жери калбаганын айтууда. Акыйкаттык издеп, алар шаардык прокуратурага да арыз жазган:

- Бөрүбай үй салып жатып жабыркады. Булар бир адамды ушинтип алдап, жардам бергилери келбей атат, анан миңдеген адамга көмөк көрсөтөт деп ким ишенет? Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын жетекчисине кирип айтсам, “биз каржылайбыз, башка иштерине кийлигишпейбиз” деп койду. “Ош Айылкурулуштун” чоңдору болсо мени такыр жолоткулары жок.

Иш берүүчүлөр макул эмес

Курулушту аткаруучу “Ош-Айылкурулуш” ишканасы окуяны башкача мүнөздөөдө. Мекеменин эсебинен алар жабырлануучунун дарылануусуна 40 миң сом көмөк көрсөтүшкөн. Фирманын директору Азамат Исмаилов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Эми иштин баарын сот аркылуу чечишебиз. Алар бизден 40 миң сом жардам алган. “Эч кандай доом жок” деп калган. Анан кайра эле сотко, прокуратурага арыз жазып чуу көтөрүүдө. Соттун чечими кандай болсо, биз ошону аткарабыз.

Азамат Исмаиловдун айтымында, курулушта жумушка кирип жатканда ар бир киши техникалык коопсуздук эрежесине сөзсүз кол койот. “Ошол эрежени Бөрүбай Мамышев өзү сактаган эмес” дейт ал:

- Ал башында “техникалык коопсуздук эрежелерин сактайм” деп кол койгон. Ар бир айда койот. Акыркысын 1-апрелде койгон. Анын баары жазылып турат. Өзү жооп берет. Анын үстүнө ал ошол күнү мас болчу. Ишенбесеңер медициналык текшерүүнүн жыйынтыгын карап көргүлө.

Алымжан Турдуев
Ишкана жетекчисинин мындай пикирин курулуштун прорабы Алымжан Турдуев да бышыктайт. 20-апрелдеги окуяны ал мындайча эскерет:

- Кайсы жерден ичип алганы белгисиз.

Анан “мындай абалда иштей албайсың, кет” десем, “мен бүгүн төрт саат иштеп койдум, айлык жазылбай калат” деп болбой койгон.

Ал өзү ары жакта цемент аралаштырчу. Тиги жерде балдар бетон түшүрүп атса, жүгүрүп келе калыптыр. Мас неме крандын алдына туруп алган экен. Анан бадья айланып, бутуна тийип кетиптир.




Анткен менен жабырлануучу Бөрүбай Мамышев иш учурунда кызуу абалда болгонун четке кагууда. “Жоопкерчиликтен качуу максатында ишкана ээлери мага ушундай жалаа жабууда” дейт ал.

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы менен байланышканыбызда, алар курулушка жөн гана буйрутмачы экендигин жана бул маселени жабырлануучу менен “Ош Айылкурулуш” мекемеси өз ара чечиши керектигин билдирди.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG