Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Ош: чөө айылдын айласын кетирди


Мамажандык Кенже Досбаев өз алдынча эки чөө кармады.
Мамажандык Кенже Досбаев өз алдынча эки чөө кармады.

Кара-Суудагы Мамажан айылында чөөлөр көбөйүп, адамдарга тиш сала баштады. Жырткычтар мүрзөдөгү сөөктөрдү казып жеп, айбандарга асылган. Ошого карабай ушу кезге дейре мергенчилер жардамга келе элек. Айласы кеткен жергиликтүү тургундар чөөлөр менен өз алдынча күрөшө баштады.

Чөөлөрдүн көбөйүшү мамажандыктардын эсин эки кылып, түзүк эле дүрбөлөңгө түшүргөндөй. Көпчүлүк кечкисин ээн-эркин басуудан кооптонсо, окуучулар мектепке жөө каттабай калышкан.

5-класстын окуучусу Анара Мырзабаева билгендерин ортого салды:

- Чөө-бөрүлөрдү биз деле көрүп жатабыз. Күндө үйүбүздүн жанында улуп жатышат. Эжемдер коопсуздук үчүн бизди дайыма маршрутка менен каттагыла деди. Себеби айылда чөөлөр аябай көбөйүп кетти. Ал тургай адамдарга да кол салыптыр. Бир адамдын бутун тиштептир, бирөөнү кубалаптыр.

Чөөлөр күн сайын адам сөөктөрүн казып салууда
Чөөлөр күн сайын адам сөөктөрүн казып салууда

Аз күн мурдараак чөөлөр ондогон тоокко, бир нече жандыкка тиш салып, жеп салышкан. Ач калганда жырткычтар көбүнчө бейиттеги сөөктөрдү чукуп, кажып ташташууда.

Мамажан айылынын башчысы Жаныбек Бакиев:

- Бизди эң кыжырдантканы мүрзөлөрдү ачып, адамдардын сөөктөрүн жеп жатканы. Жегенден калганын чачып салып жатат. Эми күз келип, мал жайлоодон түштү. Чөөлөр малга да тиш салбайбы деп чочулап турабыз. Балдарга да кооптуу болуп турат.

Бакиевдин айтымында, жергиликтүү бийликтер тарабынан буга чейин аңчылар бирикмелерине жана башка органдарга бир нече билдирүүлөр жөнөтүлгөн. Бирок ушу кезге чейин мергенчилер келе элек.

Айыл боюнча 10 чакты жерге тузак коюлду
Айыл боюнча 10 чакты жерге тузак коюлду

Мамажан айылы баш ийген Кара-Суу районунун Жоош айыл округунун ветеринардык кызматкери Жолдубай Жороев буларга токтолду:

- Айыл башчысынан бизге билдирүү түшкөн. Ошонун негизинде биз аңчылык департаменти менен келишим түздүк. Бир-эки күндө акча маселеси чечилип калса, алар чөөлөрдү жок кыла башташат. Мергенчилер “чөөлөр аябай куу жаныбар болот, аны атып жок кылуу аябай оор, татаал маселе” дешти. Ошого аларга кеминде бир-эки апта убакыт кетет экен. Бийликтер көңүл бурбай жатат деген сөздөр жалган, биз да жагдайга кабатыр болуп, кооптонуп жатабыз. Жакын арада сөзсүз чара көрөбүз.

Деген менен ага чейин мамажандыктар чөөлөр менен өз алдынча күрөшө баштаган. Азыр өйдө-төмөн кеминде 10 чакты жерге тузак, капкан коюлган. Аны айылдык демилгечилердин бири Кенже Досбаев өзү колго алган:

Акыркы он күндүн ичинде мамажандыктар эки чөөнү колго түшүрдү.
Акыркы он күндүн ичинде мамажандыктар эки чөөнү колго түшүрдү.

- Көрүстөндөн баштап айылдын башына чейин тузак коюп чыктым. Тузактан өтүп кетсе деп капкан да койдум. Ушул күнгө дейре экөөнү кармадым. Бири тузакка, экинчиси капканга түшкөн. Чөөлөр абдан ачка окшойт, капканга түшкөнүн өздөрү эле жеп салыптыр. Кантсе да айылдыктардын үрөйүн учурган чөөлөр азырынча толук жоголгон жок. Жалпы 11 чөө көрүшкөн экен, азыр тогузу калды окшойт. Бирок балким андан да көп болушу мүмкүн. Ошого кыштактагы ар бир үйгө эскертүү берилип, балдарды жана мал-жандыкты жакшылап кароо тууралуу эскертүүлөр берилди.

Мыйзам боюнча Кыргызстанда бир чөөнү жок кылууга 2000 сом берилет. Бирок аны берүү процесси абдан татаал болгондуктан жырткыч менен күрөшүп жаткан мамажандыктар акча алууга аракет кылышкан жок. Алар үчүн азыр биринчи кезекте айылдыктардын коопсуздугу маанилүү болуп турат.

Мамажан кыштагында 700дөй кожолукта үч миңдей адам жашайт.

Ош: айыл эли чөөдөн тажады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG