Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:23

Чоң-Алай: компания менен элдин бүтпөгөн тиреши


Кыргыз-кытай "Кайди" компаниясынын имараттары. Чоң-Алай, 17-август, 2012.
Кыргыз-кытай "Кайди" компаниясынын имараттары. Чоң-Алай, 17-август, 2012.

Жергиликтүү бийлик Чоң-Алайдагы Кара-Казык алтын кенин иштетүүчү "Кайди" компаниясы кайра ишке киргенин жарыялады.

Бирок жергиликтүү активисттер "Кайди" менен жергиликтүү элдин ортосундагы талаштуу маселелерге али чекит коюла электигин билдирүүдө. Үч жылдан бери токтоп турган Кара-Казык алтын кенин өндүрүү кайра кандай шартта иштей баштады?

Жергиликтүү элдин каршылыгынан улам үч жылдан бери токтоп турган кытайлык "Кайди" компаниясы Кара-Казык алтын заводун кайрадан ишке киргизди. Бул үчүн "Кайди" компаниясы заводго жумушчулардын 80% жергиликтүү элден алып, райондун өнүктүрүү фондуна 10 миллион каражат төктү.

"Кайди" компаниясынын жетекчиси Акылбек Жакыпбаев жергиликтүү эл менен тил табыша алдык деп жарыялады.

- Иш жакшы, эл менен келиштик. Мурда кенди айылдардын арасындагы жолдор менен заводго ташып келчүбүз. Азыр айылдарды айланып өтө турган жаңы жол, көпүрөлөрдү курдук. Үч-төрт айдан бери эл менен жолугушууларды өткөрдүк. Мына, ишти баштап алдык.

Кайра жанданган алтын заводдун ишин өкмөттүн Ош облусундагы жаңы өкүлү Таалайбек Сарыбашев көрүп кайтты. Ал "Кайди" компаниясынын иштеши эл үчүн пайдалуу экенин жергиликтүү тургундар түшүнүшү керек дейт.

Таалайбек Сарыбашев
Таалайбек Сарыбашев

- Бул завод 2009-жылдан бери Социалдык фондго 11 миллион сомдой төгүптүр. Жергиликтүү элге 50 миллиондой жардам бериптир. Завод өкүлдөрү мындан ары да жардамыбызды аябайбыз деп атышат. Биз да элге түшүндүрүп, айтып атабыз. Себеби ишканаларды штетиш керек. Салык түшпөсө, акча келбесе өнүгүү болбойт да. Мына, Кытай ташты да, сууну да, кенди да элге иштетип отуруп өнүгүүдө.

Бирок жергиликтүү активисттер бийликтин завод эл менен тил табыша алды деген билдирүүлөрүн төгүндөп жатат. Алар азырынча мурда казып алынып, бирок Чоң-Алай элинин каршылыгынан улам орто жолдогу жайлоого убактылуу төгүлгөн 30 миң тонна таштан арылуу үчүн гана заводдун иштешине уруксат берилгенин айтышууда.

Райондун өнүктүрүү фондунун жетекчиси Алтымыш Акимов Кара-Казык кенин толук иштетүүгө тоскоол болгон дагы бир нече чечиле элек маселелер бар деп билдирди.

"Кайди" компаниясы, Чоң-Алай.
"Кайди" компаниясы, Чоң-Алай.

- Биз эл жайлай турган жерге убактылуу төгүлгөн кенди тазалап кетишсин деп, ошону гана иштетүүгө уруксат бердик. Кенди толук казып иштетүү тууралуу сөз болгон эмес. Муну ишкерлер да, бийлик өкүлдөрү да жакшы билишет. Себеби элдин талаптары аткарыла элек. Мисалы, Кара-Казык кенинде алтындын запасы канча экени ачык айтылбай жатат. Бирөө 600 килограмм, бирөө 700 килограмм, дагы бири эки тонна алтын бар дейт. Алтындын көлөмү так айтылышы керек. Андан сырткары алтынды өндүрүү иштери ачык болуш керек. Анткени концентратты Кытайга алып барып, көлөмүн азайтып, айтып жатышат. Кыргызстан боюнча бирдей стандарт болсун. Мисалы, Андаш жергиликтүү элге жылына 120 миллион сом берип жатат. Ал эми булар 170 гектар тоону бузуп жергиликтүү элге жылына 10 миллион сом гана бергенге даяр экен. Бул эч кандай деле акча эмес да. Ушуга окшогон маселелер чечилгенде гана кендин иштешине эл макул.

Ош облусунун Чой Алай районундагы Кара-Казык алтын кенин иштетүүгө кытайлык "Кайди" фирмасы 2010-жылы эки лицензия алган. Эки бөлүктөн турган Кара-Казык алтын кенинин жалпы аянты 170 гектар жерди ээлейт. Кенде 700 килограмм алтын запасы бар.

Кытайлык "Кайди" фирмасы райондогу заводдо пайдалуу металлдардын жыйындысын гана ажыратып алат. Ал чийки затты алтынга айлантуу иштери Кытайда жүргүзүлөт. Кара-Казык кенинен алтындан сырткары күмүш жана жез да алынат. Бирок анын көлөмү канча экени белгисиз.

XS
SM
MD
LG