Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Ош: Дааватчылык убактылуу токтотулат


Ош шаардык жетекчилиги калаа аймагында даават иштерин убактылуу токтотуп туруу керектигин айтып чыкты. Жергиликтүү бийлик мындай чечимин учурдагы кырдаал менен байланыштырууда. Мындай демилгени шаардыктар колдоого алышууда. Ал эми динаятчылар эки элдин ынтымагын чыңдоодо дааватчылар маанилүү ролду ойноп жатканын айтып, мындай чакырыкка макул эместигин билдирүүдө.

Алмаз өзү студент. Ар дайым беш убак намаз окуп жүрөт. Апта аяктап, сабагы бүткөндө ал достору менен шаар ичинде, шаардан сырткаркы айылдарга дааватка чыгып келүүнү адатка айлантып алган:

- Ишемби күнү борбордук мечиттен бөлүнүп чыгып кетебиз. Шаарда, шаардын четиндеги айылдарга барабыз. Көчөлөрдү кыдырып жаштарды, тургундарды мечиттерге чакырабыз. “Гач” деп коет, анан ал мечиттерден гач болуп шайланат да, аср намазынан кийин баян кылышат. Ал жерде укмуш сөздөр айтылат. Мындай дааваттар күндө болуп турат.

Бирок Ош шаарынын аймагында даават иштерин убактылуу токтотуп турууну шаардык жетекчилик сунуш кылууда. Жетекчилик мындай чечимин калктын өтүнүчү менен байланыштырууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын аймактык бөлүмүнүн өкүлү Исакбек Мурзабековдун белгилешинче, бул адегенде коопсуздук менен байланыштуу болуп жаткан экен:

- Ушул тартипсиз, масштабдуу жүрүп жаткан дааватчылык ишин кандайдыр бир экстремисттик топтор өз кызыкчылыктарына пайдаланып кетпесин деген коркунуч болуп атат. Бул жерде мамлекет динге каршы болууда деп түшүнбөш керек. Болгону ошол даават процессин радикалдашкан уюмдар пайдаланып кетет деген кооптонуу бар.

Дааватчылар
Исакбек Мурзабековдун айтымында, дааватка чыгып жүргөндөрдүн арасында да радикалдашкан исламдын мүчөлөрү болуп калуу коркунучу бар:

- Дааваттын ким жүргүзүп атат? Булардын негизги уюштуруучулары, өзөгү жанагы Пакистандагы “Таблигый жамаат” деген кыймылы болуп атпайбы. Бул кыймылдын тарбиясынан өткөн балдардын айрымдары ошол эле Өзбекстан Ислам кыймылында жана башка террордук топтордун мүчөсү болуп калган фактылар бар.

Ал эми дин өкүлдөрү жергиликтүү бийликтин мындай чечимин нааразылык менен кабылдоодо. Ош шаарынын казысы Шакир ажы Маматов ушундай кырдаалда эки элдин ынтымагын чыңдоодо дааватчылардын орду чоң болуп жаткандыгын айтууда. “Аны токтотуу бир гана муфтият тарабынан болушу мүмкүн”,-дейт ал:

- Дааватты элибиздин тынчтыгы үчүн убактылуу токтотуп туралы деп айтып жатышат. Бирок мен буга казы катары уруксат бере албайм. Себеби аны убактылуу болобу, башка болобу токтотуп турууну Кыргызстан азирети муфтийи Чубак ажы Жалилов гана чечет. Биз аткаруучу бийликпиз. Эгер ал жактан бизге кагаз түрүндө буйрук келсе биз аткарабыз.

Анткен менен калаа аймагында дааватчылык иш аракеттерди токтотуп туруу демилгесин шаардын тургундары колдоого алууда.

Ош шаарынын тургуну Нургүл Алимбетова соңку окуялардан кийин башкача кийинип алып, көчөмө-көчө кыдырган дааватчылар кооптонууну жаратып жатканын белгилөөдө:

- Азыр кырдаал кооптуу болуп, жанагындай террордук актылар болуп кетүүдө. Анан эл аралап дааватка чыккандар узун кийинип, сакал коюп алышат. Айрымдары “булар ким болду экен” деп кооптонушу мүмкүн. Ошол себептү мэриянын бул аракеттерин колдойм.

Ош шаарында быйылкы жыл Улуттар аралык ынтымакты чыңдоо жылы деп жарыяланганы, шаардагы имамдар даават кылып алгачкы ишти өткөрүп беришкен.

Бул аралыкта аймакта радикалдашкан диний кыймылдар баш көтөрүп жатканы байма-бай айтылып келүүдө. Түштүккө болгон иш сапарында президент Роза Отунбаева да “Хизб-ут Тахрир” уюмунун мүчөлөрү көбөйүп кеткендигин белгилеген.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG