Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Дыйкандарды үлүш жерден ажыраткан чечим


Ачы массиви
Ачы массиви

Ош шаарына караштуу Озгур айылынын жүздөй тургуну нааразылык акцияга чогулушту. Буга алардын үлүшкө берилген 112 гектар кайрак жер жеке адамдардын колуна өтүп кеткени себеп болду. Ош шаардык мэриясы өз карамагындагы жердин жең ичинен сатылышына байланыштуу азырынча чара көрө элек.

Нааразылык акцияга чыккандардын бири Озгур айылынын мурдагы айыл башчысы Абдыкадыр Орозбаев 24 жыл мурда жер мыйзамдын негизинде берилгенин айтты:

- 1992-жылы Ош облусунун ошол кездеги губернатору Абдыганы Эркебаевдин токтому жана 1995-жылы Аскар Акаевдин буйругу менен биздеги ар бир жанга ушул жер беш сотыхтан бөлүп берилген. Ошол жылдардагы "Жер реформасы жөнүндө" мыйзам чыккандан бери биз беймарал эле жүргөнбүз. Минтип жең ичинен сатылып кетери деги оюбузга келбептир.

Умарбек Атабеков
Умарбек Атабеков

Орозбаевдин айтуусун боюнча Ош шаарынын түштүк-чыгыш тарабындагы 112 гектар кайрак жер Кара-Суу райондук сотунун чечими менен жеке адамдарга кеткен.

- Кечээ референдум өткөндөн кийин мага айыл башчы келди. "Озгурлуктардын 112 гектар жери жеке менчикке өтүп кетиптир" деп соттун чечимин көтөрүп алыптыр. Ал жер бизге 99 жылга берилген эле го. Аны кандайча алып коет десем жооп бере алган жок. Соттун ошол чечимин көрүп оозум ачылып калды. Менде ошондон бери уйку жок.

Озгур айылынын аксакалдар сотунун төрагасы Умарбек Атабеков эгерде озгурлуктардын жери жеке адамдардын колуна өтүп кетсе улуттар аралык жаңжал чыгып кетиши мүмкүн деп эскертти.

- Азыр Он-Адырга бул жердин алты сотыхы 3 миң доллардан сатылат деп жарыя берилип жатыптыр. Эгерде бул соода кышы менен жүрө берсе, эртең жазда эч нерседен бейкапар жаткан озгурлуктардын жерин сатып алгандар менен биздин ортобузда талаш чыгат. Буга азыр жергиликтүү бийлик да, укук коргоо, коопсуздук органдары да көңүл бурбай жатышат.

Айыл тургуну Абдусалам
Айыл тургуну Абдусалам

Озгур айылынын Абдусалам аттуу дагы бир тургуну 112 гектар жерди 21 жылдан бери иштетип жаткан озгурлуктар жердин бардык салыктарын төлөп келатканын айтып, бийликтер Кара-Суу райондук сотунун чечимин жокко чыгарышы керек деди.

- 1993-жылы чыккан токтомдун негизинде бул жерге мамлекеттик акт алынган. Бирок ошол жылдары Мамлекеттик каттоо кызматы деген орган түзүлө элек болгондуктан катталбай калды деген шылтоо менен Ош ГИРОЗЕМ ишканасы Кара-Суу районуна бизде каттоодо жок деген кат берип койгон. Негизи бул жер Жапалак айыл өкмөтүнүн жери. Биз 21 жылдан бери жердин салыгын, Соцфонддун салымын төлөп келатабыз. Бул жерде 2300 адамдын үлүшү бар. Биз эми ошол Кара-Суу райондук сотунун чечимин жокко чыгарып берүүнү бийликтерден суранабыз.

Жамшит Абылов
Жамшит Абылов

Ош шаардык бийлиги өз карамагында турган жердин жең ичинен жеке менчикке өтүп кеткенине байланыштуу эч кандай чара көрө элек. Шаардык Жапалак айыл өкмөтү болсо жерлери жеке адамдарга өтүп кеткени тууралуу Кара-Суу райондук сотунун чечими тууралуу озгурлуктарга кабарлап коюу менен гана чектелишкен. Айыл өкмөттүн жер адиси Жамшит Абылов буларды айтат:

- Кара-Суу райондук сотуна биз али кайрыла элекпиз. Бирок Мамлекеттик каттоо кызматына "силердин кадамыңар туура эмес" деп кат жаздык. Соттун чечими тууралуу элге кабарладык. Эми эл Кара-Суу райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу үчүн прокуратурага азыр жазышты.

Сөз болуп жаткан жерди “Ош строй” жана “Ошводстрой” ААК атынан Рустам Сулайманов жана Сатымкул Назаралиев деген жарандар менчиктештирип алган деген сөздөр жүрүүдө. Бирок алар кандай жол менен менчиктештирип алганы жөнүндө эч нерсе билдире элек. "Азаттык" радиосу аты аталган жарандар менен байланышууга аракеттенгени менен майнап чыккан жок. Алардын ой-пикирине орун берүүгө даярбыз.

Жер талашка жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кош көңүл мамилеси Озгур айылынын тургундары арасында ар кандай түкшүмөл имиштердин таралышына жол ачууда.

Бул арада сөз болуп жаткан жерге четинен там салына башташканы маалым болду. Озгурлуктар өздөрү иштетип жаткан кайрак жерди дайыма көзөмөлдөп тура алышпайт. Анткени ал жер Озгур айылынан 20 чакырымдай алыстагы Ачы массиви деп аталган адырда жайгашкан. Ошол эле учурда озгурлуктардын үлүш жери Он-Адыр айылына жакын турат.

Ош: дыйкандар үлүш жерсиз калышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:26 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG